Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,993 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу жана композитор Исирадин Аманбаев Президент Садыр Жапаровго Ачык кат жолдоду. Анда таанымал талант ушул тапка дейре тынымсыз эмгектенип келгендигин, чыгармалары элге абдан кеңири тарагандыгын, тилекке каршы, буга карабастан ага “Кыргыз Эл артисти” наамы ыйгарылбай жаткандыгын ачык эле жазган. Андыктан Ачык катты эч өзгөртүүсүз беребиз: “Кыргыз Республикасынын […]
1,994 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу жана композитор Исирадин Аманбаев Президент Садыр Жапаровго Ачык кат жолдоду. Анда таанымал талант ушул тапка дейре тынымсыз эмгектенип келгендигин, чыгармалары элге абдан кеңири тарагандыгын, тилекке каршы, буга карабастан ага “Кыргыз Эл артисти” наамы ыйгарылбай жаткандыгын ачык эле жазган. Андыктан Ачык катты эч өзгөртүүсүз беребиз: “Кыргыз Республикасынын […]
ОБОНЧУ, КОМПОЗИТОР ИСИРАДИН АМАНБАЕВ ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВГО АЧЫК КАТ ЖОЛДОДУ
17.08.2021 / Автор anarkan_kg1,995 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу жана композитор Исирадин Аманбаев Президент Садыр Жапаровго Ачык кат жолдоду. Анда таанымал талант ушул тапка дейре тынымсыз эмгектенип келгендигин, чыгармалары элге абдан кеңири тарагандыгын, тилекке каршы, буга карабастан ага “Кыргыз Эл артисти” наамы ыйгарылбай жаткандыгын ачык эле жазган.
Андыктан Ачык катты эч өзгөртүүсүз беребиз:
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго, КРнын эмгек сиңирген артисти, композитор Исирадин Аманбаевден
АЧЫК КАТ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Менин алгачкы “Кайдасың сен, Нестан Даражан?”, “Ай жарык ай, ай жарык”, “Ай гитара, гитара”, “Мөл булак”, “Жетиген” өңдөнгнөн обондорум жарык көргөндөн баштап Кыргыз маданиятына, мунун ичинде музыка искусствосуна обончу, композитор жана ырчы катары өз салымымды кошуп келе жатканыма мына 40 жылдан ашыгыраак убакыт болду. Убагында мага 1992-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамдары ыйгарылган. Бирок, андан бери жыйырма жылдан ашуун убыкыт өтүп, канчалаган жаңы жазган музыкалык чыгармаларым элге кеңири тарап жатса дагы, мага негедир Кыргыз Респубюикасынын Эл артисти” наамы таптакыр берилбей келатат.
Буга бир эле мисал: өткөн 2020-жылы 31-август- өлкөнүн эгемендик майрамына карата сыйылыкка көрсөтүлгөн документтердин арасында меники дагы каралып, мамлекеттик комиссиядан толук колдоо таап, Указга келгенде, ошол кездеги Президент Сооронбай Жээнбековдун жан-жөкөрлөрү белгисиз себептерден улам “Кийин беребиз” деп, мени тизмеден алдыртып салышкандыгын ошол убакта ар кандай массалык-маалымат каражаттары чагылдырып, өзгөчө соцтармактарда кызуу талкууну жараткан. Бул боюнча азыркы министирбиз Кайрат Иманалиев жана Президенттик Админиситрациянын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаевдер жакшы билээрин айтып коюм парз.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Алдыбызда келе жаткан Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата карала турган мамлекеттик сыйлыктардын арасындагы менин эчак эле өтүп, үч жылдан бери жөн эле кармап олтурушкан документтеримди Президенттик Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясы ар кандай болбогон шылтоолорду айтышып, дагы артка алдырып жатышат деп угуп жатам…
Сыйлык эч кандай жашка, ишке жана жеке адамдык сапаттарга эмес, жазылган эмгектерге гана берилиши шарт деп эсептеймин.
Албетте, сурап алган сыйлык – суудай болгону менен, берилбеген сыйлык – уудай. Сыйлыгы жок эле жашаса дагы, жазса дагы болот. Бирок , Кыргыз элинде “Карыныма эмес, кадырыма ыйлайм” деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, өзүм болбосо дагы жазган эмгектерим өз учурунда бааланып калса деген эле тилек…
Сизди терең урматтом менен ,
Композитор, обончу, ырчы жана күүчү Исирадин АМАНБАЕВ”
Баса, көп кырдуу талант Исирадин Аманбаевдин бул Кайрылуусуна Президент Садыр Жапаров кандай жооп кайтараар экен? Аман турсак, муну дагы көрө жатаарбыз…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
21.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ АБАКТА ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРГА ШАЙКЕШ ШАРТТАР ТҮЗҮЛДҮ
-
-
07.05.2024 / Автор anarkan_kg МАЛ УУРУЛУК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН “КАПИТАН” КАРМАЛДЫ
-
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.