Аймак

МЭР ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУП, КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЖЕРИНДЕ УГУП ЖАТАТ

МЭР ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУП, КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЖЕРИНДЕ УГУП ЖАТАТ

 9 Бардыгы /

Кечээ, 7-октябрь күнү Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев алгачкы жолугушуусун шаардын Чоң-Таш айылында өткөрдү.

Кара-Көл шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда жергиликтүү жашоочулар тарабынан таза суу муктаждыгы, электр энергиясын тартуу, балдар ойноочу аянтча куруу, маршруттук каттамдардын ишин жакшыртуу жана көчөлөрдү жарыктандыруу сыяктуу  көйгөйлөр айтылды.

Шаар мэри суроолорго жеринде жооп берип, аталган айылда жана жалпы шаар аймагында жүргүзүлө турган жумуштар боюнча маалымат берип, 2025-жылдын бюджетине  орчундуу маселер камтыла турганын билдирди.

Белгилей кетсек, шаар мэри быйылкы жылдын 7-октябрынан 12-октябрга чейин шаардын бардык аймактарында эл менен жолугушууларды өткөрмөкчү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17