Аймак

НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

 11,724 Бардыгы /

                                                          ТОКТОМ № 1   

­

                              10-октябрь 2022-ж                        Шамалды-Сай айылы

Шамалды-Сай айылындагы спорт комплексине ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Шамалды-Сай айылындагы спорт комплексине Баткен коогалаңында элин жерин коргоо үчүн курман болгон жердешибиз Бектенов Гүлжигит Токтосун уулунун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушуна негиз Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XX сессиясы маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шамалды-Сай айылындагы спорт комплексине Бектенов Гүлжигит Токтосун уулунун  ысымы ыйгарылсын.

2.  Мындан ары спорт комплекси Бектенов Гүлжигит Токтосун уулу атындагы спорт комплекси деп аталсын.

3.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

Айылдык кеңештин төрагасы:                   Н.Мадалиев

——————————————————————————————————–         

                                               ТОКТОМ № 1   

­

                       16-ноябрь 2022-ж                        Шамалды-Сай айылы

“Достук айыл аймагынын 2022-жылдын 9 айына бюджетинин

аткарылышы жөнүндө”

Достук айылдык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Жусупжан кызынын маалыматын угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жусупжан кызы Гүлзинанын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9 айына бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маалыматы  эске алынсын.

 2.  Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин 9 айына аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

 3.  2022-жылдын 9 айына бюджетинин киреше чыгашасы 19 947 700 (он тогуз миллион тогуз жүз кырк жети миң жети жүз) сомдон 22 912 100 (жыйырма эки миллион тогуз жүз он эки миң бир жүз) сомго өзгөртүлсүн. Кошумча киреше:

– 2215 статьясына 800, 0 (сегиз жүз миң) сом;

– 3111 статьясына 1320, 0 (бир миллион үч жүз жыйырма миң) сом;

– 2222 статьясына 170,0 ( бир жүз жетимиш миң) сом;

– 2214 статьясына 380,0 (үч жүз сексен мин) сом;

– 2218 статьясына 30,0 (отуз миң) сом;

-кошумча кызмат 264,4 (эки жүз алтымыш төрт миң төрт жүз) сомго көбөйтүлсүн.

4.  Алыскы участкалардан мектеп окуучуларын ташып келүү үчүн Жаннатбек уулу Бексултанга 10 литрден күйүүчү май каралсын.

5.  Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы ФЭБ башчысы Жусупжан кызы Гүлзинага жүктөлсүн.

6.  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Бекибаевге милдеттендирилсин.

7.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет, каржы, экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

     Айылдык кеңештин төрагасы:                   Н.Мадалиев

——————————————————————————————————–         

                                                 ТОКТОМ № 2   

­

                       16-ноябрь 2022-ж                        Шамалды-Сай айылы

“Балдар бакчаларынын тарбиячыларына кошумча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө 2022-жылдын 14-сентябрындагы 2-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамына ылайык Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелери

 №18 “Чабалекей” балдар бакчасынан 12 кызматкер, № 25 “Бакыт” балдар

бакчасынан 7 кызматкер, жалпы 19 кызматкерге кошумча кызмат көрсөтүү акысы

2022-жылдын 1-ноябрынан күнүнө 30 (отуз) сомдон иштеген күндөрү үчүн төлөнсүн.

  • Кошумча кызмат көрсөтүү акысынын келип түшүүсү, чыгашасы,

  жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү ФЭБ башчысы Жусупжан кызы

  Гүлзинага жүктөлсүн.

  • Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга

 милдеттендирилсин.

     Айылдык кеңештин төрагасы:                   Н.Мадалиев

———————————————————————————————–

                             22-сентябрь 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

“Көп жылдык мөмөлүү бак дарактарды

эгүү үчүн жерлерди трансформациялоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-статьясынын жана 15-статьясынын 8-1–пунктунун, Кыргыз Республикасында “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15- июлундагы №145 мыйзамынын 7-беренесинин 1-1-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген убактылуу жобону жетекчиликке алып Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1.Айыл өкмөт башчысы А. Р. Бекибаевдин маалыматы эске алынсын.

           2.Достук айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Туу айылындагы №2529, 2530, 2513, 2532, 2533, 2534, 2535, 2536, 2538, 2539, 2540,  2541,  2542,  2543, 2615 контурундагы “Айыл чарба багытындагы” жайыт категориясындагы жерден 300 га  жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы  көп жылдык өсүмдүктөр” категориясына багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жактырылсын.

            3.Кызыл-Туу айылындагы “Айыл чарба багытындагы” жайыт категориясындагы жердин №2529, 2530, 2513, 2532,  2533,  2534,  2535, 2536, 2538, 2539, 2540,  2541,  2542,  2543, 2615 контурунан 300 га  жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы  көп жылдык өсүмдүктөр”  категориясына багытын өзгөртүү  (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

                  4.Токтомду аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы А. Р. Бекибаевге 

милдеттендирилсин.

           5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга  жүктөлсүн.

                         Айылдык кеңештин төрагасы:                           Н.Мадалиев

————————————————————————————————-

                                                              № 2 ТОКТОМ

                             22-сентябрь 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

  “Таштанды таштоочу жана сактоочу жер уюштуруу үчүн

жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө”

       Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-статьясынын жана 15-статьясынын 8/4-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун жетекчиликке алып Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

        1. Айыл өкмөт башчысы А.Р.Бекибаевдин маалыматы эске алынсын.

           2. Ноокен районунун мамлекеттик запастагы жерлеринин Шамалды-Сай участогунун № 443 контурундагы “Айыл чарба багытындагы таштуу жайыт” категориясындагы 4,60 га  жер аянты Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык таштанды таштоочу жана сактоочуу жер уюштуруу үчүн “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун  жерлери жана башка багытагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жактырылсын.

           3. Шамалды-Сай участогунун № 443 контурундагы “Айыл чарба багытындагы  жайыт” категориясынан 4,60 га жер тилкесин “Өнөр айдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун  жерлери жана башка багытагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан, Министрлер Кабинетинен суралсын.

          4. Токтомду аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы

А. Р. Бекибаевге  милдеттендирилсин.

          5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга  жүктөлсүн.

                    Айылдык кеңештин төрагасы:                        Н.Мадалиев

————————————————————————————————-

                                                                № 3 ТОКТОМ

                             22-сентябрь 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

“Муниципалдык менчикте турган жер участокторун

тоорук аркылуу сатуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 29-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген жобону жетекчилике алып Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөт башчысынын орун басары  Н.Абдышовдун маалыматы эскеалынсын.

      2.  Муниципалдык менчикте турган жер участокторун тоорук аркылуу сатууга төмөндөгү жер тилкелерине уруксат берилсин:

        1) Шамалды-Сай айылынын Кулатов көчөсүнөн 835 кв.метр;

2) Шамалды-Сай айылынын Кулатов көчөсүнөн 196 кв.метр;

3) Шамалды-Сай айылынын Кулатов көчөсүнөн 210 кв.метр;

4) Шамалды-Сай айылынын А.Осмонов көчөсүнөн 200 кв.метр;

5) Шамалды-Сай айылынын Н.Рыскулов көчөсүнөн 210 кв.метр;

6) Шамалды-Сай айылынын Адыр-2 көчөсүнөн 6000 кв.метр;

      3.Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

      4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.   

                     Айылдык кеңештин төрагасы:                         Н.Мадалиев

————————————————————————————————

                                                                 № 4 ТОКТОМ

                             22-сентябрь 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

“Баткен коогалаңында каза болгон Бектенов Гүлжигит Токтосун уулуна

акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”

Достук айылдык кеңешинин  XVIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2022-жылдын 17-сентябрындагы Баткен коогалаңында каза болгон Кызыл-Туу айылынын тургуну Бектенов Гүлжигит Токтосун уулунун үй-бүлөсүнө материалдык жардам катарында жергиликтүү бюджеттин 2215 ар түрдүү чыгымдар статьясынан 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

        2. Акча каражатты ажыратып берүү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жусупжан кызы Гүлзинага жүктөлсүн.

        3. Токтомдун аткарылышы  айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

        4. Токтомду көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

                  Айылдык кеңештин төрагасы:                    Н.Мадалиев

————————————————————————————————

                                                                       № 5 ТОКТОМ

                             22-сентябрь 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

  “Муниципалдык мөмө жемиш сатуучу базар уюштуруу үчүн

 жер  тилкесин трансформациялоо жөнүндө”

     Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун жетекчилике алып  Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясыкүн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөт башчысы А.Р.Бекибаевдин маалыматы эске алынсын.

           2.Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-Сай айылынын “Айыл чарба багытындагы № 385 контурундагы  3 га,  № 387 контурунан 3,5 га жер аянты Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги  мөмө жемиш сатуучу базар уюштуруу үчүн “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун  жерлери жана башка багытагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жактырылсын.

         3.Шамалды-Сай айылынын “Айыл чарба багытындагы № 385 контурундагы  3 га,  № 387 контурунан 3,5 га жер аянты Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги  мөмө жемиш сатуучу базар уюштуруу үчүн “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун  жерлери жана башка багытагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан, Министрлер Кабинетинен суралсын,

         4.Токтомду аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы

А. Р. Бекибаевге  милдеттендирилсин.

         5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга  жүктөлсүн.

                     Айылдык кеңештин төрагасы:                    Н.Мадалиев

————————————————————————————————-

                                                          № 6 ТОКТОМ

                             22-сентябрь 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

“Турак үйдү тейлөө жана жеке менчик көмөк чарба жүргүзүү үчүн

жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө”

      Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун жетекчиликке алып Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, 

                                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөт башчысы А.Р.Бекибаевдин маалыматы эске алынсын

            2.   Ноокен райондук мамлекеттик запастагы жер тилкесинин Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-Сай айылынын Адыр участогунун “Айыл чарба багытындагы жайыт” категориясындагы жер тилкесинен  80 га жер аянты калктуу конуштун “Турак үйдү куруу жана тейлөө жана өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүү жана дача куруу үчүн жер участогу” категориясына которуу (трансформациялоо) жактырылсын.

        3.Шамалды-Сай айылынын Адыр участогунун “Айыл чарба багытындагы жайыт” категориясындагы жер тилкесинен  80 га жер аянты калктуу конуштун “Турак үйдү куруу жана тейлөө жана өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүү жана дача куруу үчүн жер участогу” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан, Министрлер Кабинетинен суралсын,

         4. Токтомду аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы А. Р. Бекибаевге  милдеттендирилсин.

              5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга  жүктөлсүн.

                            Айылдык кеңештин төрагасы:                     Н.Мадалиев

————————————————————————————————-

                                                              № 7 ТОКТОМ

                             22-сентябрь 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдарынын укук бузуулар жөнүндө иштерди

кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө”

          Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексин жетекчиликке алып  Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча  төмөндөгү курамда комиссия   түзүлсүн:

     -Абдышов Нурбек-орун басар;

     -Аскаров Тахир-айыл башчы;

      -Абдулла уулу Баяман-башкы адис;

-Кадыркулова Базаркан-айылдык кеңештин депутаты;

-Төрөканов Эрнист-участкалык инспектор;

-Холдаров Замирбек-айыл башчы;

-Маманов Мелис-айылдык кеңештин депутаты;

-Тахиржан уулу Кадыржан-айылдык кеңештин депутаты;

-Ташбаева Салима-аялдар кеңешинин төрайымы;

– Намазбеков Тимур-айыл башчы;

-Ойчиев Сатыбалды-аксакалдар сотунун төрагасы;

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук боюнча

туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

                  Айылдык кеңештин төрагасы:                           Н.Мадалиев

                                                                № 1 ТОКТОМ

                             12-август 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

“2023-жылга бюджети 2024-2025-жылдардын бюджетинин

 болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө”

     Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы маселени карап жана талкуулап

                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2023-2024-2025-жылдарга карата Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын.

  2. Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга жергиликтүү киреше болжолдуу суммасы 14 732,8   сомго жана 2024-жылга болжолдуу суммасы 14 865,7 сомго, 2025-жылга 14865,7  сомго бекитилсин.

 3. 2023-2024-2025-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда коомдук угуу өткөрүү  менен кабыл алынсын.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Бекибаевге милдеттендирилсин.

  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин Бюджет, каржы, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

                   Айылдык кеңештин төрагасы:                      Н.Мадалиев

————————————————————————————

                                                         № 2 ТОКТОМ

                             12-август 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

“Достук айыл өкмөтүнө караштуу № 25 “Бакыт” балдар бакчасына

кошумча тайпа ачуу жөнүндө”

        № 25 “Бакыт” балдар бакчасынын жетекчиси Г.Барбуеванын арызынын негизинде  Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы маселени карап жана талкуулап

                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. № 25 “Бакыт” балдар бакчасынын жетекчиси  Г.Барбуеванын маалыматы эске

   алынсын.

  • Кызыл-Туу айылында жайгашкан № 25 “Бакыт” балдар бакчасына кезекте турган  балдардын санын эсепке алуу менен кошумча тайпа ачууга уруксат берилсин.
  • Кошумча ачылган тайпага  тамак-аш сатып алуу үчүн  2022-жылдын

  бюджетинен  27000 (жыйырма жети миң) сом  акча каражатын ажыратып берүү 

  жагы айыл өкмөтүнүн экономика жана финансы  бөлүмүнө  милдеттендирилсин.

  • Кошумча ачылган тайпа үчүн штаттык бирдикке кошумча тиешелүү

иш орундарын ачып берүү жагы Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнөн

суралсын.

  • Токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекибаевге тапшырылсын.

                  Айылдык кеңештин төрагасы:              Н.Мадалиев

———————————————————————————————   

                                                          № 3 ТОКТОМ

                             12-август 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

“Балдар бакчаларына кошумча кызмат көрсөтүү төлөмүнө

 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

         Кыргыз Республикасынын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамына ылайык Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  XV сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги ата-энелер төлөмү 600 (алты жүз) сомдон 700 (жети жүз ) сомго өзгөртүлсүн, өзгөртүп берүү жагы Ноокен райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

        2. Кошумча кызмат көрсөтүү акысынын келип түшүү жана чыгашасынын жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы ФЭБ башчы Жусупжан кызы Гүлзинага жүктөлсүн.

         3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.

                     Айылдык кеңештин төрагасы:                            Н.Мадалиев 

                                                               № 1 ТОКТОМ

                             19-август 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

“Достук айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдын

6 айына аткарылышы жөнүндө”

     Достук  айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Жусупжан

кызы Гүлзинанын маалыматынын негизинде  Достук айылдык кеңешинин XXVIII 

чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы маселени угуп жана талкуулап 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жусупжан кызы Гүлзинанын 

2022-жылдын 6 айына бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маалыматы  эске

алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин 6 айына аткарылышы

 канааттандырарлык деп табылсын.

3.  2022-жылдын 6 айына бюджетинин киреше  19 947 700 (он тогуз миллион тогуз жүз кырк жети миң жети жүз) сомдон , 20 725 600 (жыйырма миллион жети жүз жыйырма беш миң алты жүз) сомго өзгөртүлсүн.

 4.  Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы ФЭБ башчы Жусупжан кызы Гүлзинага жүктөлсүн.

5.   Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Бекибаевге милдеттендирилсин.

6.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча  туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

       Айылдык кеңештин төрагасы:                            Н.Мадалиев

————————————————————————————————

                                                                № 1 ТОКТОМ

                             10-сентябрь 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

“Шамалды-Сай айылында жайгашкан Ынтымак, Тубай-1,

Тубай-2, Кызыл-Туу айылында жайгашкан Райкомнасос, Манап-Сай,

Кызыл-Туу-2, Кызыл-Туу-3, насостук станцияларын курулмалары

менен мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүү жөнүндө”

        Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын жетекчиликке алып, Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  XVII сессиясы маселени карап жана талкуулап

                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-Сай айылында жайгашкан Ынтымак, 

 Тубай-1,Тубай-2, Кызыл-Туу айылында жайгашкан Райкомнасос, Манап-Сай,

 Кызыл-Туу-2, Кызыл-Туу-3, насостук станцияларынын курулмалары  толугу менен Суу ресурстары кызматына өткөрүп берүү жагы Мамлекеттик мүлк

     фондунан суралсын.

  • Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

                   Айылдык кеңештин төрагасы:                            Н.Мадалиев

——————————————————————————————-

                                                          № 1 ТОКТОМ

                             14-сентябрь 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

“Курултайдын датасын, убактысын жана ѳтүүчү жерин аныктоо,

делегаттарды кѳрсѳтүү нормасын бекитүү, жыйындарды,

чогулуштарды ѳткѳрүү графигин бекитүү жөнүндө”

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  XVIII сессиясы маселени карап жана талкуулап

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Достук айыл өкмөтүндө курултайды өткөрүү датасы, убактысы жана өтүүчү жери 1-тиркемеге, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия 2-тиремеге ылайык бекитилсин.
  2. Достук айыл өкмөтүндө калктын саны 10000 ашык болгондугуна байланыштуу жергиликтүү курултайдын делегаты болуп 100 (жүз) адам ченеминде бекитилсин.
  3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо төмөнкүдөй ченемде

бекитилсин:

      -Шамалды-Сай айылы-56 (элүү алты) адам;

      -Кызыл-Туу айылы-20 (жыйырма ) адам;

      -Достук айылы-15 (он беш) адам;

      -Кудук-Сай айылы-5 (беш) адам;

      -Шың-Сай айылы-2 (эки) адам;

          -Сары-Камыш айылы-2 (эки) адам.

  • Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убакыт жана жай жөнүндө расмий сайттар, массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу кабарлоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

                     Айылдык кеңештин төрагасы:                 Н.Мадалиев

———————————————————————————————         

Достук айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын кезексиз 

XVIII сессиясынын № 1-токтомуна 1-тиркеме

Достук айыл өкмөтүндө курултайды өткөрүү датасы, убактысы жана өтүүчү жери

К/нАйылдын аталышыӨткөрүү орду, күнү, убактысыЖооптуулар
1Кудук-Сай айылы№ 41 А.Осмонов мектеби Кудук-Сай айлы 5-үй 15.10.2022-жыл, саат 10-00Абдразак уулу Б, М.Маманов.
2Шың-Сай айылыШың-Сай көчөсү 17.10.2022-жыл, саат 10-00  Т.Намазбеков, Н.Нурумбетов.
3Сары-Камыш айылыСары-Камыш көчөсү 18.10.2022-жыл, саат 10-00К.Ташиев, Абдыкалык уулу
4Достук айылыАйылдык маданият үйү Абдувахапов көчөсү1-үй 19.10.2022-жыл, саат 10-00М.Хафизова , Т.Аскаров, Тахиржан уулу
5Кызыл-Туу айылыКичи футбол аянтчасы, Алимбек-Ата көчөсү 25-үй 20.10.2022-жыл, саат 10-00Б.Кадыркулова, З.Холдаров, М.Сыдыков, А.Дехканов
6Шамалды-Сай айылыКичи футбол аянтчасы, Ленин көчөсү 16-үй 22.10.2022-ж, саат 10-00Якубжанов М, Кубанычбек уулу, Абдрашит уулу Э.    

                              Айылдык кеңештин төрагасы:                         Н.Мадалиев

—————————————————————————————————-         

Достук айылдык кеңешинин

 XXVIII чакырылышынын кезексиз

  XVIII сессиясынын № 1-токтомуна 1-тиркеме

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча

комиссиянын курамы:

   1. Н.Мадалиев-комиссиянын төрагасы;

   2. Б.Абдураимова-комиссиянын катчысы;

   3. И.Турдалиев-комиссиянын мүчөсү;

   4. Г.Барбуева-комиссиянын мүчөсү;

   5. Абдрашит уулу Э-комиссиянын мүчөсү;

   6. М.Маманов-комиссиянын мүчөсү;

   7. Тахир уул К-комиссиянын мүчөсү;

   8. Раимбек кызы А-комиссиянын мүчөсү;

   9. Жусупжан кызы Г-комиссиянын мүчөсү;

 10. Г.Жумабекова-комиссиянын мүчөсү;

 11. А.Бабанова-комиссиянын мүчөсү;

                   Айылдык кеңештин төрагасы:                                  Н.Мадалиев

————————————————————————————————-

                                                              № 2 ТОКТОМ

                             14-сентябрь 2022-ж.                Шамалды-Сай айылы

“Балдар бакчаларынын тарбиячыларына

кошумча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө”

          Кыргыз Республикасынын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамына ылайык Достук

айылдык  кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз  XVIII сессиясы маселени

күн  тартибинде угуп жана талкуулап

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөтүнө караштуу  мектепке чейинки билим берүү  мекемелери

  №18 Чабалекей балдар бакчасынан 13 кызматкер,  № 25 Бакыт балдар

  бакчасынан 8 кызматкер, жалпы 21  кызматкерге  кошумча кызмат көрсөтүү  акысы

  450 (төрт жүз элүү) сомдон төлөнсүн, чыгашасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

  • Кошумча кызмат көрсөтүү акысынын келип түшүүсү, чыгашасы,

  жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү  ФЭБ башчы Жусупжан кызы

  Гүлзинага жүктөлсүн.

  • Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга

   милдеттендирилсин.

                     Айылдык кеңештин төрагасы :               Н.Мадалиев

————————————————————————————————-

Эл депутаттарынын XXVIII

 чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин

 кезексиз  XVIII сессиясынын №2-токтомунун №1-тиркемеси

2022-жылга балдар бакчасынын атайын каражаттар боюнча киреше чыгашасынын сметасы

Кирешеси

МазмунуСумма
1Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин кошумча кызмат көрсөтүү үчүн төлөм37800
 Жалпы сумма37800

Чыгашасы

МазмунуСтатьясыСумма
1Тамак-аш азыктарын алуу2218110037800
 Жалпы сумма37800

                          ФЭБ башчысы:                                             Жусупжан кызы Г.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17