Аймак

АЛА-БУКА РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНДӨГҮ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР

АЛА-БУКА РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНДӨГҮ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР

 3,612 Бардыгы /

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.А. Турдукулованын билим берүү кызматкерлеринин райондук август конференциясында “Райондук билим берүү мекемелериндеги окуу-тарбия иштеринин өткөн окуу жылындагы жыйынтыктары жана 2021-2022- окуу жылынын негизги милдеттери жөнүндө”

ДОКЛАДЫ

          Урматтуу кесиптештер жана бүгүнкү август конференциясынын кадырлуу меймандары!

          Урматтуу  Нурбек Бейшеналиевич!

Өткөн 2020-2021-окуу жылында райондук билим берүү бөлүмүнүн 5 аппараттык кызматкери, 5 усулдук кабинеттин усулчусу,  жалпы билим берүүчү 45 мектеп, 29 мектепке чейинки жана 2 мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын педагогикалык жамааттары мамлекетибиздин келечеги болгон жаштарды окутуп-тарбиялоодо “Өлкөнү санариптештирүү, балдарды колдоо жылында жаңы технологияларды өздөштүрүү, медиасабаттуулукту калыптандыруу менен билим сапатын жогорулаталы” жалпы ураандын негизинде бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.

          Окуу-тарбия процессинин өркүндөтүү, окуучуулардын билим сапатын көтөрүү, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, педагогикалык кызматкерлер менен камсыз кылуу, кызматкерлердин билимин өркүндөтүү иштери ишмердүүлүгүбүздүн негизибагытыболуп келди.

          Район боюнча21103 окуучуга 1350 мугалим, анын ичинен жогорку билимдүүлөрү 1221, 1 КРнын эмгек сиңирген мугалими,  156КРнын Билим берүүнүн отличниктери татыктуубилим жана тарбия беришти.

Район боюнча  өздөштүрүү 100%, сапаттуулук 50,15%, ал эми  гимназия мектептериндеөздөштүрүү 100%, сапаттуулук 64,43%түздү.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгы менен 11-классты 839 окуучу бүтүрүп алардан 6 окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттастатына, 9-классты 1663 окуучу бүтүрүп алардан 135   окуучу  артыкчылык күбөлүгүнө ээ болуу менен ийгиликтүү аякташты.

Быйылкы жаңы 2021-2022-окуу жылында 1-класска 2271 окуучу барат.

Сөзүмдүн башында өткөн 2020-2021-жылдагы негизги ийгиликтүү көрсөткүчтөргө жана жетишкендиктерге жетишкен жалпы билим берүүчү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирдиремин!

Республикалык предметтик  олимпиада алдыңкы орундарга төмөндөгү окуучулар  жетише алды:

  1. №39 “Айры-Там”  гимназия мектебинин 10-класс окуучусу Абазбекова  Акылай Аскарбековна, кыргыз тили жана адабияты предметинен  1-орунду,  мугалимиСалиева Роза Абдразаковна.
  2. Т. Жоробаев атындагы № 9  жалпы орто билим берүүчү мектебинин 11-класс окуучусуЭргешов Элмурат орус тили жана адабияты предметинен  1-орунду; мугалими Халмурзаева Умугулсун Каланбуаевна.
  3. Абдуганы Атамов атындагы №12  жалпы билим берүүчү орто мектебинин 11-класс окуучусу Рахманалиев Эламан Равшаналиевич матеаматика предметинен 2-орунду; мугалимиМаматкулов Абдувахид.
  4. №8  “Октябрь”   жалпы орто билим берүүчү мектебинин 11-класс окуучусу Абдуазис кызы Кухинур информатика предметинен  2-орунду; мугалими Атахожаев Зиёдхон Хусаинович.
  5. №20 Ажек  жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10-класс  окуучусу Айбек кызы Акседеп кыргыз тили жана адабияты предметинен 2-орунду; мугалимиШерипбаева Акылай Рахманбердиевна.
  6. №39 “Айры-Там”  гимназия мектебинин 11-класс окуучусу Сарымсакова Айэлен Акпаралыевна биология предметинен  3-орунду; мугалими БазаркуловаСанабар Өнөрбаевна.

 “Алтын тамга” артыкчылык аттестаты боюнча:

”Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын стандартташтырылган компьютердик тестинен 6 бүтүрүүчү ”Алтын тамга” артыкчылык аттестатына талапкерлигин тастыктады.

  1. “Айры-Там” гимназия мектебинен Матгозиева Элвира (дир. Сатимбекова А.).
  2. “Сафед-Булан” гимназия мектебинен Абдухомидов Сардор (дир. Марайимов Л.),
  3. А.Атамов атындагы орто мектебинен Рахмоналиев Эламан (дир. Турдалиев Х.),
  4. А.Юсупалиев атындагы орто мектебинен Азимова Дурдона (дир. Сотволдиева С.),
  5. “Совет” орто мектебинен Чаткалбаева Кайыргүл (дир.Назарова А.),
  6.  Р.Кулуев атындагы орто мектебинен Тохтасинова Шахло (дир. Мамбетова А.), жана 

Жалпы Республикалык тестирлөө боюнча:

Жалпы Республикалык тестирлөөгө 414 бүтүрүүчү катышты.

 Жыйынтыгында, 

  1. Н.Бекменбетов атындагы орто мектебинин окуучусу Камалов Сыймык208 балл (дир.Абдурахманова Э.),
  2. А.Атамов атындагы орто мектебинен Рахмоналиев Эламан206 балл, (дир. Турдалиев Х.),
  3. А.Юсупалиев атындагы орто мектебинин  окуучусу Артикова Мохинабону-204 балл (дир. Сотволдиева С.),
  4. “Совет” орто мектебинин окуучусу Чаткалбаева Кайыргүл198 баллдан (дир.Назарова А)  алышты .

Бүтүрүүчүлөрдүн орточо 122,2 баллды  түздү.

“Интеллект”  билим сынагы

Район боюнча педагогикалык кызматкерлерге өз убагында пландаштырылган жана пландан тышкаркы  усулдук жардамдар жогорку деңгээлде уюштурулуп, педагогикалык кызматкерлердин чыгармачылык, ык-жөндөмдөрүн жана билимин өркүндөтүүдө алгылыктуу иштерди аткара алдык:

  1. №12 А.Атамов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде  “Мекенчилдик – устатты урматтоодон башталат!” темасында областтык деңгээлдеги семинар уюштурулуп, Эл агартуунун отличниги, КРна эмгек сиңирген математика мугалими Маматкулов Абдуваиттин иш таржымалын жайылтуу семинары жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.
    1. №10 А.Юсупалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими Лаборхадын устаттык чеберчилигин жайылтуу максатында обласстык семинар болуп өттү.
    1. Башталгыч класс мугалимдери, химия,биология, география предметтери боюнча аймакттык семинарлар байма-бай уюштурулуп, мугалимдерге негиздүү усулдук жардамдар берилди;
    1. Белгиленген графиктин негизинде мугалимдердин билимин жана квалификациясын жогорулатууда курстук окууларга бирдиктүү райондук, обласстык жана республикалык онлайн, офлайн вебинар-семинарларга  650 ашык мугалим катышып, 217 мугалим сертификаттарга ээ болушту.
    1. Август жана кышкы секциялык иштердемектеп окуучуларынын  билим сапатын жогорулатуу, ЖРТга, жалпы предметтик олимпиадаларга, АКМО, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына  даярдоонун сапатын жакшыртуу, онлайн сабактарын уюштуруу, ТВ сабактарына кайтарым байланыш сабактарын жүргүзүү маселелери талкууланып, жакшы жыйынтыктарды берди.
    1. Санарип мугалимдин ишмердүүлүгүн райондук деңгээлде жайылтуу максатында, “Санариптик педагогика” конкурсунун жеңүүчүсү, “Санариптик педагогика” конкурсунун “Гранприси”нин ээси  Ильгиз Шамырзаевдин презентациясы менен көрсөтүлүп, мугалимдерге  эң чоң жардам болду.
    1. Райондук деңгээлде уюштурулган “Устат-Шакирт” мектебинин ишмердүүлүгү жакшы жолго коюлуп, жалпы мугалимдерге жана тарбиячыларга жакындан жардам беришти. Жалпы район боюнча 52 устат белгиленген.Райондук деңгээлдеги устат №5 Ы. Чаңгылов атындагы орто мектебинин география мугалими Э. Токтогулова“Устат болуу чындыгында миң азап, укмуш чыкса шакирттери кыр ашат”деген темада семинар-тренинг өттү,                                                                                                                            №11 Р. Кулуев атындагы орто мектебинин тарых предметинен райондук деңгээлдеги устат З. Жумаханов  “Окутууну жакшыртуу, окутууга жаңы мамиле жасоо” деген темада семинарларын мыкты деңгээлде өтүштү.
    1.  “Жаш мугалимдер”мектеби жаш адистерге педагогикалык иштердүулүккө көмөк көрсөтүү менен райондук деңгээлде семинар, тегерек стол жана диспуддар өткөрүлдү.
    1. “Мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүүнүн ишмердүүлүгү”, “ Мыкты  жетекчи” семинарлары,  кырдаал талабына ылайык онлайн түрүндө интернет булактарын пайдалануу менен Messenger, ZOOM аркылуу педагогикалык кызматкерлерге аралыктан билим берүүсүндө  кыска мөөнөтүү окуу-семинарларын,   вебинарларды уюштуруу жүргүзүлдү.
    1. №3 Н.Орозалиев атындагы инновациялык мектебинде “Медиа сабаттуулукту арттыруу” темасындагы семинар жалпы райондук деңгээлде предметтик Ачык эшиктер” жумалыгы  уюштурулуп өткөрүлдү.  Семинар  жогорку деңгээлде өтүп, мугалимдерге компьютерде иштөөнүн жөнөкөй көндүмдөрүн өнүктүрүү,MS Word, MS PowerPoint офистик программамлар менен иштегенди үйрөтү, видеоинструкцияларынын негизинде Google Classroom, WhatsApp Messenger, ZOOM, Google Диск менен мугалимдерге балдар менен кайтарым байланыш жүргүзүүнү үйрөтүү усулдары берилди.
    1. Кыргыз тили жана адабият предметтик мугалимдерине “Окуучуларды ЖРТга даярдоонун ыкмалары” темасында семинар өткөрүлдү. Семинарда  предметтик олимпиадага даярдоо  жана  сапаттуу видеосабактарды даярдоо техникалык каражаттардын жардамында тесттин формалары менен (аналогия, сүйлөмдөрдү толуктоо, грамматикалык тапшырмалар, окуп түшүнүү) иштөө, туура белгилөө (тегерекчеге алуу) жана башкалар жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.
    1. №5 Ы.Чаңгылов атындагы  орто мектебинде социалдык педагоктордун“Бала тагдыры кайдыгерликти кечирбейт” темасында  , №8 Октябрь орто мектебинде«Окуучуларга математикадан текстүү маселелерди чыгарууну үйрөтүүнүн ыкмалары» деген темада, №15 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде“ Башталгыч класстарда окутулуучу көркөм чыгармалардын тарбиялык мааниси жана балдар адабиятын пайдалануу” деген темада, Окуу керемет долбоору боюнча №18 Ж.Бешимов атындагы орто мектебинде“Китеп-акыл азыгы,китепкана-дил азыгы” деген темада, №42 Х.Исаев  атындагы негизги мектебинде“Көп тил билүү учурдун талабы” темасында, №2 А.Тураббаев атындагы орто мектебинде“Strong and Weak” темасында англис тили предметинин, №24 Токтогул орто мектебинде“Башталгыч мектептерде күн сайын жазуунун стратегиялары”темасында  жана башка көптөгөн мектептерде райондук семинарлар болуп өттү.

Өткөрүлгөн бардык семинар-тренинг, иш-чараларга мугалимдер мыкты катышуу менен өздөрүнө көптөгөн жардамдарды ала алды деп ойлоймун.

Билим берүү системасын бекемдөө жана окуучулардын предметке болгон кызыгуусун шыктандыруу максатында төмөндөгүдөй негизги жүргүзүлгөн иш аракеттер жана аткарылган иштерди  атоого болот.

  1. 3 жыл аралыгында3-4; 5-9-класстар арасындагы райондук деңгээлде предметтик олимпиадалардын уюштурулууда. Жалпы район боюнча 1500 миңден ашуун окуучулар катыша алышты. Ушундай үзгүлтүксүз иш алып баруунун жыйынтыгы менен жетишкендиктерге жетише алдык. Райондук жана республикалык олимпиаданын жыйынтыктары  менен 2021-жылдын  24-майында  “Сен бүгүн башкалар аткара албаган ишти аткар, эртең башкалар жашай албаган жашоодо жашайсың!” ураан астында олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө арналган чоң иш чара болуп өттү. Иш чарага Республикалык предметтик олимпиаданын областтык, республикалык этаптарында байгелүү орунду алган окуучулар жана 3-9-класстарынын предметтик олимпиадасында 1-орунду багындырган жалпы 150 окуучу катышып, райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак Грамотасы менен жана жеке демөөрчүлөр тарабынан чакан фуршет, шириндиктер берилди.
  2. Мектептерде окуучулардын музыкага болгон сүйүүсүн жандандыруу, шыгын ойготуу, улуттук ыр-бийлерди, улуттук музыкалык аспаптарды даңазалоо жана аспаптпрда аткаруучулугун өстүрүү максатында “Салттуу музыка жумалыгы” жарыяланып,  иш чаралар өткөрүлдү.
  3. №1 Т. Балтагулов мектебинин окуучусу Камбаралиев Нурисламдын демилгеси менен “Өзгөрүүнү өзүндөн башта” долбоору ишке ашып.  Районунубуздагы  мектеп окуучулары арасында семинар тренингдер уюштурулуп, окуучулар арасында бир канча жакшы жыйынтыктарды берди
  4. Окуучулар арасында ар кандай тартип, укук бузуулар,  өз өмүрүнө кол салуу жана башка кокустуктарын алдын алууда профилактикалык иштер жүргүзүлүп турат, мектептерде ата-энелер чогулуштарын жана коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү, ошондой эле, ар кандай кылмыштуулуктарга жол бербөө максатында окуучулар арасында ар түрдүү темаларда тарбиялык сааттар, конкурстар өткөрүлүп, иш-чараларды, тегерек столдорду өткөрүү колго алынды.
  5. Ала-Бука районунун уулу, жеке ишкер Карипов Тимурландын жеке колдоосу менен 350 даана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жана мектеп китепканасы үчүн “ЖРТга даярдоо” боюнча тесттик китептер тапшырылып, бүтүрүүчүлөргө дем күч бере алды.

Узак мөөнөттүү программаларыбыз бири болгон- Мамлекеттик тил Мыйзамынын ишке ашырылышы боюнча да мыкты жетишкендиктерге жетише алдык: 

  1. Мамлекеттик тилди өркүндөтүү багытындагы түрдүү темаларды балдарга жеткирүү, балдардын мамлекеттик тилде туура сүйлөө жана жаза билүү жөндөмдүүлүктөрү арттыруу, тилге болгон кызыгуусу жаратуу, ар бир билим берүү мекемелеринде ички-тышкы көрнөк–жарнактардын жазылышына, кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин сакталышына көңүл буруу күчөтүлдү.
  2. Ошондой эле, “Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча  чаралар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында  көөнөрбөс “Манас” эпосун кеңири жайылтуу, жаш өспүрүмдөрдүн аң-сезимин, сөз байлыгын өстүрүү,  окуучулардын арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында бардык мектептерде “Манас” кабинеттери, “Манас таануу” ийримдери уюштурулган.
  3. “Манас таануу” интеллектуалдык конкурсу аймактар аралык жана райондук деңгээлде өткөрүлүп, жалпы 35 команда катышты жана Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн “Манас таануу” интеллектуалдык конкурсунда №9 Т. Жоробаев атындагы орто мектебинин “Көөнөрбөс булак” командасы 1-орунду ээлеп, Республикалык турдаорус-өзбек класстарынын арасынан байгелүү 3-орунду ээлешти. Жеңүучү окуучулар жана даярдаган мугалими смартфон кол телефондору, “Манас” томдуктары салынган рюгзактар, грамоталар менен сыйланышып, “Манас ордого” (Талас шаары) 2 күндүк эс алууга барып келишти.
  4. “Мугалим – чырпыктан чынар өстүрөт” темасында өткөрүлгөн республикалык онлайн китеп окуу конкурсунда №18 Ж. Бешимов атындагы орто мектебинин жалпы жамааты активдүү катышып, долбоордун уюштуруучулары тарабынан  Грамота жана белектерди алышса, №8 Октябрь атындагы орто мектебинин тарых мугалими Абдуллаев Фарух Ысык-Көлгө 10 күндүк эс алуунун путевкасын утуп алды.

Жалпы билим берүүчү мектептердеги  класстан жана мектептен тышкаркы өткөрүлгөн иш-чаралар өз деңгээлинде аткарылды:

               Жалпы билим берүүчү мекемелеринде “Дени сак улут-дени сак өлкө”  узак мөөнөттүү программасы, түрдүү инфекциялардын таралышынын жана КОВИД-19 оорусунун алдын алуу боюнча бардык санитардык-гигиеналык талаптарды аткарууга жетишти. 

  1. Окуучуларды адабий окууга тартуу, ой өрүшүн текшерүү, окууга кызыктыруу максатында “Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө” карата, 
  2. Кыргыздын көрүнүктүү саясий ишмери, мамлекетти түптөгөн, ак ниет, эмгекчил, чынчыл, тайманбас уул, улуттук лидер болгон чыгаан инсан Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык урматына, 
  3. Алгачкы агартуучулардын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына,
  4. Кыргыз тил илиминин негиздөөчүүсү, кыргыз жазма адабиятынын баштоочусу, акын, драматург, мамлекеттик жана коомдук ишмер. биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата онлайн жана офлайн түрүндө ар кандай багыттагы иш чаралар, даталуу күндөргө карата иш-чаралар санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлүп келди.

Билим берүүчү мекеме  уюмдарынын техникалык каражаттар -технологиялык маалыматтар жана  интернет түйүнү менен байланышы, байланыштагы көйгөйлөрү,

Мектептер жана мектепке чейинки мекеме уюмдары министрликтин, ата-энелердин, көмөкчү чарбалардын, эл аралык уюмдардын  жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен материалдык техникалык база чыңдалууда.

  1. 2021-2022-окуу жылына карата 38 мектепте 656 даана, 28 балдар бакчасында 178  даана видео көзөмөл орнотулуп,  жалпысынан 834 камера орнотулду.
  2. Ал эми 30 мектеп жана 3 балдар бакчасы 55 даана “акылдуу доска” менен  камсыз болушкан. Мектептерде жалпы34 компьютердик класста 595 комплект компьютер бар.Мындан сырткары ар бир балдар бакчасында бир комплекттен жеке компьютер жана принтерлер бар.
  3. 26 мектепте “Айспейс” жана 2 мектепте “Кыргыз телеком” ишканасы аркылуу кабелдик, ал эми 17 мектепте модем аркылуу интернет түйүнүнө киришет. Байланыш ылдамдыгы 30-70 Мбит/сек. Тоолуу аймактарда байланыш каражаттары жана ылдамдыктары өтө төмөн. Көйгөй жаралган учурда керектүү провайдерлер менен келишимдин негизинде ордуна келтирилүүдө.

Жалпы билим берүүчү  мектептердин  окуу  китептери  жана   окуу усулдук  адабияттар  менен  камсыз    болуусу:

Жыл жыйынтыгында былтыркы окуу жылына салыштырмалуу район боюнча 2020-2021-окуу жылында фонддогу китептер 86 %, камсыз болуу 78% түздү.

Ал эми былтыркы окуу жылына салыштырмалуу фонддо 3% жана окуучунун колундагы камсыз болуу 1%  өстү. Мектептин китепканасындагы окуу китептери  толугу менен инвентаризациядан өткөндөн кийин ар бир окутуу тили жана класстары боюнча бөлүнүп, кайрадан каттоо көзөмөлү жүргүзүлүп турат.

“Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюму

Билим берүү мекемелеринин  кезектеги ремонт иштеринин жана мектептин жаңы имаратынын курулушу, капиталдык ремонт иштеринин жүргүзүлүшү боюнча:

1). Кезектеги ремонт иштерине:  а) Республикалык бюджеттен –1 млн 427 миң 400 сом; б) Жергиликтүү бюджеттен  1млн 512 миң 400;

в) ата-энелер жана демөөрчүлөрдөн 509 миң 100 сом, жалпысынан 3 млн 448 миң 900 сом жумшалган;

2). Райондун жалпы билим берүүчү мектептердин курулушуна республикалык бюджеттен 74 млн жана жергиликтүү бюджеттен 25 млн сом каралып, жалпысынан  99 млн сом болду, ал эми кошумча курулуш жана капиталдык ремонтторго жалпысынан: 18 млн 429 миң 300 сом акча каражаты жумшалды.

3). Жергиликтүү бюджеттен, ата-энелер, демөөрчүлөр жана көмөкчү чарбадан түшкөн акча каражаты анти вирустук дез каражаттарга , МТБ чыңдоого, ТСО жана мектептин инфраструктурасын өстүрүү үчүн – 18 млн 349 миң 600 сом;

4). Долбордун негизинде кошумча курулуштарга (ашкана, көмүркана) жана МТБ чыңдоо үчүн тартылган инвестиция:-  8млн 713миң 400сом

5). МЧББУ жалпысынан МТБсын чыңдоого  жана кезектеги ремонт иштерине тарткан инвестиция 6  млн 280 миң 400 сом.

2020-2021-окуу жылында райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерден кезектеги ремонт иштерине тарткан инвестиция 6 млн 280 миң 400 сом акча каражаты түздү.

Райондогу жаңы курулуп, пайдаланууга берилген жана берилүү алдында турган мектептер:

  1. №5 Ы. Чангылов  атындагы орто мектебинин  жаңы 225 орундуу  имаратынын курулушу  пайдаланууга берилди.
  2. №32 Р. Исаков атындагы орто мектебинин кошумча курулушунун 125 орунду жаңы имараты учурда аяктоо алдында турат.

Ал эми, райондогу курулуп жаткан мектептер жана МЧББУры төмөндөгүлөр:

  1. Жаңы-Шаар орто мектебинин  150 орунду жаңы имараттын курулушу жүрүп жатат;
  2. Ал эми 1-Май айылдык аймагына караштуу Ажек жана Кара- Үнкүр орто мектептеринин жаңы имаратынын курулуштары башталган.
  3. Ошондой эле, “Чынар”, “Баластан”, “Ширин” жана “Мээрим” мектепке чейинки мекеме уюмдарынын жаңы имараттары райондун “Өнүктүрүү фондунан ” жана Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен курулуп жатат.

Мектептин аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнчажалпы билим берүү уюмдарында көзгө көрүнөорлүк иштер аткарылды:

  1. КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган “Жашыл мектеп” акциясына, “Областтын аймагындагы жалпы билим берүүчү уюмдардын  айлана-чөйрөсүн,  санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу  жөнүндөгү” буйрук- Жоболоруна ылайык жалпы билим берүүчү мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы уюмдар жигердүү катыша алышты. Атап айтсак: №1 Т.Балтагулов, №2 А.Тураббаев, №4 А.Акпаралиев,Сафед-Булон гимназия, Октябрь мектептерин атоого болот.

Окуу-тарбия иштериндеги жетишкендиктери менен кошо Спорттук жетишкендиктерге токтолсом

  1. Жалал-Абад шаарында спорттун волейбол түрү боюнча Жалал-Абад облустук БӨСМ нин ачык биринчилиги мелдешине Ала-Бука райондук  билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин терме командаларынан волейбол уул балдар жана кыз балдар командалары 3-орунга ээ болушту.
  2. Бокс боюнча Кыргызстан биринчилигинде 58кг салмакта Камбаралиева Дилорам жана 55кгсалмакта Базаркулова Азиза №1 Т. Балтагулов мектебинин окуучулары байгелүү 1-орунду ээлеп. Азия биринчилигине жолдомо алышты
  3. Спорттун Стол теннис түрү боюнча Кыргызстан биринчилигинде  №1 Т. Балтагулов мектебинин окуучусу Файзуллаев Жамшит жана №46 Багы-Шамал мектебинин окуучулары Жураева Дилноза байгелүү 3-орунду ээлеп районубуздун атын чыгарып келишти.
  4. Мугалимдердин областтык спартакиадасы Ала-Бука районунан тандалып чыккан курама командалар барып спорттун Стол үстүндө теннис, кичи футбол жана стритболлдон байгелүү 1-орунду жана стол үстүндө теннис аялдар командасы 2-орунду камсыз кылышты.
  5. Чолпон-Ата шаарына мугалимдердин “Ден соолук-2021”Республикалык спартакиадасында биздин райондон барган мугалимдер спорттун стол үстүндө тенис түрү боюнча байгелүү 3-орунду ээлеп диплом медалдар менен сыйланышты.

Ысык тамакжалпы район боюнча учурда 23 мектепте ысык тамак уюштурулган, 3 мектеп сентябрь айына ысык тамак берүүгө даяр алар  №12 А. Атамов, №8 Октябрь, № 14 Н. Жайлообаев мектептери,ал эми 19 мектеп шашке чай беришет.

2021-2022-окуу жылынын негизги милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин   “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү   жана дене тарбиясы жөнүндө”  2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 Жарлыгын  турмушка   ашыруу
  • “Коопсуз мектеп” программасынын негизинде бардык мектеп, МЧББУда видеокөзөмөлдү толук орнотууга жетишүү;
  • Мектеп мугалимдеринин педагогикалык чеберчилигин арттыруу  жана окуучулардын китепке болгон кызыгууларын арттыруу максатында мектептерде “Электрондук китепканаларды түзүү”
  • Физика, химия, биология лабораториялык кабинеттери жок мектептерде виртуалдык лабораториялык сабактарды өтүүгө жетишүү;
  • Окуунун эффективдүүлүгүн көтөрүү максатында, интерактивдүүү доскалар менен камсыздоого жетишүү жана интерактивдүү доскада иштөө боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу;
  • Сапаттуулукту көтөрүү максатында предметтик олимпиадалардын суроолорунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу багытында иш алып баруу;
  • Предметтик олимпиадаларды 3-4-класстар арасында, 5-9-класстар жана 10-11-класстар арасында мектептик жана райондук турларын жогорку деңгээлде өткөрүүнү улантуу;
  • Предметтик мугалимдердин чеберчилигин арттыруу,  усулдук жардамдарды күчөтүү, жаш кадрларга жардам берүү максатында райондук жана аймактык деңгээлде мугалимдер үчүн өткөрүлүүчү семинарлардын эффективдүүгүнө көңүл буруу,  өткөрүү тартибин жана максатын аныктоо менен уюштуруу;
  • “Медиасабаттуулук”, “Санарип мугалим” боюнча мугалимдердин техникалык-компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча  курсттук окууларды уюштурууга жетишүү;
  • Азыркы учурда мектепке чейинки мекемелерге балдарды тартуу талабы күчөгөндүктөн Бирлешкен, Ажек, Кара-Үңкүр, Өрүктү –Сай айылдарына бирден бала бакча куруу боюнча сунуштарды даярдоо жана аларга штат бирдиктерди чечүү;
  • Имараты авариялык абалда болгон Ж.Бөкөнбаев, М.Сарыбаев атындагы, Кара-Үңкүр, Совет орто мектептеринин, Тилек балдар бакчасынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн имараттарын курулушун инфраструктураны өстүрүү долбоорго киргизүү боюнча иш алып баруу;
  • Окуучулар арасында райондук деңгээлде интелектуалдык иш-чараларды өткөрүү,
  • Башталгыч класстардын мугалимдерине усулдук жардамдарды берүү жана башталгыч билим берүүнү жакшыртуу максатында райондук, айыл аймакттык семинарларды аймактар аралык уюштуруу;
  • Мектептердеги предметтик ийримдердин жана акы төлөнүүчү ийримдердин ишин жандандыруу багытында иш алып баруу;
  • Мамлекеттик тил мыйзамынын 32 жылдыгына карата райондук деңгээлде практикалык конференция өткөрүү;
  • Райондо бир “Акылдуу мектеп” моделин түзүү, ошонун үлгүсүндө кийинки жылы ар бир айыл өкмөттө бирден үлгүлүү мектеп түзүүгө жетишүү;
  • Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапаттуулугун арттыруу максатында, бардык 29 МЧББУда иш алып баруу менене анализдөө;
  • Райондук билим берүү бөлүмүндөгү усулдук кабинеттин ишмердүүлүгүн күчөтүү;
  • Оригиналдуу идеяларга бай кызматкерлердин жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин  иш тажрыйбасын жайылтуу максатында, ар бир коллегиялык отурумга докладдык билдирүүлөрүн уюштуруу;
  • Айры-Там жана Сафед-Булон гимназия мектептеринин окуучуларынын арасында тажрыйба алмашуу аркылуу билим сапатын көтөрүү багытында биргелешкен иш пландын негизинде иш алып баруу;
  • Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын (Д.Шабданов а.ББББ, БЧҮ) ишинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында, райондук деңгээлде иш-чараларын, отчеттук концерттерин уюштуруу;
  • Райондук деңгээлдеги”Устат-шакирт” мектебинин ишин жандандыруу;
  • Ыссык тамакка өтпөгөн мектептер менен тыгыз иш алып баруу;
  • “Алтын тагага кадам” Жобосунун негизинде алгылыктуу иштери жүргүзүү жана көрсөткүчтөргө жетишүү,
  • PISA окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун  Эл аралык изилдөөсүнө  карата мектептерде предметтер боюнча даярдоо иш-чараларын  баштоо.
  • Райондук деңгээлде “Энелер мектебин” түзүүгө жетишүүнү көздөп жатабыз.

Сөзүмдүн аягында, жалпы бүгүнкү конферециянын катышуучулар, урматтуу мугалимдер, педогогикалык кызматкерлер жаңы окуу жылынын башталышы менен “Сапаттуу  тарбия берүү жана окутуу-өлкөнүн өнүгүусүнүн жана өркүндөшүнүн кепилдиги” ураанын астында жигердүү эмгектенип, бийик жетишкендиктерге жетишели! Рахмат баарыңыздарга.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17