Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
28,081 Бардыгы / Зайнидин Мамыров, дарыгер – Жөнөкөй тил менен айтканда эхинококкоз деген эмне? Эхинококкоз дарты 2-6 мм чоңдуктагы кичиникей тасма курттарды жараткан мите курт оорулары. Бул мите курттарды алып жүрүүчүлөр болуп иттер, карышкыр ,чөөлөр, түлкүлөр жана башка жаныбарлардын ичегисинде өсүп өнүгөт. Илдеттүү иттердин жана башка жаныбарлардын ичке ичегисинде 20-30миңге жакын тасма курттары өсүп- өнүгүп, ар […]
28,082 Бардыгы / Зайнидин Мамыров, дарыгер – Жөнөкөй тил менен айтканда эхинококкоз деген эмне? Эхинококкоз дарты 2-6 мм чоңдуктагы кичиникей тасма курттарды жараткан мите курт оорулары. Бул мите курттарды алып жүрүүчүлөр болуп иттер, карышкыр ,чөөлөр, түлкүлөр жана башка жаныбарлардын ичегисинде өсүп өнүгөт. Илдеттүү иттердин жана башка жаныбарлардын ичке ичегисинде 20-30миңге жакын тасма курттары өсүп- өнүгүп, ар […]
Зайнидин Мамыров:Эхинококкоз оорусунун дарылоо жолу бир гана операция аркылуу болот
29.01.2014 / Автор Orozaly28,083 Бардыгы /
Зайнидин Мамыров, дарыгер
– Жөнөкөй тил менен айтканда эхинококкоз деген эмне?
Эхинококкоз дарты 2-6 мм чоңдуктагы кичиникей тасма курттарды жараткан мите курт оорулары. Бул мите курттарды алып жүрүүчүлөр болуп иттер, карышкыр ,чөөлөр, түлкүлөр жана башка жаныбарлардын ичегисинде өсүп өнүгөт. Илдеттүү иттердин жана башка жаныбарлардын ичке ичегисинде 20-30миңге жакын тасма курттары өсүп- өнүгүп, ар бир эки жумада ичегисинен сыртка иттердин арткы тешиги аркылуу сыртка чыгарылып турат. Бул учурда иттерде кычышуу жаралып, куйругун же болбосо, буттарын оозу менен тиштегилеп мурду менен сүрткүлөгөн убакта иттин башынан баштап куйругуна чейин эхинококкоз оорусун алып жүрүүчү жумурткалар менен капталып калат.
Эхинококкоз дартына чалдыгып калган учурда, адам кантип байкоого болот алгачкы белгилерине токтолуп өтсөңүз?
Эхинококкоз оорусу жуккандан кийин эле байкоого болбойт. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин адамдын организимине түшүп, андан кийин тийиштүү бир органда өпкөдө, же боордо отурукташып анан ал жерлерде өсүп, чоңойгонго чейин убакыт керек. Ошол убакыттын ичинде башка оорулар сыяктуу эхинококкоз дартынын белгилери билинбейт. Медицина мекемелерине адам башка оорусу менен кайрылып калган мезгилде эле байкаганга болот. Болгону боордо эхинококкоз оорусу болгон болсо, боордун чоңоюшу же болбосо боордун башкача иштеп калышы байкалат. Биз айтып жаткан оору көбүнчө боордо же өпкөдө болгондуктан өпкөдө пайда болгондо адамдын дем алуусунун начарлашы, өпкөнүн чоңоюшу айтор өпкө жагынан кыйналуу болот. Ушинтип ооруп калып, ооруканаларга кайрылганда эхинококкоз дарты билинип калып атат.
Коомдо биз сөз кылып жаткан эхинококкоз дарты көбөйүп жатат деп айтылууда. Сиз бул дарттын көбөйүүсүн эмне деп түшүндүрөт элеңиз?
Мен минтип айтат элем, себеби, ар бир жаран өзүнүн тазалыгын сактабагандыктан болуп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коом арасында эхинококкоз оорусунан коргоону максатында жайылтылган иштерге карабастан, өздүк тазалыкты сактабагандыктан болуп жатат. Андан сырткары учурда жолбун иттер же ээси жок көчөдө жүргөн иттерден болуп жатат.
Эхинококкоз оорусунун дарылоо жолдору кандай?
Эми дарылоо жолдорун айтып өтөйүн. Изилдөөлөрдүн негизинде башка органдардын ооруп калуусунан медицина мекемелерине кайрылган кезде томография, же болбосо башка бир медицина аныктоочу аппараттардан боордогу кисталар билинип калат, ошол учурда алар тиешелүү дарыгерге жиберишип ал жерде операция аркылуу дарылашат. Эхинококкоз оорусунун дарылоо жолу бир гана операция.
Адис катары эхинококкоз оорусунун алдын алуу тууралуу эмне кеңеш бермекчисиз?
Мен айтат элем, биринчи эле өздүк тазалыкты сакташ керек. Кимде ким үйүндө ит, мышык кармаган болсо, тиешелүү жергиликтүү ветеренардык кызматкерлерге кайрылуусун өтүнөм. Адамдар өздөрү кеңештерди сурап, итине же мышыгына курттарды өлтүрүүчү дарыларды алып берип туруусу зарыл. Мал союлган кезде боор, өтү жабыркаган болсо, аны итке мышыкка бергенге болбойт. Аны жөн гана көмүп коюу керек. Ким үйүндө ит, мышык кармаган болсо, жылда бир алып барып тиешелүү адистерге текшертип коюусу өтө зарыл . Ээси жок, жолбун иттерден алыс болуш керек. Ата-энелер балдарынын жана өздөрүнүн тазалыгына көңүл буруусу керек, колду бат- баттан жууп жана балдарга кайталап, тазалыгын көзөмөлгө алып туруусу шарт. Ушундай жөнөкөй эле эрежелерге көңүл бурсак, эхинококкоз оорусунун алдын алсак болот.
Маегиңиз үчүн ырахмат.
Мунара Турдубаева,WWW/
Автор Orozaly
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg ШААРДА ЖОГОРКУ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЖҮРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg НООКАТТА СЕЛ КАПТАГАН ЖОЛДОР ТАЗАЛАНДЫ
-
01.07.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ НООКАТТАГЫ СЕЛДИН СЕБЕПТЕРИН АТАДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.