Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,603 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров 24-февралда өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган жарлык чыгарганын билдирди. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына бул талап колунда барына, же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскертти. Президент жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырды. Мындай талапка каршы чыккандар дагы бар экенин белгиледи жана […]
1,604 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров 24-февралда өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган жарлык чыгарганын билдирди. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына бул талап колунда барына, же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскертти. Президент жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырды. Мындай талапка каршы чыккандар дагы бар экенин белгиледи жана […]
САДЫР ЖАПАРОВ ТАЖЫЯДА МАЛ СОЮУГА ТЫЮУ САЛГАН ЖАРЛЫК ЧЫГАРДЫ
26.02.2022 / Автор anarkan_kg

1,605 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаров 24-февралда өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган жарлык чыгарганын билдирди. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына бул талап колунда барына, же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскертти.
Президент жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырды. Мындай талапка каршы чыккандар дагы бар экенин белгиледи жана буга байланыштуу 2019-жылы уулу каза болгондо “тоок дагы сойдурбай койгонун” мисал кылды.
“Колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет. Ооба, бул жарлыкка каршы чыккандар дагы болду. Бирок мындай жарандарыбыз азчылыкты гана түзөрүнө ишенем. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. 2019-жылы тун уулум Дастан каза болгондо айылдан бир туугандарым чалып, “үч бодо даярдадык, жетеби” деп сурашты. Мен “кереги жок, тоок дагы сойбойсуңар” деп, эч нерсе сойдурбай койдум. Алар “алыстан көп киши келет, ачка кетиребизби, сөз кылышат, сөзгө калабыз” деп, мени ынандырганга аракет кылышты. “Сөз кылса, мени сөз кылышсын, мен той берип жаткан жокмун, мен аза күтүп жатам” деп караманча каршы болдум. Жыйынтыгында он миңдей адам келип, топурак салып кетишти. Эч ким эч кандай сөз деле кылган жок. Тескерисинче, “ушул туура эле болот экен” деп кеткендер көпчүлүктү түздү. Ошондуктан, бардык кыргызстандыктардан суранат элем, колдоп бериңиздер. Баарыбыз бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтөлү. Ал эми бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырам. Жергиликтүү бийликтер: мектептин директорлорунан баштап, участкалык милициялар, айыл өкмөт, райондук мекемелердин жетекчилери, райондун акими, Президенттин өкүлүнө чейин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алышыңарды талап кылам жана ар бириңер жооп берериңерди эскертем”, – деп жазды Жапаров.
Мунун алдында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары той-ашты чектеген мыйзам долбоорун даярдаган. Анда “маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын саны чектөөсүз болот жана бодо мал союлбайт. Маркумдун элесине арналган иш-чаралар 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлөт” деген жобо бар.
Мыйзам долбоорунда бул талаптарды бузгандар жоопко тартылат, ал эми кызмат адамы болсо иштен алынат деп жазылган.
28-февралда парламенттин Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде бул мыйзам долбоору тууралуу парламенттик угуу өтөт.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ТӨРӨТ ҮЙҮ УБАКТЫЛУУ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
07.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН ЭҢ АЛЫСКЫ КОНУШТАРЫНДА КӨЧМӨ КЛИНИКА ИШКЕ КИРИШТИ
-
18.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: КАЙДЫГЕР БОЛБОЙ, КАЙРЫМДУУ БОЛОЛУ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ЭКИ ЖЕРДЕН ӨРТ ЧЫГЫП, ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.