Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,675 Бардыгы / Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин! Аалы ТОКОМБАЕВ. Кыргыз Эл акыны. ***** ***** Ким жакшы иштерди жасаган болсо, унчукпасын! Ал ким үчүн кылынган болсо, ошол айтсын! СЕНЕКА, улуу ойчул Дагыле эсибизде. 2010-жылдагы июнь коогалаңында – Улуттар […]
1,676 Бардыгы / Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин! Аалы ТОКОМБАЕВ. Кыргыз Эл акыны. ***** ***** Ким жакшы иштерди жасаган болсо, унчукпасын! Ал ким үчүн кылынган болсо, ошол айтсын! СЕНЕКА, улуу ойчул Дагыле эсибизде. 2010-жылдагы июнь коогалаңында – Улуттар […]
МАРКУМДАР ДАҢКТАЛМАЙЫН, ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ!
01.12.2021 / Автор anarkan_kg1,677 Бардыгы /
Өмүр бизден өтүп кетсе,
Эл эмгектен эскерсин!
Аалы ТОКОМБАЕВ.
Кыргыз Эл акыны.
Ким жакшы иштерди жасаган болсо,
унчукпасын! Ал ким үчүн кылынган болсо,
ошол айтсын!
СЕНЕКА, улуу ойчул
Дагыле эсибизде. 2010-жылдагы июнь коогалаңында – Улуттар аралык араздашуу маалында далай эр азаматтарыбыз өз өмүрлөрүн тобокелчиликке байлашып, кыйын кезеңде эрдиктин кашкайган үлгүсүн көрсөтүшпөдү беле. Тилекке каршы, ошол баатырларыбыздын биринин дагы каармандыгы эмдигиче калыс жана татыктуу бааланбастан, а түгүл мамлекетибиз тарабынан жетиштүү сый-урматка дагыле татый элек. Биз төмөндө ушундай залкарларыбыз жөнүндө өзүнчө кеп кылууну туура таап олтурабыз.
Абдыш ТУРДУКУЛОВ, милициянын ардагери: – Агезде, тактап айтканда, 2010-жылкы июнь коогалаңынын тушунда Адылбек Султанов Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги эле. Ал эми милициянын старшинасы Уран Шамурзаев анын кызматтык унаасын гана айдачу. 2010-жылдын 13-июну. Кыргыз-Өзбек араздашуусу ыраса кычаган маалы. Дээринен сергек, акылы абдан тетик Адылбек Султанов Кара-Суу районундагы Нариман Айыл Өкмөтүндө жергиликтүү эл кадимкидей өз ара атышып жатышкандыгын эшитип, район акиминин орун басары Абдистар Шаятовду жанына олтургузуп, колуна курал дагы албастан, а түгүл табелдик тапанчасын деле таштап, калк менен бетме-бет жолугушууга барат. Калк тынч топтолгон жайга жакындаганда, котологон тополоңчулар Абдисатар Шаятовду дароо башка жакка бөлүп кетишет. Ал эми Адылбек Султанов менен Уран Шамурзаевди кызматтык “Жигули” автоунаасынан дароо эле сүйрөп чыгышып, кепке келишпестен көптөп уруп-согушуп, андан ары экөөнү тең абдан кыйнап, мыкаачылык менен гана өлтүрүшөт. Эң акырында полковниктин денесин өрттөп дагы ийишет. А айдоочусунун – старшинанын башып кескилешип, кадимкидей эле куйкалап ташташат. А түгүл акырында маркумдун эки көзүн тең оюшуп, а кулактарын барчалап кескилешет. Кайран кесиптешибиз Адылбек Султанов кара жанын ойлосо, жумушунда тынтынч эле олтурса, буларды ким урушмак?!? Жок! Тескерисинче, өмүрүн өлүмгө байлашып, эрдиктин кашкайган үлгүсүн көрсөтүшпөдүбү. Ошондуктан, булардын экөөнө тең “Кыргыз Эл Баатыры” наамын кечеңдетпестен ыйгаруубуз кажет! Ошондо гана укук коргоо органдарына эмгектенгендердин патриоттук духу ыраса көтөрүлүп, мекенчилдик сезими ого бетер өөрчүйт, эй!
Камчы БАЙБАЛАЕВ, Ички иштер кызматынын ардагери: – Мына, арадан он бир жылдан ашуун убакыт агылды. Албетте, бул оңой мезгил эмес! Эмнегедир Адылбек Султановго жана Уран Шамурзаевге “Кыргыз Эл Баатыры” наамын эмдигиче ыйгарышпастан келатышат. Бишкек шаарында 2010-жылкы апрель ыңкылабына таптакыр катышпаган эле соодагер Орусияда жүрүп “Аперль ыңкылабынын Баатырына” айланды. Муну экс-президент Алмазбек Атамбаев билсе дагы, кийинчерээк өз Указын жокко чыгарган жок! Деги биз качан Ала кушту атынан атаганды, анан дагы пенде мээнетин – эрдигин калыс баалаганды үйрөнөбүз, эй?
Өмүрбек КЫЛЛАНОВ, милициянын ардегери: – Биз, милициянын ардагерлери, мурунку Президенттерибизге жана Жогорку Кеңеш төрагаларына далай ирет Кайрылуу жолдодук. Тилекке каршы, алардын бири дагы биздин муң-зарыбызды дыкаат тыңдап, анан арызыбызды окуп дагы коюшкан жок! Ана, мыйзамсыздыктын, элин тоготпогондуктун акыры эмне менен аяктады? Карасаңар, карапайым калк камын жебегендер бүт кызматтарынан кулатылды. Мен ойлоймун, азыркы президентибиз Садыр Жапаров жана жаңыдан куралган Жогорку Кеңешибиз өткөндөгү кесиптештеринин аянычтуу тагдырынан сабак алуусу кажет! Демек, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Адылбек Султановго жана милициянын старшинасы Уран Шамурзаевге “Кыргыз Эл Баатыры” наамы ыйгарылса, мындан баарыбыз тең эле сөзүз утаар элек…
Ошентсе дагы, Ош облустук ички иштер органдарынын ардагерлеринин президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңеш депутаттарына Кайрылуусу бул сапар көңүл сыртында калбайт деген терең ишеничтебиз! Анткени, маркумдарды биз бүгүн даңктабасак, тирүүлөр эч качан баркталбайт! Ушуну эзели унутпайлы, замандаштар?
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО 200гө ЧУКУЛ БАЙКЕР АТАЙЫН ЖҮРҮШ ЖАСАП, МОТОСЕЗОН АЧЫЛДЫ
-
25.05.2023 / Автор anarkan_kg АКЫРКЫ КОӉГУРООДО МИЛИЦИЯ КООМДУК ТАРТИПТИ КӨЗӨМӨЛДӨӨДӨ
-
02.06.2023 / Автор anarkan_kg ИЮНДА БЕНЗИН 3 СОМГО ЧЕЙИН КЫМБАТТАШЫ МҮМКҮН
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.