Аймак

Дартка даба табылды

 44,363 Бардыгы /

Заманбап медицинада псориазды айыктыруучу бир дагы аппарат жок. Бул ооруну толугу менен айыктырууга мүмкүнчүлүк болбосо дагы, аны дарылоо үчүн бир нече ыкмаларды колдонуп келишет. Бул айыккыс дарттан кээ бирлери үмүтүн үзүшсө, кай бирлери айыгуунун айла-амалын таппай жатышкан, эми минтип Карыбек ажынын шыпаасы менен дартка даба табылып олтурат. Бул оорунун келип чыгуу себептери белгисиз болсо да, окумуштуулар псориаздын пайда болушу иммундук системанын жаңыланышын шарттайт дешет. Псориаз курт-кумурскалардын чагып кетишинен, ийне сайылгандан, операциялык кесиктерден, татуировкалардан, күйүктөн, күндүн жана рентген нурларынан улам пайда болорун, ал эми медицинада тери сезгенгенден безеткилердин чыгышынан жана гонореялык оорулардан, аллергия болуп кычышуудан, теринин кызарышынан, ыйлакчалардын пайда болушунан псориаз келип чыгат деп айтылып келет. Аталган оору айымдардын ар түрдүү косметикалык каражаттарынан да пайда болушу мүмкүн. Псориаз жугуштуу оорулардан да калыптанат.
Изилдөөчүлөрдүн берген маалыматына таянсак, Вич- инфекциясы аркылуу да псориаз пайда болору аныкталган. Кошуна Орусияда эки жылдын ичинде эле мындай оору менен жабыр тарткан 13 оорулуу каза болгон. Түндүк Европадагы жашоочулардын 1,5 пайызы псориаз менен ооруса, АКШда бул дартка чалдыккандар 1 пайызды түзөт. Ал эми Германияда 1,3 пайыз, Данияда 2,3 пайыз, Кытайда 0,3 пайыз болсо индустардан жана Түштүк Америкада кездештирүүгө болбойт. Дерметологиялык ооруканаларга кайрылгандардын 6,8 пайызы псориаздан жабыр тартышкан.

Дүйнө жүзү боюнча болгону төрт гана мамлекетте, Иран, Ирак, Канада жана Японияда, псориаз ж.б тери ооруларын айыктыруучу атайын ооруканалар ачылган. Бирок медицина алсыз болуп, миллиондогон адамдар дарыласа дагы, ал оорулар 5 жылда бир кайталанып турат. Карыбек ажы Алланын жардамы Ыйык Курандын күчү менен “псориаз”, “көз жара”, “демодекоз”, “бөрү жатыш”, “витилиго” ооруларынын башталгыч учурларын ж.б. тери ооруларын айыктырып келет. “Мен табыпчылык өнөрдө 1992-жылдан бери келе жатам. Мырзабай деген таятам болгон экен. Табыпчылык, дарыгерлик таятамдан тараса керек деп ойлойм. Таятам Касиде окуган илимдүү, дарыгер киши болгон экен.Дарыгерчилик өнөрүн үйрөткөн Ысык –Көл областынын Отрядный айылынан чыккан Жуман молдо деген болуптур. Андан илим алып, дарыгерликти үйрөнгөм. Өзүм “Муалим Сани ”деген ийримди, андан кийин Куранды окуп бүтүргөм. Курандан “Ясин”, “Ихлас”, “Фалак” ж.б сүрөөлөрдү жана акыркы пайгамбарыбыз болгон Мухаммед (С.А.В.) дын осуяттарын окуйбуз. Бир гана Алла тааладан шыпаа тилейбиз. Өзүбүз көзү ачык, бакшы төлгөчүлөргө ишенбейбиз 2009 жылдан бери “Ислам Нур- Ата” деген аталыштагы атайын элдик дарылоо борборун ачканбыз. Азыркы күндө борбордо 8 адам эмгектенип, эл үчүн кызмат кылып келе жатабыз”,-дейт Карыбек ажы.

2010-жылы Кыргызстанда псориаздан жабыркагандардын саны 5250 адамды түзгөн. Кайрылгандын 95 пайызы Ош, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад областарынан. 9-10 жыл күрөшүп, эми минтип айыгып сүйүнүчү койнуна батпаган бейтаптар Карыбек ажыга ыраазычылыктарын билдирип келишет. Алардын бири Имакова Дилбар мындай дейт:“Мен Бакыттын апасы болом, Карыбек ажыга өзүмдүн чоң ыраазычылыгымды билдирем. Менин балам бир жыл мурун өтө коркунучтуу оорулардын бири болгон псориаз оорусуна кабылды. Бакыт туталанып эмне кыларын билбей калды. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Орусияга чейин бардык. Жалал-Абадда дарылаттык, натыйжа чыккан жок. Бул оорунун айыкпай оору экенин билген дарыгерлер болгону 50-60 пайыз кепилдик беришкен. Муну укканда Бакыт ого бетер үмүтүн үздү, жашагысы келбей калды. Бир күнү кокусунан “Дарыгер” гезитинен Карыбек ажы жөнүндө маалымат окуп калдым, дароо редакциядан дарегин алдым. Биз байланышканыбызда жакшы маанай менен кабыл алып, бул оорунун айыгарын айтып, Бакытты Бишкекке чакыртты. Мен азыр айта албай жатам, сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибергем. Бакыт азыркы күндө таза айыкты, ден соолугу чыңКарыбек ажы балама дароо жашоо берди. Эмне үчүн мындай адамдарды мамлекет баалабайт. Бакытка окшогон миллиондогон адамдар дарылануунун айла амалын таппай келишет. Мындай адамга чакан клиникалык борбор ачып берүүгө болбойбу? Мен Карыбек ажыга үй-бүлөмдүн атынан чоң ыраазычылыгымды билдирем. Карыбек ажынын элдик клиникалык борборунан айыгып чыккан Медетов Кубат болсо буларды айтып берди: Мен 1982-жылы 17-февральда Таластын Кара –Буура районунда төрөлгөм.

2000-жылдан бери псориаз оорусунан жабыркап келем. Бул оору менен 10 жыл жашадым. Кечинде кычыштырат, ачууланасың, уйку бербейт. Элден уялчумун, ар дайым жеңи бар кийимдерди кийчүмүн. Ачууланганддан улам жакын адамдарым менен урушуп кетчүмүн. Мен бейтаптарга барганда алар дары жазып беришти. “On clinik”жана кытайдын “Доктор Ксю” клиникалык борборлорунда болдум, кан алмаштырышты, анда да жардам берген жок. Кокусунан “Ислам Нур-Ата” элдик дарылоо борборунун жарнамасын кезиктирип калдым. Мени Карыбек ажы кабыл алып, 2011-жылдын 20- январынан 5- мартына чейин дарылады. Мен Карыбек ажыга аябай ыраазымын Азыр өзүмдү аябай жакшы сезип калдым. Окумуштуулар азыркы күнгө чейин дартка даба таба албай келишсе, бүгүн минтип Алла Тааланын касиеттүү күчү менен Карыбек ажы оорулууларды айыктырып, элдин алкышына, батасына арзып келет. Карыбек ажы Кыргызстан менен гана чектелип калбастан чет жердегилерге да жардам берсем деп ниеттенип келет. Байланыш тел: 0770565246, 0705565246

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17