Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
910 Бардыгы / ОШ. «Биздин Кыргызстан» партиясынын Ош шаарындагы төрагасы Медер Абдыманапов алардын партиясын шайлоодон четтеткен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин саясий бүтүм деп сыпаттады. Медер Абдыманаповдун баамында, алардын партиясына БШК тарабынан коюлган дооматтардын бири дагы расмий түрдө аныкталып, а түгүл юридикалык баа дагы берилген эмес! Андыктан, алар Боршайкомдун бул күтүүсүз жана мыйзамсыз чечимин биротоло жокко чыгаруу максатында […]
911 Бардыгы / ОШ. «Биздин Кыргызстан» партиясынын Ош шаарындагы төрагасы Медер Абдыманапов алардын партиясын шайлоодон четтеткен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин саясий бүтүм деп сыпаттады. Медер Абдыманаповдун баамында, алардын партиясына БШК тарабынан коюлган дооматтардын бири дагы расмий түрдө аныкталып, а түгүл юридикалык баа дагы берилген эмес! Андыктан, алар Боршайкомдун бул күтүүсүз жана мыйзамсыз чечимин биротоло жокко чыгаруу максатында […]
«БИЗДИН КЫРГЫЗСТАН» ПАРТИЯСЫ МАНДАТЫНАН АЖЫРАТЫЛДЫ
27.07.2021 / Автор anarkan_kg

912 Бардыгы /
ОШ. «Биздин Кыргызстан» партиясынын Ош шаарындагы төрагасы Медер Абдыманапов алардын партиясын шайлоодон четтеткен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин саясий бүтүм деп сыпаттады.
Медер Абдыманаповдун баамында, алардын партиясына БШК тарабынан коюлган дооматтардын бири дагы расмий түрдө аныкталып, а түгүл юридикалык баа дагы берилген эмес! Андыктан, алар Боршайкомдун бул күтүүсүз жана мыйзамсыз чечимин биротоло жокко чыгаруу максатында Жогорку сотко сөзсүз кайрылышмакчы.
– Жогорку сотко даттанууга тийиштүү бардык документтерди даярдап жатабыз. Биз өз укуктарыбызды коргоп, анан дагы соттон сөзсүз утабыз деген терең ишеничтемин! Себеби, бир дагы расмий түрдө катталган укук бузуу болгон эмес! Буга дейре биздин партиянын атына алты арыз келип түшсө, булардын бешөө тең далилдердин жетишсиздигинен дароо эле кыскартылган. Дагы бирөө сотко өткөнү менен, азырынча чечим чыга элек. Тилекке каршы, ошого карабастан, БШК биздин партияны тизмеден жүйөөсүз чыгарып таштады. Чындыгында, бул саясий өңүттөгү эле чечим болуп калды. Анткени, Кыргызстанда буга кызыкдар күчтөр бар! — деди «Биздин Кыргызстан» партиясынын Ош шаарындагы төрагасы Медер Абдыманапов.
Анткени менен, Медер Абдыманапов кызыкдар тараптын аттарын так атаганга дааган жок. А бул арада аталган партиянын жолбашчысы Айбек Осмонов дагы билдирүү жасап, Борбордук шайлоо комиссиясынын аракетин «адилетсиздик» сыңары сыпаттады. Анткени, БШК ушул жылдын 26-июлдагы отурумунда Ош шаардык Кеңешине кайра шайлоого катышкан «Биздин Кыргызстан» саясий партиясына берилген добуштардын баарын тең жараксыз деп таап, партияны тизмеден чыгарган. Арыздарды караган жумушчу топ партияны тизмеден чыгарууга талапкерлердин добуш сатып алууга аралашканы себеп болгондугун ачыктаган. Мындан тышкары жумушчу топ Ош шаардык Кеңешине жүргөн шайлоону «Биздин Кыргызста» партиясынын тизмеден чыкканын эске алуу менен өттү деп тааныды.
Бирок, буга дейре Ош аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоонун жыйынтыгын жарыялап, БШКга бекитүүгө жөнөткөн эле. Ага ылайык, мандаттар төмөндөгүчө бөлүштүрүлмөк: «Ата-Журт Кыргызстан» – 19, «Биздин Кыргызстан» – 15, «Улуттар Биримдиги» – 7, «Бир Бол» – 4 мандат. Эми «Биздин Кыргызстан» партиясы четтетилгенден кийинки мандаттар кайрадан төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: «Ата Журт-Кыргызстан» – 20 мандат; «Улуттар Биримдиги» – 17 мандат; «Бир Бол» – 8 мандат. Айтмакчы, өлкөбүздө ушул жылдын 11-апрелинде жергиликтүү жана шаардык Кеңештерге шайлоо өткөрүлгөн. Бирок, Бишкек, Ош, Токмок шаарларында олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан, бул добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылып, 11-июлда кайрадан шайлоо жүргөн эле.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
21.05.2026 / Автор anarkan_kg МАРКУМ ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВГО “ЭЛ БААТЫРЫ” ЭҢ ЖОГОРКУ ДАРАЖАСЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
-
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТА 10 МИҢ 316 ОКУУЧУ ОРТО МЕКТЕПТИ АЯКТАДЫ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.