Аймак

ЕАЭБ ЖАШТАР ФОРУМУНУН ИДЕЯСЫ ЕЭФ-2022ДЕ БИР ДОБУШТАН КОЛДООГО АЛЫНДЫ

ЕАЭБ ЖАШТАР ФОРУМУНУН ИДЕЯСЫ ЕЭФ-2022ДЕ БИР ДОБУШТАН КОЛДООГО АЛЫНДЫ

 1,545 Бардыгы /

Евразия экономикалык биримдигинин ишине  жаштардын кеңири тартылышы евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө жана биримдикке тартылган жаштар боюнча күн тартибин түзүүгө өбөлгө түзөт. Бул тезис Бишкек шаарында 26-майда өткөн “Стратегия-2025: ЕАЭБди өнүктүрүүгө жаштардын көз карашы” деп аталган Евразия экономикалык форумунун темасы болду.Бул тууралуу Евразия экономикалык форумунун уюштуруу комитети билдирди.

Жолугушууга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн, ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн ишкерлер, студенттер, окумуштуулар, журналисттер, блогерлер, спортчулар, креативдүү жаштар ж.б. 200дөн ашык жаштар келип катышышты. Евразия экономикалык комиссиясынын протоколунун жана уюштурууну камсыздоо департаментинин директору, ЕЭКтин Жаштар кеңешинин төрагасы Данияр Турусбеков  жана Россиянын ТИМине караштуу Москва мамлекеттик эл аралык кызматташуу институтунун проректору (МГИМО) проректору  Станислав Суровцев дискуссиянын модератору болду.

Данияр Турусбеков сессияны ачып жатып, жаштар – көп сандаган социалдык топ экендигин, ал ЕАЭБдин калкынын болжол менен 15-20 пайызын түзө тургандыгын, албетте, бул топтун евразиялык интеграциянын экономикалык процесстерине катышууга өзгөчө талабы барэкендигин белгиледи. “Интеграцияны күчөтүүдө эл аралык жаштардын өз ара иштешүүсү олуттуу мааниге ээ болуусун улантууда”, – деди Данияр Турусбеков.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаштардын интеграция процесстерине катышуусуна өбөлгө түзүү боюнча милдеттер жана ЕАЭБ бүткүл дүйнөдөн келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш адистерди тартуу борбору болуп калышы үчүн зарыл шарттар белгиленди.

Дискуссиянын контекстин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭС) төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Евразиялык идеологияны жалпыга, анын ичинде жаштардын аң-сезимине кеңири жайылтуу максатында, ЕАЭБдин Жаштар форумун негиздөө жана  жыл сайын өткөрүү” демилгеси түздү. Сессиянын жүрүшүндө чыгып сүйлөгөндөр бул демилгени колдой тургандыгын жана ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдиришти. Ал эми россиялык Жаштар иши боюнча федералдык агенттиктин жетекчисинин орун басары Павел Абрамов ведомство иш-чараны жүргүзүүгө активдүү катыша тургандыгын жана тиешелүү жардамын, анын ичинде методологиялык колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары  Союзбек Надырбеков ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жаштар боюнча күн тартибиндеги чакырыктарды жана милдеттерди талкуулап жатып, ЕАЭБге катышуучу мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин жаштарынын өз ара кызматташуусунун негизги милдеттери тууралуу бөлүштү.  “Негизги милдеттердин бири болуп, жаштардын жашоодогу активдүү позициясын калыптандыруу, аларды өз өлкөлөрүнүн коомдук, саясий, социалдык жана экономикалык жашоосуна жана мамлекеттер аралык кызматташууга тартуу болуп саналат. Жаш муунга ЕАЭБ өлкөлөрүн өнүктүрүүнүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү зарыл. Жаштардын илимий, чыгармачылык жана ишкердик жагынан активдүүлүгүн колдоо, инновациялык потенциалын өнүктүрүү жана пайдалануу, ЕЭАБге кирген өлкөлөрдөгү жаштардын коомдук бирикмелери жана уюмдары өз ара иштешүүсүнүн жумушчу моделин түзүү маанилүү”, -деп белгиледи Кыргызстандын маданият министринин орун басары.

Жолугушууда жаштардын ЕАЭБдин иш процессине катышуусун колдоонун жаңы форматтарын түзүү тууралуу сунуштар айтылды. Мисалы, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдоолот Базарбаев жаштардын ишкердик жана коомдук долбоорлоруна максаттуу колдоо көрсөтүү механизмин түзүүгө багытталган Жаштардын демилгесин колдоо фондун түзүүнү сунуштады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө сөзгө чыккандардын көпчүлүгү интеграциянын кыйла активдүү жана интенсивдүү түрдө өнүгүп жаткан багыттарынын бири катары илим жана билим берүү жагында кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Атап айтканда, Армян Республикасынын билим берүү, илим, маданият, спорт министринин орун басары Артур Мартиросян ЕАЭБ алкагында окутуу үчүн бирдиктүү санарип платформаны түзүү, ошондой эле мүчө мамлекеттердин жаштары арасында илимий иштердин сынагын өткөрүү маселесин карап чыгууну сунуштады. Ал эми Беларусь Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы Алексей Ермаков ЕАЭБ алкагында дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны эске алуу менен, академиялык мобилдүүлүктү, эң оболу жаш окумуштуулардын жана окутуучулардын мобилдүүлүгүн күчөтүүнү сунуш кылды. Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын (РЭЧжМКА) укук жана улуттук коопсуздук институтунун директорунун орун басары Валерий Смирнов ЕАЭБдин жаштар коомчулугунун интеграцияга карай кадамдарынын бири катары студенттердин Евразиялык ассамблеясын түзүү демилгесин көтөрдү. “Элчи” социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун жетекчиси Денис Бердаков жалпы евразиялык гуманитардык мейкиндикти сактоого жана бекемдөөгө чакырды. 

Казакстандын жана Кыргызстандын жаштарынын ири бирикмелеринин жетекчилери – Казакстандын жаштар конгрессинин аткаруучу директору Тохтар Болысов жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргызстан жаштар конгрессинин төрагасы Аскар Шайкидиновжаштар уюмдарын ЕАЭБдин иш процессине активдүү катыштыруу тууралуу баса белгилешти. Россия-Армян жаштар союзунун төрагасы Рафаэл Погосян ЕЭК жаштар кеңешин жана мүчө мамлекеттердин жаштар уюмдарын системалуу түрдө өз ара активдүү иш алып барууга чакырды.  

Чакан жана орто ишкерлик боюнча «Опора России» жалпы россиялык коомдук уюмунун вице-президенти Эдуард Омаровдун жана студенттердин жана бизнестин жаш лидерлеринин Enactus Кыргызстанкоомдук уюмунун аткаруучу директору Гульбарчин Суюнованын сөзүндө ЕАЭБ мейкиндигинде жаштардын ишкерлигин колдоонун натыйжалуу экосистемасы негизги тема болду. Эдуард Омаров жаш ишкерлердин иш баштоосуна мамлекеттик жана мамлекет аралык колдоо көрсөтүү чараларын көрүү, ошондой эле жаш адистерди кесипке багыттоо жана “карьерасынын траекториясын” өнүктүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Ал эми жаштар дипломатиясы боюнча, ЕАЭБдин таасирин жайылтуудагы жаштардын ролу  тууралуу айтылды. Россия ТИМинин Жаш дипломаттар кеңешинин төрагасы Константин Колпаков жаштарды эл аралык интеграциялык бирикмелер менен, айрыкча ЕАЭБ, БРИКС, ШКУ, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) менен мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошууга үндөдү. А.М. Горчаков атындагы Коомдук дипломатияны колдоо фондунун аткаруучу директору Виктория Карслиева жаштардын ЕАЭБ өлкөлөрүндө өткөрүлүүчү эксперттик жана атайын  иш-чараларга катышуусу, тажрыйба алмашуусу, маалымат алуусу үчүн жаштардын бирдиктүү платформасын түзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун аягында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн креативдүү жаштарынын жана интертейнмент индустриясынын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзү эсте калаарлык болду. VK социалдык тармагынын музыкалык жана жагдайга жараша долбоорлорунун директору Константин Сидорков Россиядагы шаардык ири open-airVK Fest жөнүндө, ошондой эле VK платформасында жаштардын коомдук жана ишкердик демилгелерин жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Медиа продюссер, селебрити-маркетинг боюнча адис Левон Шагинян жаштардын чөйрөсүндөгү медиатренддер жөнүндө өзгөчө белгиледи.  Let’s Dance бий академиясынын директору Жан Воинов бий индустриясы үчүн Евразиялык аянтча түзүүнү сунуш кылды.

Дискуссиянын жыйынтыгында спикерлер жана катышуучулар Жаштар форумун түзүү жана аны жыл сайын өткөрүү демилгесин бир добуштан колдоого алышып, бул идеянын максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун белгиледи. Катышуучулардын сөзү боюнча, жаштардын өзүнчө форумдук аянтчасын түзүүдө алардын ЕАЭБ күн тартибине системалуу түрдө катышуусуна шарттар түзүлөт, ошондой эле студенттерди жана жаш эксперттерди евразиялык интеграцияны изилдөөгө жана бүтүндөй ЕАЭБдин жаштар боюнча күн тартибин өнүктүрүүгө шыктандырат. Мындан тышкары ЕАЭБдин жаштар форуму кесипкөй жаштар коомчулугунун өкүлдөрүнө интеграциялык потенциал (билим берүү, эксперттик, бизнес долбоорлор, entertainment, журналистика жана мамлекеттик башкаруу ж.б. боюнча долбоорлор) менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн бере тургандыгы белгиленди.

Дискуссия формалдуу эмес, достук атмосферасында өтүп, жолугушуунун катышуучулары байланышты үзбөө жана ЕАЭБдин жаштар боюнча күн тартибин түзүү жагында өз ара иштешүүнү улантуу тууралуу макулдашышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17