Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
862 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 27-январь күнү Жалал-Абад облусунун 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылда аткарууга алынуучу тапшырмалар коюлган коллегиялык жыйын өттү. Коллегияга КРдин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район-шаар, айыл өкмөт башчылары, салык кызматынын жана дарыгерлик практикалык борборлорунун жетекчилери […]
863 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 27-январь күнү Жалал-Абад облусунун 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылда аткарууга алынуучу тапшырмалар коюлган коллегиялык жыйын өттү. Коллегияга КРдин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район-шаар, айыл өкмөт башчылары, салык кызматынын жана дарыгерлик практикалык борборлорунун жетекчилери […]
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
28.01.2022 / Автор anarkan_kg

864 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 27-январь күнү Жалал-Абад облусунун 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылда аткарууга алынуучу тапшырмалар коюлган коллегиялык жыйын өттү.
Коллегияга КРдин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район-шаар, айыл өкмөт башчылары, салык кызматынын жана дарыгерлик практикалык борборлорунун жетекчилери катышты.
Жыйында облуста өткөн жылы социалдык-экономикалык тармактарында аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди. Натыйжада облуста 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмү 106,2 пайызга, айыл чарбасынын өсүү темпи 100,8 негизги капиталга инвестицияларды тартуу 124,9, рыноктук кызматтардын көлөмү 110 пайызга жеткирилгени маалымдалды.
Ал эми 2021-жылы облус боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндөгү салыктар жана жыйымдардан 7 млрд. 537 млн. сом жыйналган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 195,9 млн. сомго кѳп. Анын ичинен республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктардан 5 млрд. 458 млн. сом жыйналып план 100,6 пайызга аткарылган. Ошол эле учурда жергиликтүү бюджеттин көрсөткүчү 2 млрд. 78 млн. сомду түзүп, ѳсүү ыргагы 123,9%ды камсыздаган.
Жалал-Абадда тоо кен тармагы облустун ѳнѳр жайынын жалпы продукциясынын 54,6%ын түзѳт. Бул жаатта өткөн жылы 19 млрд. сомдон ашуун продукция өндүрүлүп, көлөм индекси 113,3 пайызды камсыздаган. Алар: алтын, нефти мунай затын жана жаратылыш газын, нефтини өндүрүү, көмүр, темир кендерин казуу.
Коллегиялык жыйында аймактагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, калкты жумуш менен камсыздоо аракеттери, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чегерилген жөлөк пулдар тууралуу да айтылды. 2021-жылдын ичинде турмуш шарты оор, ата-энеси миграцияда жүргөн 80 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып берилди.
Жыйында бир катар район-шаарларда аткарылган иштер тууралуу маалымат айтылды. Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев салыктык жыйымдардан артта калган Аксы, Чаткал райондору жана Майлуу-Суу шаарларынын жетекчилерине 2022-жылга карата турмушка ашырылуучу иштер тууралуу айтып, аткарууну колго алуу тапшырмасын койду. Мында ушул жылдын I- кварталына карата бардык район-шаарларда калкты тейлѳѳ борборлорун уюштуруу талабын койду. Инвестиция тартууну күчөтүү, жумуш орундарын түзүү, балдардын билим сапатын жогорулатуу, калк арасында медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, энелердин өлүмүн алдын алуу алкагында күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүү милдеттендирилди.
Ал эми Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, өлкөнүн экономикалык, энергетика жана башка тармактарындагы аткарылып жаткан иштер тууралуу айтты. 2022-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн жеӊилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу, бардык региондордо дыйкан чарбачылыгы мамлекеттик колдоого алынарын белгиледи.
Коллегиялык жыйында бардык көтөрүлгөн кемчиликтердин үстүндө район-шаар жетекчилери, мекеме-ишканалардын башчылары натыйжалуу иш жүргүзүү зарылдыгы жүктөлдү.
Жалал-Абад облусунда 2022-жылдын 1-январына карата калктын жалпы саны 1 миллион 283 миң 532 адамды түзгөн.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
-
18.11.2025 / Автор anarkan_kg МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА 6 850 ДААНА АКЫЛДУУ ЭСЕПТЕГИЧТЕР ОРНОТУЛДУ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.