Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,198 Бардыгы / Бүгүн 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан. Окуя болгон […]
1,199 Бардыгы / Бүгүн 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан. Окуя болгон […]
ЧЕК АРА КЫЗМАТЫ: КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕГИНДЕ КУРАЛ КОЛДОНУЛГАН ОКУЯ КАТТАЛДЫ
10.03.2022 / Автор anarkan_kg

1,200 Бардыгы /
Бүгүн 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан.
Окуя болгон жерге тажик чек арачыларына башка да аскерлери жардамга келгени, натыйжада алар көбөйүп, жаңы чектен өтүүгө аракет кылышканы, бирок кыргыз тарап андайга жол бербегени маалым болду.
Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, атышуу башталып, 10 мүнөттөй уланган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.
Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү дароо телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, аскерлерди окуя болгон жерден алууну жана кошумча күч-каражат тартпоону макулдашышты. Сүйлөшүү уланууда.
Кыргыз тарап Тескей деген жер чек аранын тактала элек тилкесине кирерин, бирок ал жакты кыргыз жарандары пайдаланып келерин билдирди.
Ал ортодо “Озоди” радиосу Исфарадагы өз булактарына таянып, чек ара окуясынан курман болгондор бар экенин кабарлады. “Окуя нөөмөттөгү тажик чек арачылары алмашып жаткан учурда болду. Нөөмөткө жаңылар келгенде кыргыз чек арачылары аларды кемсинтип, эскертүүсүз эле биз тарапты көздөй ок атышты. Жыйынтыгында бир тажик чек арачысы каза болуп, бир дыйкан жаракат алды”, — деп билдирген булак.
“Озодинин” билдирүүсүндө бул маалыматты Исфара шаардык ооруканасынын дарыгерлери да ырастаганы айтылган. Азырынча Тажикстандын расмий бийлиги чек арадагы курал колдонулган бул окуя боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.
Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, ортодогу чек ара сызыгынын 60 пайызга жакыны такталган.
2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.
Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.
Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
15.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ АЙЛАМПАСЫ БАШТАЛДЫ
-
-
31.07.2024 / Автор anarkan_kg ШААРДА СЕЛ КАНАЛ КУРУЛУУДА
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.