Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,720 Бардыгы / Баткен облусундагы сот Тажикстандын эки жаранын — Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоровду өмүр бою эркинен ажыратты. Алар “Тынчтыкка каршы кылмыш кылуу” жана “Талоончулук” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Тажикстандын соттолгон жарандары быйыл апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу кагылышуудан кийин кармалган. Азырынча Тажикстандын бийлиги Каххоров менен Юнусовго карата чыккан сот өкүмү боюнча комментарий […]
1,721 Бардыгы / Баткен облусундагы сот Тажикстандын эки жаранын — Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоровду өмүр бою эркинен ажыратты. Алар “Тынчтыкка каршы кылмыш кылуу” жана “Талоончулук” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Тажикстандын соттолгон жарандары быйыл апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу кагылышуудан кийин кармалган. Азырынча Тажикстандын бийлиги Каххоров менен Юнусовго карата чыккан сот өкүмү боюнча комментарий […]
КЫРГЫЗСТАНДА ТАЖИКСТАНДЫН ЭКИ ЖАРАНЫ ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ
16.09.2021 / Автор anarkan_kg

1,722 Бардыгы /
Баткен облусундагы сот Тажикстандын эки жаранын — Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоровду өмүр бою эркинен ажыратты. Алар “Тынчтыкка каршы кылмыш кылуу” жана “Талоончулук” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.
Тажикстандын соттолгон жарандары быйыл апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу кагылышуудан кийин кармалган.
Азырынча Тажикстандын бийлиги Каххоров менен Юнусовго карата чыккан сот өкүмү боюнча комментарий бере элек.
Аскар Юнусовдун атасы Абдулазиз Юнусов өкүм 14-сентябрда чыкканын билдирди. Анын айтымында, сот отурумдары жабык өтүп, сот залына айыпталуучулардын жакындары киргизилген жок.
“Тергөөдө уулумдун куралдуу адамдардын жанында турганы тартылган видеодон башка эч кандай далили болгон эмес. Бул анын күнөөсүнүн жалгыз далили”, — деди ал.
Каххоровдун жубайы Наргис Жабборова сотко Кыргызстан тарап дайындаган адвокат Мелис Абдураимов катышканын билдирди.
Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоров быйыл май айында кармалган. Абдулазиз Юнусовдун айтымында, алар чек ара сызыгы жок аймакта кыргыздар менен бир көчөдө жашашат.
Ал ортодо 15-сентябрда Кыргызстандын тажик улутундагы үч жаранынын үстүнөн сот отуруму башталды. Алар апрель-май айларындагы куралдуу кагылышууда кылмыш кылган деп айыпталууда. Прокуратура айыпталуучулардын ар бирин 20 жылдан соттоону өтүндү. Аларга карата өкүм 21-сентябрда чыгат деп күтүлүүдө.
“Озоди” радиосунун колуна тийген документтерге ылайык, этникалык тажиктер “Мекенге чыккынчылык кылуу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Мыйзамсыз маңзат сатуу” беренелери боюнча айыпталууда.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
01.10.2026 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНҮН ЖАШООЧУЛАРЫНАН КАБАР АЛЫНДЫ
-
-
10.10.2025 / Автор anarkan_kg СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЛЕКЦИЯ ӨТҮЛДҮ
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg БШ БШК: ЭРТЕҢ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРЫЗДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ АЯКТАЙТ
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕРГЕТИКТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.