Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
820 Бардыгы / БИШКЕК. Кечээ, 2021-жылдын 14-декабрында «Рухий Мурас» жаңы конушуна жаратылыш газын салтанаттуу берүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКтын маалымат кызматы билдирди. «Газпром Кыргызстан» 40чы калктуу конушту газ менен камсыз кылды. Бул «Рухий Мурас» жаңы конушу. Дагы 5500 жашоочу ишенимдүү жана экологиялык жактан таза отун менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул үчүн компания […]
821 Бардыгы / БИШКЕК. Кечээ, 2021-жылдын 14-декабрында «Рухий Мурас» жаңы конушуна жаратылыш газын салтанаттуу берүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКтын маалымат кызматы билдирди. «Газпром Кыргызстан» 40чы калктуу конушту газ менен камсыз кылды. Бул «Рухий Мурас» жаңы конушу. Дагы 5500 жашоочу ишенимдүү жана экологиялык жактан таза отун менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул үчүн компания […]
«ГАЗПРОМ КЫРГЫЗСТАН» «РУХИЙ МУРАС» ЖАҢЫ КОНУШТУ ГАЗ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛДЫ
15.12.2021 / Автор anarkan_kg822 Бардыгы /
БИШКЕК. Кечээ, 2021-жылдын 14-декабрында «Рухий Мурас» жаңы конушуна жаратылыш газын салтанаттуу берүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКтын маалымат кызматы билдирди.
«Газпром Кыргызстан» 40чы калктуу конушту газ менен камсыз кылды. Бул «Рухий Мурас» жаңы конушу. Дагы 5500 жашоочу ишенимдүү жана экологиялык жактан таза отун менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул үчүн компания тарабынан жалпы узундугу 26 чакырымды түзгөн газ өткөргүчтөрү курулду.
Бул иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.
Жогорудагы районду газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасын газдаштыруу боюнча Башкы схемасынын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында 2021-жылдын июнь айында башталган.
«Газпром Кыргызстан» компаниясы жарым жылга жетпеген убакыттын ичинде тийиштүү жумуштарды аткарып, аталган жаңы конуштун биринчи тургундарына жаратылыш газын бере баштады.
Жаңы конуштагы жумуштардын баары күбөлөндүрүлгөн материалдарды колдонуу менен атайын норма жана стандарттардын баардык талаптарына ылайык аткарылды.
2016-жылдан бери «Газпром Кыргызстан» компаниясы республиканын 40 калктуу конушун камтыган, жалпы узундугу 1000 чакырымдан жогору газ өткөргүчтөрдү курду.Аталган убакыт ичинде 200 миңден ашуун адам жаратылыш газына кошулуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
Айбек Джунушалиев, Бишкек шаарынын мэри:
«Биз шаарыбыздын жашоочулары менен дайыма жолугушууларды өткөрүп турабыз. Жаңы конуштарды коммуналдык кызматтар менен камсыз кылуу маселе курч маанайда көтөрүлүп келет. Бүгүн «Рухий Мурас» жаңы конушуна жаратылыш газын берүү менен дагы бир көйгөй чечилгендигин кубануу менен белгилеп кетким келет. Эми 5500 адам туруктуу жылуулук менен камсыздалып, жашоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Бишкек шаарын газдаштыруу боюнча жасап жаткан иштерү үчүн«Газпром Кыргызстан» компаниясына ыраазычылыгымды билдирем. Баарыңыздарга ден соолук калайм жана үйүңүздөрдө дайыма жылуулук болсун. Ал эми биз шаардыктардын жашоосу жакшы жана ыңгайлуу болуусу үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз».
Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары:
«Бүгүн биз салтанаттуу түрдө «Рухий Мурас» жаңы конушуна жаратылыш газын берип жатабыз. Өлкөдөгү татаал эпидемиологиялык кырдаалды, электр энергиясы жана көмүр менен камсыздоо маселесин эске алуу менен газдаштыруу иштерин мурда пландалган мөөнөттөн биринчи бүтүрдүк. Ошондой эле, компания өз ишмердүүлүгүн баштаган убакытта өлкөнүн газдаштыруу деңгээли 22% болсо, азыр ал 36% түздү. Эске сала кетсем, «Кыргызгаз» убагында 40 жыл аралыгында болгону 2800 чакырым гана газ өткөргүчтөр курулган. Ал эми «Газпром Кыргызстан» компаниясы7 жыл аралыгында жалпы узундугу 1000 чакырымдан жогору газ бөлүштүрүүчү тармактарын курду.
Урматтуу тургундар, биз шаардыктарды жылуулук менен камсыздоо, экологиялык таза отун менен колдонуу жана үйүн жылытуудагы ыңгайсыз процесстерден арылтуу үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз».
Жаратылыш газы – экологиялык жактан таза, энергоэффективдүү жана экономикалык көрсөткүчү боюнча стабилдүү отун болуп саналат. Газ менен жылытуу системасын күн сайын тейлөөнүн кереги жок жана анын натыйжалуулугу тармактагы чыңалуудан көз каранды эмес.
Экологиялык жактан таза. Газ катуу отунга салыштырмалуу атмосферага көмүр кычкыл газын 50%га аз бөлүп чыгарат. Кара түтүндү дагы пайда кылбайт – бул өз учурунда ангина, астма, пневмония жана дем алуу системасынын башка ооруларынын пайда болуусун азайтат.
Энергоэффективдүү. Орточо эсеп менен газ менен жылытуу системаларынын пайдалуу аракет коэффициенти (ПАК) 90%дан жогору, электр энергиясы менен иштеген системаныкы 90%га чейин, көмүрдүкү – 60%дан төмөн.
Экономикалык жактан стабилдүү. Кыргызстандагы отун-энергетикалык кризиске карабастан, газга болгон тариф жогорулаган жок. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда – КМШ жана дүйнөдөгү импорттоочу өлкөлөрдүн арасынан жаратылыш газынын тарифи эң төмөн. Өздөрү өндүргөн жана экспорттогон өлкөлөрдө гана газ арзан.
КМШ өклөлөрүндөгү газга болгон тариф
Жаратылыш газынын тарифи | ||||
Түрү | ↑↓ | Өлкө | сом/куб. м. | Бир жылдык колдонуу көлөмү |
Импорттоочулар | 1 | Молдавия | 53 | 2,8 млрд куб. м |
2 | Украина | 40 | 30 млрд куб. м | |
3 | Армения | 24 | 2,5 млрд куб. м | |
4 | Кыргызстан | 18 | 339 млн куб. м | |
5 | Белоруссия | 17 | 20 млрд куб. м | |
Экспорттоочулар | 6 | Россия | 8 | 225 млрд. куб. м |
7 | Казахстан | 7 | 16 млрд. куб. м |
2016-жылдан бери «Газпром Кыргызстан» компаниясы өлкөнүн газ тармагын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө 28 млрд сомдон жогору инвестиция жумшады. Газ тармагындагы абал туруктуу. Аталган убакыт ичинде Кыргызстандын газдаштыруу деңгээли 22%дан 36%га жогорулады. 2030-жылга чейин компания бул көрсөткүчтү 60 пайызга чейин жеткирүүнү пландап жатат.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА РЕЙД УЧУРУНДА БИР НЕЧЕ КЫЛМЫШТЫН БЕТИ АЧЫЛДЫ
-
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.