Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
841 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн маалымдайт. Үстүбүздөгү жылдын 10-январы саат 11.30 карата Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайлары төмөндөгүдөй тартипте иш алып барышууда: 1. “Ак-Тилек-авто жол” (КР) – “Карасу-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен: […]
842 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн маалымдайт. Үстүбүздөгү жылдын 10-январы саат 11.30 карата Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайлары төмөндөгүдөй тартипте иш алып барышууда: 1. “Ак-Тилек-авто жол” (КР) – “Карасу-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен: […]
КЫРГЫЗ-КАЗАК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА АЙМАГЫНДАГЫ ӨТКӨРҮҮ ЖАЙЛАРЫНЫН ИШТӨӨ ТАРТИБИ ӨЗГӨРДҮ
11.01.2022 / Автор anarkan_kg843 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн маалымдайт.
Үстүбүздөгү жылдын 10-январы саат 11.30 карата Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайлары төмөндөгүдөй тартипте иш алып барышууда:
1. “Ак-Тилек-авто жол” (КР) – “Карасу-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
– Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
– Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар“Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
– Кыргызстандынаймагында жүргөнКазакстандын жарандары “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
– Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.
2. “Чалдыбар-авто жол” (КР) – “Сыпатай Баатыр-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
– Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
– Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
– Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
– Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.
3. “Ак-Жол-авто жол” (КР) – “Кордай-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
– Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
– Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Ак-Жол-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
– Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Жол -авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.
4. Талас облусундагы “Чоң-Капка-авто жол” (КР) – “Айша Биби-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
– Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
– Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
– Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
– Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кирип чыга алышат.
5. “Каркыра-авто жол” (КР) – “Кеген-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
– Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
– Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана “Каркыра -авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.
2022-жылдын 10-январы саат 11.30 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы бардык өткөрүүчү жайларда COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алууну дагы бир ирет эскертет.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
27.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МАШЫГУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде ЖАҢЫ АВТОУНААЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.