Аймак

БИШКЕКТЕ АК ИЛБИРСТИ КОРГОО БОЮНЧА ЖАРЫШКА 4 МИҢГЕ ЖАКЫН АДАМ КАТЫШТЫ

БИШКЕКТЕ АК ИЛБИРСТИ КОРГОО БОЮНЧА ЖАРЫШКА 4 МИҢГЕ ЖАКЫН АДАМ КАТЫШТЫ

 1,011 Бардыгы /

БИШКЕК. Жекшемби күнү, 26 -сентябрда Бишкек шаарында “Ак илбирсти сактайбыз” (Toyboss Snow Leopard Run -2021), жарым марафону Nomad Sport тобу тарабынан уюштурулуп, Бишкек мэриясынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Көптөн күткөн бул иш-чараны (былтыр пандемияга байланыштуу жарыш болгон эмес) борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев ачты.

«Бүгүнкү күндө спорт менен машыгуу модага айланды. Жарышка түшүүдөн улам, сергек жашоого умтулган адамдардын саны көбөйөт деп мен ишенем. Иш –чаранын дагы бир маанилүү максаты бул – ак илбирсти сактап калуу. Бул жасалып жаткан иштер өз жемишин берет деген ишеним бар», – деп билдирди шаар башчы.

Быйылкы жылы эл аралык жыл сайын өтүүчү бул жарым марафонго Кыргызстан Россия, Казакстан, Украина, Өзбекстан, Беларусиядан келген жөө күлүктөр катышышты. Жалпысынан жарыштөр таралыкка: 1, 5, 14 жана 21,1 км чуркоого каралган. Ошондой эле 3 жаштан 10 жашка чейинки балдар да катышып, 100, 200 жана 500 метр аралыкка чуркашты.

“Кесипкөйлөр” категориясындагы 21,1 км созулган жарым марафондук аралыкта Игорь Порозов, Александр Салахудинов жана Бекбасар Алик уулу байгелүү орундарга ээ болушту. Аялдар арасында эң жакшы жыйынтыктарды Мария Коробицкая, Наталья Лехонкова жана Ситора Хамидовалар көрсөтүштү. Мындан сырткары ар бир беш жаштык топто жана “көзү азиз күлүк” категориясы боюнча үч жеңүүчү аныкталды.

Титулдук өнөктөштөн “Ак илбирсти сактайбыз” жарышынын байге фонду 200 миң сомду түзүп, ал акча жарым марафондун жеңүүчүлөрүнө 3 миңден 8 миң сомго чейин бөлүштүрүлүп берилди. Жаш курак категориялары боюнча эң мыкты күлүктөр 5 жана 14 км аралыктарга да аныкталды.

«Старт форс-мажорсуз өттү. Биз Бишкек мэриясы, Президенттин Аппараты, ШИИБ, ЖКККБжана башка шаардык кызматтар өңдүү, ири мамлекеттик колдоону көрө алдык жана аларга терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле бул жылы миңден ашуун адамдан турган рекорддук сандагы ыктыярчылар жарышты өткөрүүгө тартылышты. Жалпысынан биз жыйынтыкка канааттандык”, – деп билдирди спорттук иш –чаранын жыйынтыгын чыгарып жатып Nomad Sport коомдук бирикмесинин төрагасы Арслан Малдыбаев.

Уюштуруучулардын айтымында, ири стартка жалпысынан 4 миңге жакын адам катышты. Старттык жыйымдын бир бөлүгү (суммасы азырынча эсептелип жатат) Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) багытталат. 2019 –жылкы жарышта чогултулган акчага 32 фотокапкан сатылып алынган. Бул жолу уюштуруучулар тоолуу аймакта иштеген токойчулар үчүн эки «Нива» авто унаасын сатып алууну пландаштырып жатышат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17