Аймак

«Көчөдөгү сүйүүгө көз тийип өлөт»,- акын Рамис Рыскулов

 7,908 Бардыгы /

«Көчөдөгү сүйүүгө көз тийип өлөт»,- акын Рамис Рыскулов

Бул макаланы жазаар алды өтө көпкө ойлондум. Мүмкүн ким бирөөнүн аяр сезимине доо кетирип аламбы деп. Кечирип койгула!!!
«Сүйүү», «Ашыктар күнү», «Ыйык Валентин күнү»… Базар, көчө, дүкөн- күркөнүн бети кыпкызыл жүрөкчөлөр… Жаңы кыргыздар да даярданып атышат. Эмнени белек кылсам? Мүмкүн өзүмдү белек кылаармын?.. дегенге чейин барган жаштардын күтүүсүн бир саам сыйлайсың. 1990- жылдардан бери Батыш Европадан, кыргыз жашоосуна баш баккан бул майрамды коомчулук ар кандай сынга алат.
Ким бирөөлөр бул күндү өтө жакшы көрүшөт. «Кандай гана сонун күн, жок дегенде өмүрүңдө бир жолу өзүңдү ким бирөөгө керектүү сезип… Белек алып… Кубанасың. Күтүп…»,- десе, айрымдар «Өмүрдүн ар бир күнүн сүйүү менен өткөрсө болот, бул улуу сезимди сөзсүз эле бир күнгө сыйдыра калбай. Бул майрам кыргыздардын дүйнөсүнө жат»,- деп бурк этет. Арада «Ыйык Валентини» эмнеси ботом? дегени да көп. Көрсө, Валентин- таттуу токоч, момпосуй же кызыл- тазыл шарлар эмес тура. Ал эмне? эмес, ким? деген суроого жооп берет экен.

«Ыйык Валентин»

Валентин- Римдин Терни шаарында жашаган чиркөө кызматкери,христиан кечили болгон. Ал жаш, ак көңүл, жапакеч, романтикага берилген, дарыгерлик билими да бар адам эле. Ал адамдык мыкты сапаттарга эгедер болуу менен бардык адамдарга, өзгөчө сүйүшкөндөргө кол сунуп жардам кылганды жакшы көрчү деп баяндалат. Ал эми «Ыйык Валентин күнүнүн» жаралыш тарыхы уламышка караганда 269-жыл Рим императору Клавдийдин дооруна туш келет. Дүйнөнү өзүнө каратууну кыялданган Рим императору алдындагы жооркерлердин санын кескин көбөйтүү үчүн, алардын үй- бүлөө куруусуна каршы мыйзам кабыл алган. Валентин ошол доорго туш болгон ашыктардын жашыруун никесин кыйып, императордун чыгарган буйругуна каршы иш кылып келген. Бирок ал жашыруундук көпкө созулган эмес, ал түрмөгө камалган. Анан Клавдий анын башын алууга буйрук берген. Ошентип христиандар Валентинди ыйыктардын катарына кошуп, бара- бара ал күн, «Ыйык Валентин күнү» тактап айтканда бүткүл дүйнөдөгү ашыктардын күнүнө айланган делет.

Бирок кеп анда эмес. Кеп башкада окурманым. Дегеним, сөздүн түпкү түшүндүрмөсүнө келсек, «МАЙРАМ»- негизинде адамзатка залалын тийгизбегенде гана ал чыныгы майрам деп аталат экен. Башкача айтканда, майрам келе атканда дагы… майрам болуп атканда жана өтүп кеткенден кийин дагы адамга, адамдын абийирине, адамдын тагдырына тескери залалын тийгизбөөгө тийиш.

Ал эми бул майрам кыргыз коомуна эмне берди? Ооба, ошол күн себеп болуп ким бирөө бактысын таап атса, бактылуу болсун!!! Ак никелешкен кыргыз кыздары менен уулдарынан куралган кичинекей мамлекетте жаралган таза наристелерге, «АЛТЫН МУУНга» зар болуп турат го коомчулук бүгүн. Бирок… Мен башканы кеп кылгым келет. Белгилүү себептерден улам маектештеримдин атын өзгөртүп, окуу жайды да айта алган жокмун.
Бул материалды даярдоо алдында борбор калаадагы белгилүү бир ЖОЖдын №4 жатаканасына баш бактым. Студенттерге барганымдын себеби, каарман табуу болчу. Ошол жерде жашаган 23 жаштагы кыз мага курбусунун тагдырын айтып олтурду. Мен ага жолуктурчу деп жабышып алдым. Эртеси үйүнө бардык… Анчалык чоң эмес үй. Жаңы тирлик… Бизди узун бойлуу, сулуусунан келген жаш келин тосуп алды. Көпкө сүйлөштүк.
– Мен бир үйдүн жалгыз кызымын. Апам аябай сулуу аял. Эрке өстүм. Жашоону эч кандай жамандыксыз, жарык, жакшы элестетчүмүн. Мени мектептен да, кийин окуу жайдан да балдар бура бастырчу эмес.Мен өзγмдγ ханышадай кабылдаган убактарымда көп болгон. Бир саам, өзүмдү бал куюлган чыныга окшотурсам, ал эми балдар ал чыныга аарыдай эле жабышып калышчу.
Ал эми мен Муратты өзүм жакшы көрчүмүн. Ал мен окуган факультетке жаңы гана окутуучу болуп келген. Үйлөнө элек, деп укчубуз. Мен аябай жакшы көрдүм. Сγйγγмдγ билдиргим келчγ. Шылтоо издедим, анан 14- февралды күтүп жүрүп, ал күн келгенде аны жактырганымды, ал үчүн күн- түн уйку көрбөй калганымды безеленип кат жаздым. Башкалар ага жеткирди. Жооп берген жок. Кийин телефон номерин билип алып башка- башка телефондордон маяк бере берчүмүн. Акыры сүйлөштүк. Анда- санда жолугуп калчубуз. Бир ирээт ал туулган күнүндө мени достору менен үйүнө чакырды. Мен досторуна тамак жасаганыма сүйүнүп, өзүмдү анын аялындай алып жүрдүм. Аябай ичишти. Мен бир аз вино таттым. Түндөн оой сүйрөлүп барып ар кайсынысы ар кай жерде эки- экиден укташты. Мен болсо Мураттын бөлмөсүнө барып, жанына өзүм жатып алдым… Эртең менен түндө болгон окуяны көз алдыма элестетип… Ошондо да менин ичимде азыркыдай өкүнүч болгон эмес. Анткени мен ага өзүмдү БЕЛЕК кылууга даяр элем. Ага кийин көпкө телефон чалып жүрдүм, окуу жайдан бир- эки жолу жанына барсам кагып салып, басып кетти. Ошол түндөн кийин бир да жолу сүйлөшпөдүк. Бир айдан кийин гана боюмда болгонун билдим. Албетте, биринчи эле келе калган ой БАЛАНЫ КАНТИП АЛДЫРАМ?.. Акыры ал да чечилди, мен курсактагы балееден кутулдум.
Бирок азыр ошонун азабын тартып атам. Андан көп өтпөй эле турмушка чыктым. Эдил мени эч нерсеге карабай алып алган. Быйыл жашаганыбызга 3 жыл болуп барат, бирок балалуу боло албай жатабыз. Дарыгерлер биринчи бойдон алдыруунун кесепети деп түшүндүрүштү. Эдил эч нерсени билбейт. А менин ичим эзилет…
«Сүйүү бул- ашыктар бири- бирин кароо эмес, экөө биригип бир багытты кароо» деп айтылат го. Анын сыңары бул тагдыр. Бул азыркынын чыныгы картинасы. Ашынган эркиндик, азоо сезим, себеп болгон «СҮЙҮҮ күнү»… Мγмкγн мындай тагдырлар аздыр, мγмкγн көптγр?
Ал эми адистер улам барган сайын сексуалдык катнашка барган өспγрγмдөрдγн көбөйγшγнөн кооптонушууда. Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин медициналык жардам көрсөтγγ уюмунун башкы адиси Раиса Асылбашованын «Саресеп» маалымат порталына берген маегине таянсак, акыркы жылдар бойдон алдырган 14 жаштагы секелектер да катталып жатат. Негизинен бойдон алдырууга кбγнчө 18ден 24 жашка чейинки кыздар барат. өзгчө соңку жылдар алдын алуу, тγшγндγрγγ иштери кγчөтγлгөн багытта жγргөндγктөн бойдон алдыруу фактысы төмөндөөдө деп баалашат адистер. Бирок өлкөнγн борборуна ар дубандан келген кыз- уландар али да маалыматсыз калууда.

Кыргыз коомуна дагы бир таасирдγγ багыт диндин көзγ менен карай турган болсок, шариятта никесиздердин сүйүүсүнө жол берилбейт. Турмуш курардан мурун кыз менен жигит туугандары аркылуу бир гана жолу жолугууга тийиш. Жактырышса үйлөнүшөт, жактырышпаса айла жок. Ислам боюнча сүйүү аял-күйөөнүн гана ортосунда болушу шарт.«Негизинде бир гана ислам дини эмес, башка диндер да бул кγндγ майрам катары кабыл кылбайт, майрамдоого тыюу салат»,- дейт дин таануучу Кадыр Маликов.

«Эгер ким бирөөнγ жаман жолдон кайтаргың келсе, ага башка мыкты жолду сунушта»,- дегенди эстесек, мγмкγн жок дегенде өзбекстан сыяктуу 14- февралды «Сγйγγ кγнγ» эмес такыр башка кыргыз дγйнөсγнө жакын майрам менен алмаштырууга болоттур. Дегеним, коңшу өзбек туугандар бул кγнгө караманча тыюу салып, «Ыйык Валентин кγнγ» жөнγндө жергиликтγγ массалык маалымат каражаттарынан бир дагы маалымат берилбесин дегенине көп болду. Тактап айтканда алар «Ыйык Валентин күнүн» Чыңгызхандын тукуму болгон, бир кездерде Түштүк жана Борбор Азияда маданий жактан бай империяны негиздеген Бабурдун күнү деп аташкан.
Бул тууралуу азыр кыргыз мыктылары баш катыра элек. Бирок арада жаштар менен тыгыз иш алып барган бир катар уюмдар бар. Алардын бири Кыргызстандагы «Адеп- Башаты» коомдук фондунун өкγлγ Жумадыл Мамаджановдун айтуусунда жаштар кγйγп турган жγрөктөрγндөгγ сγйγγнγ ата- энеге, мекенге, кудайга арноону γйрөнγγсγ шарт.

– Канчалык бир деңгээлде кыргыз коомун байырлап алган бул кγндγ бир кγндө эле жашообуздан алып сала албайбыз. Бул тγшγнγктγ алып салуу γчγн жаштарды жакшы багытка γндөгөн маалымат менен камсыздап, туура тγшγнγк берγγбγз керек. Т.а. көз карашты өзгөртγγ γчγн атайын бир муун ѳсγп чыгышы зарыл. Азыр деле жаштардын баары бузулуп кеткен жок, арада өтө мыкты максаттарга умтулган жаштар бар. Тилекке каршы көп эмес. Ал эми бул кγндγн өзγнө келсек, «Ыйык Валентин» дегендин өзγ туура эмес, мусулмандар γчγн Куран китеби, Кааба ыйык деп саналат. Мейли мусулманчылыкты албаганда деле, кыргыздар баары бир өз баалулуктарына жараша максаттуу жашашы керек го. Максатсыз гана болуп тим калбастан, адам баласына зыян алып келе турган бул кγндγ сөз кылуунун зарылчылыгы жоктур.

Жогорудагы материалдарды топтоп олтуруп, Калыгул бай уулунун «… Такыясын колго алып, кыз жигитти кубалаар,- деген сабын эстеп, атаңгөрγ ай ушул биздин доордун кыздарын сγрөттөгөн го дейсиң. Ал эми кыргыздын көрγнγктγγ акыны, тамсилчи жана агартуучу Тоголок Молдонун (Байымбет Абдырахманов):
Акыл менен иш кылат,
Адамдардын жетиги.
Көкγрөк туюк болгон соң,
Көргөн менен не пайда,
Көзγң тамдын тешиги… деген ыры, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун «Кылым карытаар бир кγн» чыгармасындагы МАҢКУРТТУН образы менен γндөшө келип, али да биздин замандын Жоламандарын көз алдыга тартат.
«Кызга кырк γйдөн тыюу», «Жаш жигит ок болот, карыганда токтолот, жалгабаса кудайым жабыгып жγрγп жок болот», «Кыз боосуп энесин коркутат», «Кыз жаманы кыроо, уул жаманы уйгак», «Кыз энеден γлгγ албаса чоркок болот, уул атадан γлгγ албаса коркок болот» деген өңдγγ турмуштун жаргылчагынан жанчылып чыккан кыргыз сөздөрγчγ? Кыргыздын тээ абалтан эле тарбияга маани берип, бузулбай, бγлγнбөй, чачылбай жашаганынын далилдеп жатпайбы.

Анда эмнеге? Куудулдар айтмакчы «Негрдин кызы карала, орустун кызы сарала, КЫРГЫЗдын кызы торала» болуп атат ыя?

Сөз соңунда дγйнө жγзγнө өтө кеңири тараган, ал гана эмес наристелерге чейин белгилγγ болгон жγрөкчө белгисинин тγрдγγ чечмеленишин сунуш кылайын.
• Биринчиден, ЖΥРӨКЧӨ- бул кадимки адамдын мотору болгон жγрөктγн формасы делет.
• Экинчи, сγйγγнγн символуна айланган эки ак куунун кыналышкан учурундагы жаралган көрγнγш.
• Υчγнчγдөн, тактап айтканда америкалык психолог Гальдино Пранзароненин белгилөөсγ боюнча бул жγрөк эмес, аялдын өтө сулуу дене тγзγлγшγндөгγ белден ылдый, буттан жогорку бөлγгγ т.а. кадимки жамбашка окшош.”Аялзатынын бул дене бөлγгγ кумардын, сүйүүнүн туу чокусу катары сыпатталат. Муну сγйγγнγн символу деп атоого негиз бар дегендик. Болгону гана кийин мезгилдин, доордун алмашышы менен ал кызыл тγскө өтγп, анан сыпайычылык γчγн төмөн жагы жогору карап, болжолдуу ЖΥРӨК деген бγтγм чыгышы мγмкγн. Анткени жγрөкчө белгиси адамдын анатомиясындагы кадимки жγрөккө окшобойт”, деп ишендирет Гальдино Пранзароне.

Ал эми сиз жγрөкчөнγ көргөндө эмнени элестетесиз

Жазгүл Жамангулова

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17