Өлкө аймактары менен кубаттуу
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
1,168 Бардыгы / 28-январга караган түнү болгон чек ара жаңжалында үйлөрү жарым-жартылай же толугу менен бузулган Исфара районунун бир катар айылдарынын тургундары тажик бийлигин убаданы аткарбоого айыптады. Кишилер үч айдан бери жардам күтүшүүдө: бийлик бир нече жолу көмөк көрсөтүүгө убада берген, бирок иш жылган эмес. Исфара акимчилиги зыянды эсептеп чыкканын, эми Согд облусунун администрациясынын чечимин күтүп […]
1,169 Бардыгы / 28-январга караган түнү болгон чек ара жаңжалында үйлөрү жарым-жартылай же толугу менен бузулган Исфара районунун бир катар айылдарынын тургундары тажик бийлигин убаданы аткарбоого айыптады. Кишилер үч айдан бери жардам күтүшүүдө: бийлик бир нече жолу көмөк көрсөтүүгө убада берген, бирок иш жылган эмес. Исфара акимчилиги зыянды эсептеп чыкканын, эми Согд облусунун администрациясынын чечимин күтүп […]
ИСФАРАДА ЧЕК АРА ЖАҢЖАЛЫНДА КЫЙРАГАН ҮЙЛӨР ҮЧ АЙДАН БЕРИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛЕ ЭЛЕК
27.04.2022 / Автор anarkan_kg

1,170 Бардыгы /
28-январга караган түнү болгон чек ара жаңжалында үйлөрү жарым-жартылай же толугу менен бузулган Исфара районунун бир катар айылдарынын тургундары тажик бийлигин убаданы аткарбоого айыптады.
Кишилер үч айдан бери жардам күтүшүүдө: бийлик бир нече жолу көмөк көрсөтүүгө убада берген, бирок иш жылган эмес. Исфара акимчилиги зыянды эсептеп чыкканын, эми Согд облусунун администрациясынын чечимин күтүп жатканын билдирди.
28-январга караган түнү Чоркух айлынын четинде, шарттуу чек ара линиясынан алыс эмес жерде орун алган Тохир Мирзоевдин үйүнө снаряд тийип, толугу менен талкаланган. Там ичиндеги мүлкү менен кошо күйүп кеткен. Тохир Мирзоев туугандарынын үйүндө жашап жатат, уул-келини Орусияга кетти.
“Жаңжалдан кийин үч күн бою тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү келип жатты. Канча документке кол койгонумду да билбей калдым. Алгач 8-марттан кийин үйүмдү дароо калыбына келтирүүгө убада беришти, кийинчерээк иш Нооруздан кийин башталарын айтышты. Бирок азыркыга чейин үйүмдү калыбына келтирүү үчүн эч нерсе жасашкан жок”, – деди ал.
Тохир Мирзоевдин үйүнө былтыр апрелдеги чек ара жаңжалы учурунда да снаряд тийген.
Атышуу учурунда Сомониён айлындагы медициналык пункт да зыянга учураган. Айыл жашоочусу Гуломхон Асламов “Озоди” радиосуна медпункт үч айдан бери иштебей турганын, оорулууларды Чоркух же Исфарадагы ооруканага жөнөтүүгө аргасыз болуп жатышканын айтты.
“Биз чек арага жакын аймакта жашайбыз, бир сааттан кийин эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Бул жерде аялдар жана балдар бар, борборго жетүү оңой эмес. Жеке автоунаа баарында эле бар эмес, коомдук транспорт сейрек каттайт”, – деди Асламов.
Жергиликтүү аткаминерлердин бири 28-январга караган түнү болгон жаңжалдын материалдык чыгымдары эсептелип чыкканын, ал 160 миң доллардын тегерегиндеги каражат экенин билдирди.
Расмий маалымат боюнча кыргыз-тажик жаңжалы учурунда Чоркух жана Сурх жамааттарында 52 үй жана башка объектилер толугу менен же жарым-жартылай талкаланган.
Баткенде 27-январь күнү кечинде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген. Кыргызстандан 12 адам жараат алган. Тажик тарап жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИНИН ҮЧ ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
-
-
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЗГЫ-ЖАЙКЫ КИЙИМГЕ ӨТҮҮ БОЮНЧА САПТЫК КАРОО ӨТКӨРҮЛДҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.