Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,061 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарына барып, жаңы түптөлүп баштаган фельдшердик-акушердик пунктун пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, пандемия учурунда Майлуу-Суу шаарында да абал курчуп, мындай медициналык мекемеге муктаждык пайда болгон. Ага ылайык, Төрага Талант Мамытовдун демилгеси […]
1,062 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарына барып, жаңы түптөлүп баштаган фельдшердик-акушердик пунктун пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, пандемия учурунда Майлуу-Суу шаарында да абал курчуп, мындай медициналык мекемеге муктаждык пайда болгон. Ага ылайык, Төрага Талант Мамытовдун демилгеси […]
ЖКнын ТӨРАГАСЫ ТАЛАНТ МАМЫТОВ ЖАЛАЛ-АБАДДА ИШ САПАРЫ МЕНЕН ЖҮРӨТ
08.10.2021 / Автор anarkan_kg

1,063 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарына барып, жаңы түптөлүп баштаган фельдшердик-акушердик пунктун пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, пандемия учурунда Майлуу-Суу шаарында да абал курчуп, мындай медициналык мекемеге муктаждык пайда болгон. Ага ылайык, Төрага Талант Мамытовдун демилгеси менен “Ассанабил” фонду ФАПтын курулушун баштоодо. Мэрия саламаттыкка кам көрүү жайы үчүн шаардагы ыңгайлуу аймактан жер тилкесин бөлүп берген.
Капсула салуу аземинде Талант Мамытов дени сак улуттун деми күчтүү болоорун белгилеп: “Фельдшердик-акушердик пунктун жоктугу шаардагы негизги көйгөйлөрдүн бири болчу. Көп учурларда шаар тургундары башка жактарга барууга мажбур эле. Эми бул имарат бүтсө, заманбап медициналык жабдыктар менен жабдылат. Томмография, рентген, УЗИ аппараттары алынып келинмекчи. Саламаттык сактоо кызматкерлери жарандарга жакшы тейлөө көрсөтсүн деген ниетте бүгүн капсула салуудабыз. Буйруса имараттын ачылуу аземине да келебиз, амандыкта бололу”,- деди.
Андан соң төрага Ноокен районундагы Киров айыл аймагында курулган бала бакчанын ачылыш аземине катышты. Айылда мектеп жашына чейинки 240 бала болгондуктан, бакча өтө зарыл болгон. Ага ылайык айыл тургундары Жогорку Кеңештин төрагасына кат менен кайрылышкан. Төрага Талант Мамытов бул кайрылууга ылайык, “Ассанабил” фондусу менен сүйлөшүү жүргүзүп, натыйжада аз убакытта бала бакча курулуп колдонууга берилди.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын колдоосу менен бул аймакка дагы 150 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатканын белгилеген айыл тургундары ыраазычылыгын билдиришти.
Талант Мамытов балдардын билим жолу бала бакчадан башталарын белгилеп: “Ушул бакчадан эл-жер үчүн кызмат кылган инсандар өсүп, чыксын. Билим уясы болгон ак бешик имаратыбыз баарыбызга кут болсун”, – деген каалоосун айтты. Муну менен катар төрага тарбиячы-мугалимдерди жакында болуп өткөн кесиптик майрамы менен куттуктап, бала бакчага ала барган белектерин тапшырды.
Эскерте кетсек, бала бакчанын курулушу май айында башталган.
Ал эми Ноокен районуна болгон иш сапарында Төрага Талант Мамытов айылдагы үйлөргө таза суу киргизилгенине күбө болду. Белгилүү болгондой көп жылдар бою Киров айыл аймагынын эли унаа менен суу ташып ичип келишкен. Ага ылайык, төрага Талант Мамытов ичүүчү суу чыгарууга каржы табууга көмөктөшкөн. Ошондой эле жашоочулар да өз салымын кошуп, 10 чакырым жерден суу тартылып келинди.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында буга чейин 168 млн сомго бааланган долбоору ишке ашпай, таза суу чыкпай калган. “Бирок бул ирет жалпы жонунан 2 млн сом гана жумшалып, таза суу чыгарылды”, – деди жергиликтүү активист.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
-
24.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна АРСТАНБАП-АТА: СЕЛ КАПТАГАН АЙМАКТЫН 60%ТАЗАЛАНДЫ
-
31.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЭЛ АРАЛЫК БАҢГИ ТОБУНУН МҮЧӨСҮ 15 КГ БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛДЫ
-
07.08.2024 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ӨРҮКТҮН ИНСТАЛЛЯЦИЯСЫ ОРНОТУЛДУ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.