Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
3,748 Бардыгы / 1300дөн ашуун балдар китептерин иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн 60 автор жана 30 иллюстратор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланышты. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында гана иштелип чыккан. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана […]
3,749 Бардыгы / 1300дөн ашуун балдар китептерин иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн 60 автор жана 30 иллюстратор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланышты. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында гана иштелип чыккан. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана […]
USAID ЖАШ БАЛДАР ҮЧҮН 1500 КИТЕП ИШТЕП ЧЫГУУГА ЖЕРГИЛИКТҮҮ АВТОРЛОР ЖАНА СҮРӨТЧҮЛӨР МЕНЕН ТЫГЫЗ ИШТЕШҮҮДӨ
02.05.2023 / Автор anarkan_kg

3,750 Бардыгы /
1300дөн ашуун балдар китептерин иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн 60 автор жана 30 иллюстратор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланышты. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында гана иштелип чыккан.
Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук жазуучулар союзунун жетекчиси Нурланбек Калыбеков жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы директору Кайя Адамс катышышты. Авторлор жана иллюстраторлор USAID уюштурган китептерди жазуу, кооздоо, калыптоо, рецензиялоо жана иштеп бүтүрүү боюнча интенсивдүү окутуу семинарларына катышышты. Окутуунун жүрүшүндө авторлор жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин колдоосу менен өз чыгармаларын өркүндөтүштү. Алар электрондук китептерди жаратуу үчүн Bloom тиркемеси менен иштөөнү дагы үйрөнүштү.-
– Мен чыгарманын түзүмүн сактоону, балдардын ой жүгүртүүсүнүн курактык өзгөчөлүктөрүн эске алууну, жаш окурмандар текстти мыкты түшүнүүсү үчүн лингвистикалык ченемдерди сактоону жана чыгарманын тарбиялык маанисине көңүл бурууну үйрөндүм, – дейт Ольга Стародубова, долбоорго Ысык Көл облусунун Түп районунан катышкан автор.
2020-жылдан бери авторлор жана иллюстраторлор ар кандай жанрдагы, анын ичинде жомок, комикс, энциклопедия жана фэнтези китептердин 1,3 миңден ашуун жаңы аталыштарын иштеп чыгышты. Бул китептер үй-бүлө жана достук, ар түрдүүлүктү баалоо, сый-урмат, билимге умтулуу жана чыгармачылык сыяктуу баалуулуктардын туруктуу калыптануусуна өбөлгө жаратмакчы.
– Биз Кыргыз Республикасында жаш балдар үчүн китеп иштеп чыгуу боюнча эң ири демилгелердин бирин колдоп келгенибиз менен сыймыктанабыз. Бул демилге таланттуу балдар жазуучуларынын жана иллюстраторлордун жаңы муунунун пайда болушуна гана өбөлгө жаратты, – деп билдирди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы директору Кайя Адамс.
Баса, аталган авторлор тарабынан түзүлгөн китептер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жана эл аралык электрондук Bloom Library китепканасында жеткиликтүү.
– Азыркы ааламдашуунун алкагында биздин аркабыздан кандай муун өсүп жатат, келечек муун кандай жолго баратат деген суроолорду эске алып, балдар адабиятына, балдардын көркөм сүрөт өнөрүнө жана көркөм искусствого көңүл бөлүп жаткандыгыңыздар бул өтө колдоого алаарлык көрүнүш деп ойлойм, – деп өз сөзүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев белгиледи.
2024-жылга чейин USAID дагы 200 жаңы китеп аталышын иштеп чыгууну пландаштырууда. Тандалган китептер 1 миллионго жакын нуска менен басылып чыгып, жалпы республика боюнча мамлекеттик мектептерге жана китепканаларга тапшырылат.
USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга гана багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1682 мектепте жүзөгө ашырылып жатат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ ПРОГРАММАСЫ
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-КУЛЖАГА ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ КУРУЛАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.