Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
721 Бардыгы / Centerra Gold компаниясы Кумтөр алтын кенинин бүтүндүгүн, узак мөөнөттүк иш жөндөмдүүлүгүн сактап калуу жана талкаланып жок болуп кетүүдөн коргоо үчүн эл аралык арбитраждык сотко кайрылат. Ишкана 28-сентябрда тараткан маалыматта, Кыргызстан өкмөтүнүн аракети кендин ишинин туруктуулугуна коркунуч келтирет деп билдирген. Ага ылайык, Centerra Gold Inc компаниясы 27-сентябрда кыргыз өкмөтүнө жана “Кыргызалтын” ишканасына каршы токтоосуз […]
722 Бардыгы / Centerra Gold компаниясы Кумтөр алтын кенинин бүтүндүгүн, узак мөөнөттүк иш жөндөмдүүлүгүн сактап калуу жана талкаланып жок болуп кетүүдөн коргоо үчүн эл аралык арбитраждык сотко кайрылат. Ишкана 28-сентябрда тараткан маалыматта, Кыргызстан өкмөтүнүн аракети кендин ишинин туруктуулугуна коркунуч келтирет деп билдирген. Ага ылайык, Centerra Gold Inc компаниясы 27-сентябрда кыргыз өкмөтүнө жана “Кыргызалтын” ишканасына каршы токтоосуз […]
CENTERRA GOLD КУМТӨР БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК АРБИТРАЖДЫК СОТКО КАЙРЫЛАТ
28.09.2021 / Автор anarkan_kg723 Бардыгы /
Centerra Gold компаниясы Кумтөр алтын кенинин бүтүндүгүн, узак мөөнөттүк иш жөндөмдүүлүгүн сактап калуу жана талкаланып жок болуп кетүүдөн коргоо үчүн эл аралык арбитраждык сотко кайрылат.
Ишкана 28-сентябрда тараткан маалыматта, Кыргызстан өкмөтүнүн аракети кендин ишинин туруктуулугуна коркунуч келтирет деп билдирген.
Ага ылайык, Centerra Gold Inc компаниясы 27-сентябрда кыргыз өкмөтүнө жана “Кыргызалтын” ишканасына каршы токтоосуз чара көрүүнү эл аралык арбитраждык соттон өтүнөрүн жарыялады. Centerra ишканасынын беш жыл бою Кумтөр кенин башкарып келген операциялык директору Дэн Дежарден кыргыз өкмөтүн Кумтөр алтын кенин мыйзамсыз басып алууга айыптаган.
“Кумтөр кенин мыйзамсыз басып алгандан кийинки кыргыз бийлигинин билдирүүлөрү кенди бекитилген план боюнча иштетпей, зыянга учуратууга алып келерин ачыктап турат. Акыркы маалыматтар боюнча өкмөт кендин айланасындагы инфраструктураны суу ташкындан коргой албай, өндүрүштө кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Алардын жалаң пайда көздөгөн аракети Кумтөр алтын кенине жана андагы жумушчулардын коопсуздугуна коркунуч келтирет”,-деген ал.
Мындан тышкары Centerra арбитраждык соттун чечими чыкканга чейин чукул соттук чаралар аркылуу кыргыз өкмөтүнө бир катар жоопкерчиликтерди артууну өтүнүүдө. Алар:
-Кыргызстандын бийлигин кыргыз өкмөтү тарабынан 2021-жылы Кумтөр алтын кенин иштетүү планын аткаруудан карманууга жана кендин иши тууралуу “Центеррага” маалымат берип турууга;
-Кыргызстанды жана “Кыргызалтын” ишканасын Centerra жана “Кумтор голд компани” ишканасынын активдерин тиешелүү каттоосуз жана үстөк төлөмдөрсүз алуудан карманууга;
-Кыргызстанды жана “Кыргызалтын” ишканасын арбитраждык процесске кийлигишүүдөн, анын ичинде жасалма айып пулдар, салык жана соттук териштирүүлөр, Центерранын өкүлдөрүн жана жумушчуларын коркутуп-үркүтүүлөр аркылуу кийлигишүүдөн карманууга милдеттендирүү.
Инвестициялык келишимдерге ылайык, Центерранын дооматтары Стокгольмдогу арбитраждык сотто каралат. Туруктуу арбитраждык сот лорд Хоффманнды Кумтөр маселесинде арбитр кылып шайлаган. Бул сотто АКШнын Нью-Йорк штатынын жана Англиянын мыйзамдары иштейт.
Centerra ошондой эле Кумтөр алтын кенин “Кумтор голд компани” аркылуу 20 жылдан ашуун улам алмашкан өкмөттөр менен макулдашуу аркылуу ийгиликтүү башкарып келгенин билдирген. Ишкана кендин ишин 2031-жылга чейин узартуу үчүн 2 млрд доллар инвестиция кылууну көздөгөнүн да айткан.
“Суу насосторунун туура эмес иштөөсүнөн карьердин тосмосу бузулуп, жарылат. Атайын суу насостору үчүн 2015-жылдан бери “Центерра” эриген мөңгү суусу карьерди каптап кетүүсүнүн алдын алуу үчүн атайын насостук системанын курулушуна 10 млн доллар сарптаган. Акыркы убактардагы сүрөттөрдө карьердин четин суу каптаганын, карьердин түбүнө да суу топтолгонун көрүүгө болот. Бул кендин кыйроосуна алып келет. Мындан тышкары кендин азыркы жетекчилиги жер алдынан кен казууга өтүүгө аракеттенүүдө. Бул орду толгус зыянга алып келет. Centerra буга чейин атайын иликтөөчү компаниянын корутундусуна ылайык, жер алдынан кен казуу “Центерранын” көп жылдык инвестициясын орду толгус зыян келтирет”, -деп жазылган маалыматта.
Мурдараак Centerra кыргыз өкмөтүн “Кумтор Голд Компани” ишканасын “сырттан башкаруу” жүйөөсү менен ээлеп алганы жана активдеринен ажыратканы үчүн сотко берген.
Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия “Центерра Голд” Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.
WWW.
Канадалык “Центерра Голд” компаниясы дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
-
11.04.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАН КАЗАКСТАНГА ЖӨНӨТКӨН ГУМЖАРДАМ ТӨРТ ОБЛУСКА БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.