Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН ОКУУЧУЛАРЫ НАРЫНДА ӨТКӨН СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕ АВТОУНАА УТУП АЛЫШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН ОКУУЧУЛАРЫ НАРЫНДА ӨТКӨН СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕ АВТОУНАА УТУП АЛЫШТЫ

 1,050 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектебинин окуучулары Нарын облусунда өткөн “Мен чемпионмун” аталыштагы республикалык мелдеште “Mercedes-Benz Sprinter” автоунаасын утуп алышты. Маалыматты аталган мектеп жетекчиси Чынгызбек Аканов билдирди.

“Мен чемпионмун”аталышындагы мелдеш үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде башталып, 5-майда аяктаган. Ага республиканын аймактарынан келген 15-17-жаш аралыгындагы жаш балбандар катышкан.

Аталган мелдешке баш байге катары “Mercedes-Benz Sprinter” автоунаасы коюлуп, спорттун 12 түрү боюнча беттеш өткөн. Натыйжада Жалал-Абад облусунан Алыш бел боо күрөшүнөн 7 кыз, 8 бала, 2 тренер, бир судья катышып, анын алкагында спортчулар баш байгени багындырган.

Ийгилик жараткан спортчуларды Жалал- Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев тосуп алып, жаштардын спортко болгон кызыгуусу артып, республикалык жана эл аралык мелдештерде жакшы жетишкендиктерди багындырганын белгилеп, балбандарды дагы да көптөгөн ийгиликтерди алып келүүсүн каалады.

Ал эми аталган спорт мектебинин жетекчиси Чынгызбек Аканов окуучулардын бул жеңиши Жалал-Абад облусу боюнча тарых жарата турган окуя болду деп сыймыктанып, алдыда дагы да көптөгөн мелдештер күтүп турганын белгиледи.

“Биздин мектептин спортчулары республика боюнча өткөн спорттук мелдеште тарых жарата турган ийгилик алып келишти. Буга чейин да байгелүү оюндар болгон. Бирок ушул жолку жеңиш өзгөчө тарых жарата турган болду да.  Анткени буга чейин облус боюнча бир да спорт мектептеринде мындай учур болгон эмес. Муну менен биз эле эмес облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев да кубанып, окуучуларды өзгөчө тосуп алып, аларга колдоо көрсөттү.

Ал эми мелдеште багындырган автоунаа биз үчүн дагы жакшы утуш болду. Себеби дагы көптөгөн республикалык, дүйнөлүк спорттук оюндарга катышкан балбандарды буюрса ушул автоунаабыз менен ташып турабыз. Биз дени сак балдарды спорттун 8 түрү боюнча эркин күрөштөн баштап, сборный Кыргызстанга чейин тарбиялап кошуп беребиз”,-деди Ч.Аканов.

Аталган спорт мектебинен жыл сайын дүйнөнүн, Азиянын чемпиондору чыгат. Мында 4 эмгек сиңирген машыктыруучу, 20дан ашуун эл аралык класстагы спорт чебери, 1 эмгек сиңирген спорт чебери иштейт.

Белгилей кетсек, Исхак Раззаков атындагы спорт мектеби спортко кызыккан 9 жаштан 27 жашка чейинки кыздар, балдарды спорттун 8 түрү менен жыл сайын  машыктырып келет. Аталган мектеп 80ден ашуун спорт чеберин, 150дөн ашуун кандидат спорт чеберлерин тарбиялап чыгарган.

Алтынай УРМАТБЕК кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17