Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,516 Бардыгы / Тамырсыз дарак өспөйт, Көрөңгөсүз кымыз ачыбайт! Жээналы ШЕРИЕВ, адабиячы Жаанбай аке ТУРСУНКУЛОВдун 70 жашка толгондугун угуп, чындыгында, аны билгендер дагыле ишенген жокпуз. Анткени, улгайса деле дайыма алдуу-күчтүү, анан дагы өлө чыйрак, ар дайым бир калыпта өтө тыкан кийинип жүргөн, таң аткандан каш карайганга дейре Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү […]
1,517 Бардыгы / Тамырсыз дарак өспөйт, Көрөңгөсүз кымыз ачыбайт! Жээналы ШЕРИЕВ, адабиячы Жаанбай аке ТУРСУНКУЛОВдун 70 жашка толгондугун угуп, чындыгында, аны билгендер дагыле ишенген жокпуз. Анткени, улгайса деле дайыма алдуу-күчтүү, анан дагы өлө чыйрак, ар дайым бир калыпта өтө тыкан кийинип жүргөн, таң аткандан каш карайганга дейре Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү […]
ОШ ШААРЫН КӨРККӨ БӨЛӨГӨН ЖААНБАЙ ТУРСУНКУЛОВ
06.06.2022 / Автор anarkan_kg1,518 Бардыгы /
Тамырсыз дарак өспөйт,
Көрөңгөсүз кымыз ачыбайт!
Жээналы ШЕРИЕВ, адабиячы
Жаанбай аке ТУРСУНКУЛОВдун 70 жашка толгондугун угуп, чындыгында, аны билгендер дагыле ишенген жокпуз. Анткени, улгайса деле дайыма алдуу-күчтүү, анан дагы өлө чыйрак, ар дайым бир калыпта өтө тыкан кийинип жүргөн, таң аткандан каш карайганга дейре Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатына тиешелүү аймактарды түрө кыдырып, Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын булуң-бурчун үзгүлтүксүз көрккө бөлөгөн агабызды кесиптештери, жердештери, тууган уруктары жана санаалаштары сый-урматка батырып, анан дагы кадырлап ардактуу эс алуга узатышты.
Бектемир МУРЗУБРАИМОВ, Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаты, академик: – Жаанбай иним Турсункулов Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатында башкы агроном кезинде нечелеген мэр, дагы канчалаган жетекчиси алмашты. Бирок, Жаанбайдын бир дагы кылы кышайган жок. Анткени, ал абдан таза эмгектенгендиктен, баары тең аны эч алмаштырышпады. Тескерисинче, ийиндеше гана иштешти. Мен билгенден Жаанбай тээ бала кезининен абдан тырышчааак жана мээнеткеч эле.Бир нерсени мерчемдесе, аны бүтүрмөйүнчө жаны тынчу эмес!
Надыржан ОРОЗМАМАТОВ, академик, Өзбек Республикасы: – Жаанбай төрөлгөндө, бүт айылга өзүм дароо жар салып, элден сүйүнчү чогулткамын. Мен 3-класска дейре кыргыз классста окуп, анан мектепти кийинчерээк Өзбекстанда өзбек тилинде бүтүрдүм. Ошол бала Жаанбай минтип элине ак кызмат кылып, эми пенсияга узатылып жатканына дагыле ишенбей турамын, эй! Ылайым жүздөн аш, үкам? Келиним Тажикан экөөңөр айланайындар төрт кыз, бир уулдун ыраатын гана көргүлө?!?
Жалил ОСМОНОВ, Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын директору: – Жаанбай Турсункулов жашы улгайгандыгына карабастан, дагыле чапчаң. Көз тийбесин, камчы салдырбастан эле иштеп келатат. Анын өмүрүн кийинки муундарга үлгү сыңары тартсак, албетте, куп жарашат!
Анарбек МЫРЗАПАЯЗОВ, курсташы: – Тагдыр экен, Жаанбай экөөбүз Оштогу Айыл чарба техникумунда (азыркы Аыл чарба институтунда) чогуу окудук. Тырышчаактыгынан улам ошондо эле Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатында дагы иштечү. Эжекелерибизге жана агайларыбызга жайы-кышы гүлдөрдү тартуулап, жалаң “бешке” окуучу. Тилекке каршы, курсташымдын кп жылдык каран мээнети эмдииче калыс баалана элек. “Кыргы Республикасынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү тармагына эмгк сиңирген ишмер” ардак наамын ыйгарып, төшүнө Манас орденин тагып, бөгөнкө салтуу мааракеге Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов өзү катышса жарашмак… Аттиң… Баары бир коолдо бар алтындын баркы жок болот турбайбы…
Не демекчибиз. Жаанбай Турсункуловду Ош шаарынын тургундары чоңунан кичинекейине дейре бүт таанышат. Андыктан, кокус көрүп калышса, озунуп учурашып, 70 жылдык мааркеси менен улам-улам куттуктап жатышат. Арыбаңыз, иштермен замандашыбыз Жаанбай мырза!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
24.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАДДА КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН БОЛДУ
-
07.05.2024 / Автор anarkan_kg КАДАМЖАЙЛЫКТАРДЫН 66,8 МИҢ ДОЛЛАРЫН АЛДАГАН АЯЛ КАРМАЛДЫ
-
-
22.05.2024 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДАР КӨЧӨДӨГҮ ЖОЛ ЭРЕЖЕ БУЗУУЛАРДЫ ТҮЗ ЖӨНӨТӨ АЛЫШАТ
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.