Аймак

Дурусбек РАХМАНОВ, “Жалалабатэлектро” ААКтын башкы директору: “2020-ЖЫЛ КОМПАНИЯБЫЗ ҮЧҮН ЖЕМИШТҮҮ ЖЫЛДАРДАН БОЛДУ”

Дурусбек РАХМАНОВ, “Жалалабатэлектро” ААКтын башкы директору: “2020-ЖЫЛ КОМПАНИЯБЫЗ ҮЧҮН ЖЕМИШТҮҮ ЖЫЛДАРДАН БОЛДУ”

 1,911 Бардыгы /

Күн-түн дебей, жайдын чачыраган ысыгы, кыштын беттен алган ызгаарындагы жумуш, дем алыш күндөрү кадимкидей иш күнгө айланган, булардын бардыгы энергетиктер үчүн адаттагыдай көрүнүш. Бүгүн аталган кызматкерлердин кесиптик майрамы. Аны утурлай редакциябыз “Жалалабатэлектро” ААКтын кеңсесине баш бакты. Учурда ири ишкананы башкарып, миңден ашуун кызматкерди жетектеп жаткан Дурусбек Рахмановду облуста кандай ийгиликтерди жаратып жаткандары тууралуу маекке тарттык.

-Саламатсызбы Дурусбек мырза, жаңы жылга утурлап кирип келген майрамыңыздар менен куттуктайбыз, алгач эле компанияңыздар тууралуу кыскача маалымат берип өтсөңүз?

-Рахмат. Биздин компаниянын негизги иш-милдеттери 35-10-6-0,4 кВ электр тармактары аркылуу электр энергиясын бөлүштүрүү жана сатуу, колдонууга уруксат берилген кубаттуулуктагы электр энергиясы менен керектөөчүлөрдү коопсуз, ишенимдүү жана сапаттуу эң башкысы үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан башка бардык аймактарындагы керектөөчүлөрдү электр тармактарына кошуу болуп саналат. Биздин ишкананын түзүмүнө 12 район электр тармактары, 2 электр энергиясын сатуу ишканасы, 7 өндүрүштүк кызмат жана 14 бөлүм кирет.

-Пандемия өлкөбүздө бир канча ишканалардын ишин аксатты,Сиздерде бул жаатта кандай болду?

-Узап бара жаткан жылда биздин компания чоң жумуштарды жасадык десем болот. Анткени жыл башында алдыбызга койгон иш-мерчемдерибизди өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабастан элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздап, ошол эле шартта капиталдык, утурумдук оңдоп-түзөө жумуштарын өз убагында алып бардык. Мисалга, 11 айдын жыйынтыгы менен 6-10-0,4 кВ кошумча трансформатордук пункттардан 29 даананы куруп, ашыкча күч келип иштеп жаткан 70 даана трансформатордук пункттарда кубаттуулукту жогорулаттык.  35/10 кВ «Благовещенка» көмөк чордонуна 35 кВ кубаттуулуктагы 2 даана 10 кВ 9 даана заманбап вакуумдук жандырып-өчүрүүчү аппараттарды койдук. Бул кезге чейин аталган көмөк чордондо май өчүргүчтөр иштеп келсе, эми акыркы үлгүдөгү аппараттар аркылуу жумуштар уланат.Эски май өчүргүчтөр 12 жолу авариялык өчүп-жануу катталса, оңдоону талап кылат, ал эми жаңы вакуумдук өчүрүп-жандыруучу аппарат 45 миң жолку авариялык өчүп-жанууга туруштук берет.

-Райондордо кардарды тейлөө борборлору ишке киргени айтылган, анын артыкчылыктары кандай?

-Ооба, ушул жылдын жаз айларында Базар-Коргон, Ноокен районунун электр тармактар ишканасынын базасында “Кардарларды тейлөө борборлору” ишке кирди. Бул жайда абоненттин арыз-буюртмаларын кабыл алуу, эсеп дүмүрчөктү чыгарып берүү, техникалык кароого документ тапшыруу сыяктуу электр энергиясына тиешелүү жумуштар бирдиктүү багытта жүргүзүлүп, кардарлар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар жаратылды. Мурдагыдай төлөмдөрдү кабыл алуучу жайда кезек күткөндөр болбойт, анткени төлөм жүргүзүү үчүн кошумча терминалдар коюлуп, мында иштеген адистер кезексиз тейлеп жатышат.

-Жарандар электр энергиясынын төлөмүн өз учурунда төлөбөгөндөрү көп. Бул багытта кандай иш алып баруудасыздар?

-Жыл сайын калктын колдонгон электр энергиясына болгон төлөмдөрдү жүргүзүүдө мамиле өзгөргөнү байкалууда. Үй-тиричилигине керектөөчүлөр өз убагында төлөм жүргүзүп жатышат. 2020-жылдын 11 ай аралыгында калктын дебитордук карызын 3,5 миллион сомго кыскартканга жетиштик. 2020-жылдын 1-январына калктын электр энергиясына болгон дебитордук карызы 54 279,3 миң болсо, ушул эле жылдын 1-декабрына күнүнө 50 784,4 миң сомго кыскарды. Тактап айтканда 3,5 млн. сомго же 6,4% төмөндөдү. Үйдө отуруп эле электр энергиясына болгон карызын төлөп койгонго мүмкүнчүлүктөр көбөйдү. Ал эми өнбөгөн эски карыздардын үстүнөн иш алып барып жатабыз.

-Быйыл жарым кылым жарыгы жок жашаган айылга жарык барды. Ошол боюнча айтсаңыз?

-Чынында бул саамалык менен өлкөдө энергетика тармагында тарыхый иш жасадык десек болот. Анткени өлкө боюнча 5 айылга электр энергиясы жетпеген болсо, анын бири биздин облустагы Жазы-Кечүү айылы болчу. Бул айыл район борборунан 100 чакырым алыс жайгашып, айылда 101 түтүн 500гө жакын эл жашайт. Жергиликтүүлөр жыл сайын бийликтин бардык бутактарына кайрылуу жасап келишкени менен ушул жылга чейин электр жарыгы жеткен эмес. Анткени, оор техникалар жүрө турган жол дагы жок, ошол эле учурда каражат маселелеси дагы көйгөй болчу. Ушундай татаал маселелерге карабастан биздин компания алдыга максат коюп, жыл башында иш-мерчемибизге киргиздик. Компаниянын  каражаты, өзүбүздүн күчүбүз менен эки ай аралыгында элди электр энергиясы менен камсыздай алдык. Бул чоң жетишкендик. Кыска мөөнөттө 6 бригаданы ишке салып, эзели жарык жетпеген Жазы-Кечүү айылын 1-сентябрда электр энергиясын бердик. Бул жумуш биздин компания үчүн тарыхый жумуш болду десем болот.

-Алдыга койгон максаттарыңыздар кандай?

-Саналуу күндөрдөн кийин жыл жаңырат, биздин компания дагы алдыга чоң максаттарды коюудабыз. Элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн электр жабдууларын кайрадан калыбына келтирүү, жаңы аба чубалгыларды, электр орнотмолорду куруу, автопаркты жаңылоо жана кызматкерлердин иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды жаратып берүүнү күчөтөбүз. Андан сырткары Базар-Коргон районунун Ачы, Токтогул районунун Толук айылдарына участкалык бөлүмдөрдүн жаңы имараттарын курабыз. Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын азыркы имараты абдан тар жана эски, ошондуктан жаңы имарат курууну планга киргизгени жатабыз. Таш-Көмүр, Токтогул шаарларына “Кардарларды тейлөө борборлорун” жакынкы күндөрдө ачабыз.

-Маегиңизге чоң ыракмат. Кесиптик майрамыңыздар менен! Ар бир үйдө жарык менен жылуулук болсун!

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17