Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
952 Бардыгы / ОШ. Ушул жылдын 7-июль күнү Чоң-Алай районуна караштуу Ленин чокусунда капысынан каза тапкан Польша альпинистинин сөөгүн Ата Мекенине жөнөтүүгө Вена (Австрия) шаарындагы камсыздандыруучу компания акча бөлбөй тургандыгы ачыкталды. Бул жөнүндө Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун танатология бөлүмүнүн башчысы Арап Кожобаев билдирди. Арап Кожобаевдын айтымында, эми чет өлкөлүк альпинисттин сөөгүн Польшадагы тууган-уруктары алып кетиши […]
953 Бардыгы / ОШ. Ушул жылдын 7-июль күнү Чоң-Алай районуна караштуу Ленин чокусунда капысынан каза тапкан Польша альпинистинин сөөгүн Ата Мекенине жөнөтүүгө Вена (Австрия) шаарындагы камсыздандыруучу компания акча бөлбөй тургандыгы ачыкталды. Бул жөнүндө Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун танатология бөлүмүнүн башчысы Арап Кожобаев билдирди. Арап Кожобаевдын айтымында, эми чет өлкөлүк альпинисттин сөөгүн Польшадагы тууган-уруктары алып кетиши […]
ЛЕНИН ЧОКУСУНДА КАЗА ТАПКАН АЛЬПИНИСТТИН СӨӨГҮ ДАГЫЛЕ ОШТОГУ ӨЛҮККАНАДА ЖАТАТ
27.07.2021 / Автор anarkan_kg

954 Бардыгы /
ОШ. Ушул жылдын 7-июль күнү Чоң-Алай районуна караштуу Ленин чокусунда капысынан каза тапкан Польша альпинистинин сөөгүн Ата Мекенине жөнөтүүгө Вена (Австрия) шаарындагы камсыздандыруучу компания акча бөлбөй тургандыгы ачыкталды. Бул жөнүндө Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун танатология бөлүмүнүн башчысы Арап Кожобаев билдирди.
Арап Кожобаевдын айтымында, эми чет өлкөлүк альпинисттин сөөгүн Польшадагы тууган-уруктары алып кетиши ыктымал. Бүгүнкү күндө анын сөөгү танатология бөлүмүндөгү өлүк сактоочу муздаткыч иштебегендиктен, Ош облустук бириккен клиникалык оорукананын мейитканасында гана аргасыздан сакталууда.
– Биздин бөлүмгө Вена шаарындагы камсыздандыруучу компания телефон чалып байланышыптыр. Алар каза тапкан альпинистке акча бөлүп бере албай тургандыгын ачыкташкан. Себеби, альпинист Ленин чокусунун кайсы бир бийиктигине жеткенде каза тапса, ошондо гана компания акча төлөп бермек экен. 7-июлда каза тапкан альпинист 5100 бийиктикте көз жумган. Келишимде ошондой көрсөтүлгөн экен, – деп кошумчалады Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун танатология бөлүмүнүн башчысы Арап Кожобаев.
Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунун бийиктиги 7134 метр. 7-июль күнү болжол менен саат 07:15 чамасында Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу Айыл Өкмөтүндөгү Ленин чокусунун 5100 метр бийиктигинде Польшанын 1971-жылы туулган Б.П. аттуу жараны жүрөгү кармап каза тапкан. Баса, Аймактагы базалык лагерге россиялык 12, ал эми польшалык 2 альпинист келген экен. Эки күндөн соң 4400 метр бийиктикти, дагы эки күндөн соң 4800, ал эми 7-июлда 5100 метр бийиктикти багындырышкан. Кайра түшүп келе жатышканда, көч башында келаткан П.Б. эс-учун жоготуп жыгылган. Жасалма дем алдыруу кылганы менен өзүнө келе албастан жеринде эле каза тапкан.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.