Аймак

30 ЖЫЛДЫК ТАРЫХ ЭГЕМЕНДИКТИ БЕКЕМДЕЙ АЛДЫБЫ?

30 ЖЫЛДЫК ТАРЫХ ЭГЕМЕНДИКТИ БЕКЕМДЕЙ АЛДЫБЫ?

 1,410 Бардыгы /

“Акыркы 30 жылдан бери…”, “30 жыл ичинде…” – албетте бул сөздөр баарыбызга тааныш. Кайсы чиновник же жаңы келген жетекчи болбосун трибунада дал ушул сөздү эки-үч ирет кайталайт. Ооба, элибиз эгемендүү, өлкөбүз көз карандысыз болгонуна быйыл толук 30 жылдын жүзү болот. Ылайым эле эгемендүүлүгүбүз бекемделсе экен…

Быйыл 31-августта Кыргызстан өзүнүн эгемендигин белгилейт, менимче ага даярдык жыл башынан эле башталган. Биз ал күндү сыймыктануу менен даңазалап белгилейбизби же башыбызды шылкыйтып майрамдайбызбы? – маселе ушунда…

Менин азыр жашым 23тө. Совет доорун көргөн эмесмин, эгемендикке ээ болгон учурда да жок болгом. Тагыраагы ааламга жаралгандан бери суверендүү өлкөнүн атуулумун. Бирок… бирок мен эс тартып баштагандан бери кичинекей өлкөбүз башынан эмнени гана кечирген жок. Алмашкан, кубалашкан, качкын президенттер… Жоопкерчиликти мойнуна артып, бирок жипти бири-бирине ыргыткан премьерлер, кереги жок, кагазда гана аткарылган ведомстволор, тамырлашкан коррупция, күлү додо болбой улам бийликтин алмашышы, өлкөнүн башаламан ички саясаты, светтик өлкөдө күч алган диний фанатизм, өгөйлөнгөн эне тил, туруктуу идеологиянын жоктугу, жумушсуздук, миграция, жоголгон нарктуулук ж.б. мунун баары өлкөбүздүн эгемендигинин улам күчтөнтүп, “бекемдеп” жатканынын далили балким.

Менимче СССР деген ири державадан бөлүнүп чыккан убакта коңшулаш мамлекеттер менен жашоо деңгээлибиз да, кадыр-баркыбыз да бирдей болсо керек эле. Жада калса, басыгыбыз аларга караганда салыштырмалуу ыкчам жасалып жаткандай көрүнгөн. Буга алардан биринчи улуттук валютабызды кабыл алганыбыз мисал. Анан дагы Борбор Азияда мамлекетибиз “демократиялуу” деген атка биринчи болуп ээ болгонбуз. Тилекке каршы, биздин ошол атыбыз өнүгүүлөргө жетелебей эле өзүбүз алышкан, күрөшкөн, ит жыгылыш болгон түшүнүксүз тунгуюкка кептеди.

Көптү билгендердин айтымында Акаевдин учурундагы реформалар СССРден калган колхоз-совхоздорду, завод-фабрикаларды, ал тургай пансионат, балдар бакчаларынын имараттарынан бери менчиктештирүүгө багытталыптыр. Иштеп жаткан завод-фабрикалар заматта ишин токтоткондуктан дароо эле массалык жумушсуздук деген көйгөй пайда болуптур. Анализдеп көрсөм, андан бери өзүбүз сыймыктанып айта турган бир да ири завод же фабрика кура албаптырбыз. Экономикабыз жалаң сырттан алган карыздар менен эле кармалып келүүдө. СССРден калган биздин облустагы Токтогул ГЭСинин абалы да учурда жакшы эмес. Жок дегенде ошону бир капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрө албай келебиз. Суу башындагы өлкө болсок да бир жаңы ГЭС курууга чамабыз жетпегенин караңыз…

30 жылдан бери бийлик төбөлдөрү бийликти жиликтеп бөлүп алуу же талашуу менен алек. Улам кийинки келгенинен жакшылыкты үмүт этип отурган элибиздин ишеними да солгундады. Трайбализм, мыйзамсыздык, ач кыйкырык ушунчалык жогорку четке жетти. Көчөдө кыйкыра алгандар, уят-сыйытты жыйыштыра билгендер эле бош турган креслону басып алмай адатка айланды. Айрыкча ушул кездери дипломсуз, ал тармакта иштөөнү түшүндө да көрбөгөндөр ошол кызматты аркалап башташты. Кадр саясатынын ашмалтайы чыкты. Айтор бизде саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин деңгээли кыйла төмөндөдү. Эл өкүлүмүн деген элиталар “чимкирик” атка конду. Билимсиздик күч алды. Маданият, адабият жагы кароосуз калды. Жалпы элибиз саясатташты. Ар ким өз ишин жасагандан көрө жалпылап эле саясатты талкуулап отурууну негизги жумушка айлантышты.

Мамлекеттик чек араларыбызды дале тактай элекпиз. Чек ара көйгөйү биротоло чечилмейинче эгемендигибиз дайым коркунучта. Уинстон Черчилль айткандай: “Чек араны сүйлөшүү – согуш маселесин сүйлөшүү менен барабар”. Коңшулар биздин чечкинсиздигибизден пайдаланып, өздөрүнүн зым торлорун улам биз тарапты көздөй жылдырып келе жатышат. Чек арага байланышкан акыркы Баткендеги окуяны айтпай эле коёюн, ал да өзүнчө аянычтуу тарых. Мындан улам мамлекеттүүлүктүн өзү чоң коркунучка кептелди. Кудай сактасын, биз отуз жылда эле эгемендигибизди кайра тарттырып жиберчүүдөй абалга келдик. Кайсы гана аң-сезимдүү адам болбосун ал да ушундай бүтүмгө келмек, эгер аң- сезимдүү адам болсо… Анан кантип эгемендүү өлкөбүзгө 30 жыл деп көкүрөк кагып, жар салып белгилөөгө батынабыз…

“Ата-бабаларыбыз баатыр, тайманбас, көрөгөч эл болгон”- албетте мурун болгон. А азырчы? Алардын баатырдыгын азыр да айтып мактануу накта жалкоолордун иши. Азыркы муун жалкоо, ушакчы, итинен-битине чейин саясатчы, мамлекет мага эмне кылып берет деп наалыган эл болдук. Бул кетиште кетсек, ушул абалдардан азыртан чыгуунун жолун издебесек, анда эгемендиктин 40 жылдыгын белгилөө да күмөн болуп турат. Кудай анын бетин ары кылсын! Биз түпкүлүктүү, нарктуу элбиз. Жогорудагы маанай түшүргөн, бирок реалдуу жагдайларды жеңүүгө толук кудуретибиз жетет, буйруса. Ал үчүн мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн реалдуу жаңы концепциясын иштеп чыгуу керек. Ошол эле учурда бардык-бардык тармакка (билим берүү, саламаттык сактоо, сот, экономика ж.б) чыныгы реформа жасоо маанилүү. Кадрлар баарын чечет – дейт. Кадр саясатын тааныш-билиштиксиз, иш билги адистерди кыйынчылыксыз ишке орнотуу зарыл. Менин айланамда өзгөчө ыйманга ооп, адамдык мамиле, улутту сүйүү, сергек жана дилгир, билимдүү жаштар абдан көп. Бул муунга коомчулук, мамлекет туура багыт берип, өлкөгө салым кошууга багыттаса, мен ойлойм мыкты кадрлардын катарын толуктап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошмок.

Кыргызда сөз бар: “Пенде пейилинен табат” – деген, бул бөксөлүк биздин саясатташып кеткенибизден болсо керек. Бүгүн элдин руханий иммунитетин көтөрүү зарыл. Муну менен биз улутубузду бир топ чыйралта алабыз. Бардык жерде парасаттуу инсандарыбыз бар. Айылда, шаарда, эл арасында жүрүп көз карашы бар, принципиалдуу инсандардын ойлорун көбүрөөк элге берсек. Ошол эле ашмалтайы чыккан маалымат саясатын да иргелте алсак. Бир адам кыйналып жатса, ага бирөө келип жардам берсе, ага жүрөгүн, колун сунса, бул телевидение, гезит-журналдар үчүн окуя болбой калды. Тескерисинче бирөөгө бирөө жамандык кылса, кыянаттык жасаса, бул нерсени маалыматтын биринчи бетине шашылып сүйүнчүлөгөнүбүз да элди кайсы бир деңгээлде негативге жакындоого түртүп жатканыбыз. Бүгүн биздин элдин маанайын, коомдун ой-жүгүртүүсүн позитивге буруу да абдан маанилүү.

Жыйынтыктап айтсам, бийлик алмашуудан эч нерсе өзгөрбөйт, эгер мурунку эле система менен жашасак. Реформа маанилүү: саясатта, мамлекетте, башкарууда, анан калса ар бир адамда. Ар бир адам жан дүйнөсүнө төңкөрүш жасоосу бүгүнкү күндүн талабы. Ылайым эле эгемендигибиз түбөлүктүү болсун! Майрамыңыздар менен! Буйруса, бул күндү сыймыктануу менен майрамдоо күндөрүнө батыраак жеткирсин!

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17