Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,078 Бардыгы / БИШКЕК. Кечээ, 7-декабрда Бишкекте Борбор Азиядагы чек араны башкарууга жардамдашуу программасынын (БОМКА) онунчу фазасынын бет ачары болду. Бул туралуу аталган уюмдан маалымдашты. Иш-чарада программанын максаттары жана милдеттери, ошондой эле аны аймактагы бардык беш өлкөдө ишке ашыруунун пландары сунушталды. Борбор Азиядагы чек араларды башкарууга жардамдашуу программасы (БОМКА) Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана Европа Бирлиги […]
1,079 Бардыгы / БИШКЕК. Кечээ, 7-декабрда Бишкекте Борбор Азиядагы чек араны башкарууга жардамдашуу программасынын (БОМКА) онунчу фазасынын бет ачары болду. Бул туралуу аталган уюмдан маалымдашты. Иш-чарада программанын максаттары жана милдеттери, ошондой эле аны аймактагы бардык беш өлкөдө ишке ашыруунун пландары сунушталды. Борбор Азиядагы чек араларды башкарууга жардамдашуу программасы (БОМКА) Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана Европа Бирлиги […]
ЕВРОПА БИРИМДИГИ ЧЕК АРАЛАРДЫ БАШКАРУУ БОЮНЧА ПРОГРАММАНЫН 10-ФАЗАСЫНА 21,65 МЛН ЕВРО БӨЛДҮ
08.12.2021 / Автор anarkan_kg

1,080 Бардыгы /
БИШКЕК. Кечээ, 7-декабрда Бишкекте Борбор Азиядагы чек араны башкарууга жардамдашуу программасынын (БОМКА) онунчу фазасынын бет ачары болду. Бул туралуу аталган уюмдан маалымдашты.
Иш-чарада программанын максаттары жана милдеттери, ошондой эле аны аймактагы бардык беш өлкөдө ишке ашыруунун пландары сунушталды.
Борбор Азиядагы чек араларды башкарууга жардамдашуу программасы (БОМКА) Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана Европа Бирлиги менен миграциялык саястатты өнүктүрүү боюнча Эл аралык борбордун өнөктөштүгүнүн консорциуму тарабынан ишке ашырылып жаткан алдыңкы программа болуп саналат. Өнөктөштөрдүн консорциумун Латвия Республикасынын Мамлекеттик чек ара күзөтү жетектейт. Жалпы бюджети 21,65 млн. еврону түзгөн онунчу фаза аймактагы эң ири демилге болуп эсептелет. Программа 2021-жылдын 1-апрелинде старт алып, аны ишке ашыруу мөөнөтү 54 айды түзөт.
Өзүнүн саламдашуу сөзүндө ЕБтин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала: «Борбор Азиядагы чек араны башкарууга жардам көрсөтүүбоюнча ЕБ программасын каржылоо менен Евро Биримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн регионалдык интеграциясына көмөктөшүүгө карата кызматташтыктын духу эң сонун чагылдырып турат. Евро Биримдик аймактык өз ара аракеттенүү менен интеграциялоо жалпы көйгөйлөрдү чечүү үчүн оптималдуу инструменттерди сунуштайт жана коопсуздукту менен туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт деп эсептейт.
Бир жагынан чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукту азайтуу үчүн чек ара көзөмөлүнүн ортосунда тийиштүү балансты табуу, экинчи жагынан чек арадан мыйзамдуу өтүүнү жана сооданы жеңилдетүү тапшырмасын аткаруу оңойго турбайт. Улуттук жана эл аралык координация жана бардык тиешелүү органдар, ведомстволордун ортосундагы кызматташтык чек араларды ачык, бирок көзөмөлдөнгөн жана коопсуз кылуу максатына жетүүгө жардам берет, – деди Латвиянын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, BOMCA 10 программасынын лидери Гунтис Пуджатс.
БОМКА программасынын негизги максаты – чек араны интеграциялык башкаруу аркылуу туруктуу экономикалык өнүгүүгө жеткирүү менен аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту жогорулатуу болуп саналат. БОМКА 10 тематикалык жагынан алганда төрт компанентти өзүнө камтыйт: институционалдык өнүгүү, чек ара ведомстволорунун институционалдык өнүгүүсү, укук бузууларды аныктоо потенциалын жогорулатуу, сооданы жеңилдетүү жана чек ара кызматташтыгын жакшыртуу. Географиялык жактан алганда булл долбоор Борбор Азиянын бардык беш өлкөсүн камтыйт. Мурунку иш-чаралардын жетишкендиктери жана натыйжаларына таянуу менен учурдагы абал чек ара кызматташтыгын колдоо жана Борбор Азиянын чек ара аймактарында жашаган элдин жашоо шартын жакшыртуу, ошондой эле чек ара аркылуу легалдуу сода агымынын болушуна түрткү берүүгө өбөлгө түзөт.
Эске салсак, Борбор Азияда БОМКА программасын ишке ашыруу 2003-жылы башталган жана ошондон бери программа чек араны комплекстүү башкаруу концепциясын колдонуу аркылуу чек арадагы көзөмөл органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо башкы ролду ойнойт. Мындан сырткары чек араны көзөмөлөөнү жүргүзүүнү эл аралык стандарттарга жана Евробиримдиктин стандарттарына ылайыкташтырып жүргүзүп келет.
БОМКА программасы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн БОМКА 10 программасынын коммуникациялык программасы боюнча атайын офицери Айгүл Болотова менен байланышыңыз: тел. +996 777 46 94 00, Aigil.Bolotova@icmprd.org
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
11.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ – САРЫ-ТАШ – ЭРКЕШТАМ АВТОУНАА ЖОЛУНА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮШҮ ЫКТЫМАЛ
-
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАПОНИЯДА КЫРГЫЗ БАЛЫН УУРДООГО ШЕКТЕЛГЕН АБЫШКАГА БЕЛЕК ТАРТУУЛАШТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.