Аймак

ЖУГУШТУУ ИЛДЕТКЕ ЧАЛДЫККАНДАР КӨБӨЙҮП, ОШ ОБЛУСУ “КЫЗЫЛ ЗОНАГА” КИРГИЗИЛДИ

ЖУГУШТУУ ИЛДЕТКЕ ЧАЛДЫККАНДАР КӨБӨЙҮП, ОШ ОБЛУСУ “КЫЗЫЛ ЗОНАГА” КИРГИЗИЛДИ

 741 Бардыгы /

 Кыргызстанда соңку саттарда коронавирус жуккан 619 учур катталды. Аталган дарт бир күн мурда 526 кишиден дагы табылып, жети бейтаптын өмүрүн дароо кыйды. Бул былтыркы ноябрь айынан берки эң чоң жана өтө эле кооптуу көрсөткүч! Дал ушунун кесепетинен Ош облусу кайрадан “кызыл зонага” киргизилип, айрым чектөөлөргө дагы тушугуп олтурат.

Быйылкы июнь айынын алгачкы күнүнөн тартып эле коронавирустан 73 мекендешибиз ажал тапты. Күн сайын жок дегенде беш-жети киши коркунучтуу илдеттин курмандыгына айланып баратат. Ооруну жуктургандар саны дагы улам көбөйүп кеткендиктен, Ош облусу ушул жылдын 8-июнунан баштап кайрадан “кызыл зонага” айландырылды. Чындыгында, мындан башка аргабыз калган жок!

Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Кылычбек Мамашарипов аймакта социалдык эрежелер таптакыр эле сакталбай жаткандыгын эми гана ачык моюндады.

  • Соңку суткада биздин аймакта жүздөн ашуун адам коронавируска

чалдыгышты.  Бул деген күн өткөн сайын илдеттин жайылуу коркунучу уламдан улам жогорулап бараткандыгын гана таасын айгинелейт! – деп тызылдады Ош аймактык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кылычбек Мамашарипов. – Аймакты “кызыл зонага” киргизүүнүн жападан жалгыз эле максаты – кырдаалга жараша иш-аракеттерди күчөтүү, ошондой эле жоопкерчиликти дагы ого бетер арттыруу. Анткени, жашырып не, социалдык аралыктар дээрлик сакталбай эле калбадыбы. Беткапты милдеттүү түрдө тагынганды дагы таптакыр унуттук!

          Министрлер кабинетинин  Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, келе жаткан айдын – июлдун башына дейре белгиленген концерттик Программаларга, майрамдык жана мааракелик шаң-салтанаттарга, спорттук млдештерге жана башка дагы маанилүү иш-чаралардын баардыгына тең кайрадан чектөөлөр киргизилди. Буга ылайык коомдук автоунаалар жүргүнчүлөрдү 60-70 пайыздан ашык толтурбашы кажет! Беткап кийүү, санитайзер, аралык жана ушул өңдөнгөн эрежелер так сакталышы абзел! Бул талаптардын так аткарылышын көзөмөлдөө иретинде күтүүсүз рейддер дагы жүргүзүлүп турмакчы. Айла таптакыр куруганда кошумча мобилдүү топтор уюштурулат. Шаарлардагы жана райондордун борборлорундагы бардык базарларда апта сайын санитардык күн сөзсүз түрдө өткөрүлөт.

  • Тойканалар, ресторан-кафелер жана ашканалар алгоритмге ылайык

нукура орундуктардын  элүү пайызын гана толтурууга милдеттендирилди! Орто жана жогорку окуу жайлардын баары онлайн тартибине аргасыздан көчүрүлдү. Ал эми коомдук транспорттогу адамдардын саны да 60-70 пайызга чейин болушу керек! Мындан тышкары коомдук транспорт ар бир каттамдан кийин сөзсүз дезинфекцияланып турат, – деди Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жарасул Абдыраимов. – Кокус эпидемиялык кырдаал дагыле жакшырбаса, анда ушул жылдын 1-июлунан тартып той-аштарга жана коомдук жыйындарга дагы таптакыр тыюу салынат. Буга улай билим берүү мекемелери бүт аргасыздан он-лайн режимине милдеттүү түрдө көчүрүлөт.

Баса, дасыккан дарыгер Нурлис Токебаев өткөн жылдын жаз айларында Орусиядан отузга чукул дарыгерди Ош жергесине өзү баштап келген эле. Азыр дагыле Кыргызстандын түштүк башкалаасында иштеп жаткан дарыгер Кыргыз Өкмөтү коркунучтуу илдетти ооздуктоо максатында чукул арада ашкере катаал чараларга барышы зарылдыгын ачыктады.

  • Расмий статистика – бул ооруканага жаткандардын гана эсеби. Ал

эми канча адам тышта ээн-эркин эле жойлоп жүрүшөт, – деп чырылдады дасыккан дарыгер Нурлис Токебаев.  –  Кокус ооруканага барсам, баары бир доктурга жаткырып коюшат дегендер арабызда абдан эле көп. Ошол себептүү азыркыдан дагы катуу тартипти киргизип, абалды чукул көзөмөлгө алышпаса, бул сан мындан ары дагы ого бетер көбөйүшү толук ыктымал. Кыргыз Өкмөтү ушул тапта иштин көзүн билишкен дарыгерлердин айткандарын анча этибар албай, алдын ала чараларды көрбөй жаткандыгы абдан өкүнүчтүү!

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда коронавирус аныкталган 2020-жылдын март айынан бери жугуштуу илдет 109 миң 812 кишиден табылды. Булардын 102 миң 314ү сакайды. Тилекке каршы, таажы дартынан жалпы жонунан 1881 адам каза тапты. Кыргызстанда 2021-жылдын мартынан тартып жарандарды Кытайдын жана Орусиянын препаратттары аркылуу коронавируска каршы эмдөө башталган. Вакциналардын алгачкы партиясы түгөнүп, эми кезектегисин жер-жерлерге жеткирүү жараяны ыраса күчөтүлдү. Мындан тышкары Кыргызстан Дүйнөлүк Банк бөлгөн 20 миллион доллардын 17 миллион долларына бир миллион доза вакцина сатып алууну эми гана ниет кылууда. Тактап айтканда, ушул күнгө дейре 90 миңге чукул мекндешибиз коронавируска каршы толук эмделди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ.өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17