Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
769 Бардыгы / Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов “бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн” деген шек менен камалды. Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Канатбек Исаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине сурак берип чыгышты. ИИМ Курсан Асанов 14-сентябрда Жазык кодексинин 309-беренеси (“бийликти күч менен […]
770 Бардыгы / Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов “бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн” деген шек менен камалды. Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Канатбек Исаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине сурак берип чыгышты. ИИМ Курсан Асанов 14-сентябрда Жазык кодексинин 309-беренеси (“бийликти күч менен […]
ИИМ САЯСАТЧЫЛАРДЫ СУРАККА АЛДЫ
16.09.2021 / Автор anarkan_kg771 Бардыгы /
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов “бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн” деген шек менен камалды.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Канатбек Исаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине сурак берип чыгышты.
ИИМ Курсан Асанов 14-сентябрда Жазык кодексинин 309-беренеси (“бийликти күч менен басып алуу аракети”) менен сотко чейинки териштирүүнүн негизинде камалганын маалымдады. Билдирүүдө ал “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деп айтылат.
Бул иштин алкагында Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев да кармалды. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен орган кызматкерлери Сарыбаевди колуна кишен салып, машинеге отургузуп алып кетишкенин айтты.
Жанарбек Акаев Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген интернетке жарыяланган видео боюнча төрт саат сурак берип чыкты.
“Бийликти басып алууга коомчулукка чакырык жасаган эмесмин. Кыргызстанда бир дагы киши аны далилдеп бере албайт. Суроо-жоопту ачыкка чыгарбоо тууралуу катка кол коюп бергеним үчүн көп нерсени айта албай турам. Суракка чакырган мөөнөттө келип туруу боюнча катка дагы кол коюп бердим”.
Алтынбек Сулайманов сурактан чыккандан кийин бийлик шайлоо алдында биригүү ниети бар топторду алсыратуу аракетин кылып жатышы мүмкүн экенин белгиледи.
“Менин жеке пикиримде, шайлоо алдында чоң командаларды алсыратуу түшүнүгү болуп жатат окшойт. Бизге келе тургандар качышы керекпи же башкабы?.. Мени чакырууга эч себеп жок эле. Эмнеге чакырышканы өзүмө да түшүнүксүз болууда”, – деди ал.
Акматбек Келдибеков менен Исмаил Исаков дагы сурак берип чыгышты.
“Биз сурак берип жатканда Сонунбүбү Кадырованын видеокайрылуусу чыкты. Ал андай жазбаганын, биринчи бет алмаштырылганын, фамилиялар жоктугун, көпчүлүк текст өзгөргөнүн айтты. Бул боюнча сөзсүз изилдөө жүргүзүү керек. Суракта маданият кызматкерлеринин кайрылуусу дегендеги түшкө кирбеген, ойго келбеген нерселер боюнча суроолор берилди. Ким фальсификация кылса, ошону ким жасаган болсо жоопко тартылышы керек”, – деди Келдибеков.
Ал эми Исмаил Исаков бул аракеттерди өзүм билемдик, мыйзам бузуу, коркутуу катары баалады.
“Адамдарды коркутуп, эркиндикти кысып, басып, бардыгын дудук кылуу аракети деп ойлойм. Шайлоого бардырбай же болбосо “бул командага кирбегиле” деген аракеттер болушу ыктымал”, – деди ал.
Исаков кайсы бир билдирүүнү “Ак үйдө же Көк үйдө отуруп бурмалап жазып койсо, башкаларды камап жок кылганга бүгүн мүмкүнчүлүк түзүлүп калганы өтө коркунучтуу” экенин кошумчалады.
Туйгуналы Абдраимов суракка чейин журналисттерге аны “каралоо” аракети жүрүп жатканын билдирген.
Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылардын суракка чакырылышы боюнча расмий маалымат бере элек.
Мамлекеттик ЭлТР телеканалы “Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү” деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген ага үндөш кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда “Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз” деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.
Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышты.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДА КОНСТИТУЦИЯНЫН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
-
01.06.2023 / Автор anarkan_kg АКШ УКРАИНАГА ДАГЫ 300 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК АСКЕРДИК ЖАРДАМ БЕРЕТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.