Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
1,432 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Облустун жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияда айыл-чарба каржылоосу 10 долбоору тууралуу маалымат берилди. Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев бардык аймактарда айыл чарбасын колдоо максатында, мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген насыялар тууралуу дыйкан-фермерлерге маалымат жайылтуу тапшырмасын берди. Ыйгарым укуктуу өкүл каражат дыйкандарга түз берилүүсүн көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтты. Бул жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз […]
1,433 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Облустун жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияда айыл-чарба каржылоосу 10 долбоору тууралуу маалымат берилди. Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев бардык аймактарда айыл чарбасын колдоо максатында, мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген насыялар тууралуу дыйкан-фермерлерге маалымат жайылтуу тапшырмасын берди. Ыйгарым укуктуу өкүл каражат дыйкандарга түз берилүүсүн көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтты. Бул жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз […]
ЖАЛАЛ-АБАДДА ДЫЙКАН-ФЕРМЕРЛЕРГЕ БЕРИЛҮҮЧҮ НАСЫЯ КӨЗӨМӨЛДӨ БОЛОТ
28.01.2022 / Автор anarkan_kg

1,434 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Облустун жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияда айыл-чарба каржылоосу 10 долбоору тууралуу маалымат берилди.
Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев бардык аймактарда айыл чарбасын колдоо максатында, мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген насыялар тууралуу дыйкан-фермерлерге маалымат жайылтуу тапшырмасын берди. Ыйгарым укуктуу өкүл каражат дыйкандарга түз берилүүсүн көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтты.
Бул жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн 6 пайыздан жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлөр субъекттери үчүн насыялардын кайтаруу мөөнөтү 36 ай. Ал эми үрөөнчүлүк, асыл тукум мал чарбасы, канаттуулар чарбасы, балык жана аарычылык багыттары үчүн насыялар 60 ай деп белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Улуттук банк долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жооптуу аткаруучулар болуп эсептелинет. Бул насыялар жакынкы күндөрү “Айыл Банк”, “РСК”, “Керемет” банктары аркылуу дыйкан фермерлерге берилет.
Каржылоо булактары тиешелүү жылдар үчүн республикалык бюджеттин жана коммерциялык банктардын каражаттары болуп эсептелинет. Долбоорго катышкан коммерциялык банктардын чыгымдарына республикалык бюджеттен 474 млн. сом субсидиялык каражат бөлүнөт.
Берилүүчү насыялардын көлөмү:
1. Мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн 300 миң сомдон 3 млн. сомго чейин. Тагыраак айтканда, 300 миң сомго чейин 18 айга күрөөсү жок каржыланат. Ал эми 300 миңден жогорку кредит алгандарга күрөөсү менен 36 айга берилет;
2. Үрөөнчүлүк, асыл тукум мал чарбасы, канаттуулар, балык чарбасы, аарычылык, тоют топтоо субъекттери үчүн 10 млн. сомго чейин;
3. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына 500 миң сомдон 20 млн. сомго чейин каржыланат.
Бардык категориялар үчүн жеңилдетилген мезгил 6 ай эсебинде аныкталган.
Мал чарбасынын субъектери үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 50%дан ашпаган.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъектери үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 25%дан ашпаган.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасы 25%дан кем болбогон көлөмдө аныкталган.
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
-
25.02.2025 / Автор anarkan_kg ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНА ЖАҢЫ АТАЙЫН ТЕХНИКАЛАР АЛЫНДЫ
-
05.03.2025 / Автор anarkan_kg «ЫЙМАН НУРУ» ДЕПУТАТ СУЛТАНБАЙ АЙЖИГИТОВДУ ФРАКЦИЯДАН ЧЫГАРДЫ
-
13.03.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ АЧЫЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.