Аймак

ЭАУда КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

ЭАУда КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

 6 Бардыгы /

Быйылкы жылдын 7-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) дене тарбия жана спорт кафедрасынын уюштуруусунда күзгү студенттик спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болду.

ЭАУнун кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, спартакиаданын максаты: спорт аркылуу студент жаштар арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу, республикалык деңгээлдеги спартакиадаларга жана универсиадаларга командаларды даярдоо. Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча бир нече күн өткөрүлөт: волейбол, баскетбол, стритбол, мини футбол, стол тенниси, чатыраш, тогуз коргоол, жеңил атлетика, аркан тартышуу. Спартакиаданын ачылышында ЭАУнун ректораты спортсмен студенттерибизге спорттук ийгиликтерди жана командалык ынтымакты каалап кетти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17