Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
982 Бардыгы / ТҮШТҮК КОРЕЯ. Сеул шаарында “Seoul International Tourism Fair 2021” Эл аралык туристтик көргөзмөсү (“SITIF-2021”) өз ишин аяктады. Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилигинен кабарлашкандай, аталган иш-чарага Кыргыз элчилиги дагы абдан активдүү катышты. Адегенде “Seoul International Tourism Fair 2021” Эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн ачылыш аземине Түштүк Кореянын расмий адамдары жана чет мамлекеттердин элчилери менен катар […]
983 Бардыгы / ТҮШТҮК КОРЕЯ. Сеул шаарында “Seoul International Tourism Fair 2021” Эл аралык туристтик көргөзмөсү (“SITIF-2021”) өз ишин аяктады. Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилигинен кабарлашкандай, аталган иш-чарага Кыргыз элчилиги дагы абдан активдүү катышты. Адегенде “Seoul International Tourism Fair 2021” Эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн ачылыш аземине Түштүк Кореянын расмий адамдары жана чет мамлекеттердин элчилери менен катар […]
СЕУЛДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУРИСТТИК ПОТЕНЦИАЛЫНА СУКТАНЫШТЫ
28.06.2021 / Автор anarkan_kg

984 Бардыгы /
ТҮШТҮК КОРЕЯ. Сеул шаарында “Seoul International Tourism Fair 2021” Эл аралык туристтик көргөзмөсү (“SITIF-2021”) өз ишин аяктады. Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилигинен кабарлашкандай, аталган иш-чарага Кыргыз элчилиги дагы абдан активдүү катышты.
Адегенде “Seoul International Tourism Fair 2021” Эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн ачылыш аземине Түштүк Кореянын расмий адамдары жана чет мамлекеттердин элчилери менен катар Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова дагы катышышты. Бул ирет Түштүк Кореянын карантиндик эрежелеринен улам, жергиликтүү өкүлүн жиберген Travel Land уюмун кошпогондо Кыргызстандын туроператорлору көргөзмөгө катыша алышкан жок. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Туризм департаменти жана Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын (KATO) жардамы аркасында Кыргыз туроператорлорунун таратуу материалдары Түштүк Кореяга жеткирилген (Travel Experts, Ak-Sai Travel, Travel Land).
-Аталган көргөзмөнүн жүрүшүндө Кыргыз Элчилиги Кыргызстандын Түштүк Кореяда окуп жатышкан студенттери менен чогуу-чараан атайын боз үй тигип, бул Кыргыз керемети бүткүл фестивалдын көркүнө гана айланды. Атайын тушоо кесүүнүн алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө видеотасмалар дагы байма-бай көрсөтүлүп, ошондой эле туристтик агенттиктеринин буклеттери таратылып, VR көз айнектин жардамы менен конокторго Кыргызстан менен виртуалдык режимде таанышуу сунушталды. Мындан тышкары Кыргыз элинин өтө кооз жаратылышы, бай маданияты жөнүндө дагы кеңири маалыматтар берилип, коноктор Кыргыз боз үйүнүн жанында ар өңүттө эске калаарлык сүрөткө дагы түшүштү, – деди Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова.
Буга улай “Seoul International Tourism Fair 2021” Эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы Элчилиги Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн дагы даана көрсөттү. Маселен, Ата Мекендик кол өнөрчүлөрдүн кийизден жасалган буюмдары, ошондой эле NAG Group тарабынан Кореяга жеткирилген Кыргызстандын экологиялык таза продукциялары (Кыргыздын ак балы жана шоколады) чет өлкөлүк кардарларга байма-бай сунуш этилди.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: “Seoul International Tourism Fair” (SITIF) көргөзмөсү жыл сайын Сеул шаарында өткөрүлүп туруучу Азия чөлкөмүндөгү эң ири Эл аралык туристтик көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат. Ошондой эле бул аянтчага жыл сайын бүткүл дүйнөнүн ири туроператорлору жана туристтик агенттиктери чогулушат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
25.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ КИРГИЗИЛДИ
-
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА 2010-ЖЫЛДАГЫ ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ ЭСКЕРИЛДИ
-
21.07.2025 / Автор anarkan_kg МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ АЛГАЧКЫ БЕТТЕШИНДЕ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.