Аймак

КАЙРЫЛГАНДАР БҮТ САКАЙЫП ЖАТЫШАТ

 8,171 Бардыгы /

КАЙРЫЛГАНДАР БҮТ САКАЙЫП ЖАТЫШАТОш облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылына агылгандардын аягы күнү-түнү үзүлбөйт. Алардын дээрлик баардыгы элдик дарыгер жана табып Патилакан Мавланованын колунан дарттарына шыпаа таап, жан кыйнаган оорусунан куландан соо сакайып кетип жатышат.
Айнура БАРАТАЛИЕВА, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Биринчи Май айылынын тургуну: – Белим аябай сыздатып ооруп, таптакыр басылчу эмес. Патилакан Мавланова жөнүндө элден угуп, дайын-дарегин сүрүштүрүп жүрүп, акыры 2013-жылы атайын көрүндүм. Адегенде бүт денеме мыкты массаж жасап, анан балыктын майын сүйкөдү. Ошондон тарта моминтип басып, эки жакка ээн-эркин, бирөөнүн жардамысыз эле жүрүп калдым.
Карина ИСМАИЛОВА, Өзбекстандын Анжиян шаарынын тургуну: – Эми гана кырк жаштан араң аштым. Куяң оорусуна кабылып, акыркы жылдарда төшөккө жатып калдым. Жаным көздөн учканда, тааныштарым Патилакан апага алып келишти. Мына, жети күндөн бери өз алдымча басканга жарап калдым. Мага окшоп жакынкы өлкөлөрдөн, Тажикстандан жана Казакстандан дагы келип, эжеден сакайгандар бар.
Шарап КОРЧУБАЕВ, Баткен облусундагы Кадамжай районунун тургуну: Патилакан эженин укалоосунан кийин кыйла эле чыйралдым. Азыр буту-колум кадимкидей иштеп калды. Мурда майда-чүйдө жумуш дагы жасай албай, өлө кыйналчумун. Азыр, кудайга шүгүр, аялдарга таандык бардык нерселерди бүтүрүп атам. Менимче, Кыргыз Өкмөтү Патилакан эжедей элдик дарыгерлерге жана табыптарга мындан ары көбүрөөк көңүл буруп, туруктуу колдоо көрсөтсө, мындан, албетте, утушмак. Анткени, элдик традициялуу медицинанын дарылоо жана сакайтуу ыкмаларын колдонуп жатышкан булар деле Кыргыз тарыхынын жана маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү эмеспи.
Эламан УЛУКБАЕВ, Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл кыштагынын тургуну: – Казакстанда иштеп жүрүп тепкичтен кулагамын. Анан бара-бара баспай калдым. Апамдан угуп келдим. Анткени, чоң атам дагы он сегиз жыл мурда мендей дартка чалдыгып, дал ушул жерден сакайып кеткен экен. Күн сайын дене боюмду укалап, ийне сайып жатышат. Түзүкмүн. Күн өткөн сайын оңолуп баратам.
Эртабылды АРЗЫБАЕВ, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылынын жашоочусу: – Эже өзү даярдаган дары-дармектерди жегенден кийин ээн-эркин кыймылдап калдым. Көп жылдар бою тарткан азабымды дароо унуттум. Эми моминтип бирөөлөрдүн жардамысыз эле өзүмчө басып жүрөм.
Абдырасул АБДЫГАПАРОВ, Жалал-Абад облусуна карштуу Сузак районунун тургуну: – Ардактуу эс алуудамын. Төрт уул, төрт кыздын атасымын. Булардын ыраатын көрөөрүмдө моминтип жамбашым чыгып кетип, таптакыр ордумдан жылбай калдым. Эже нугуна салгандан бери сакайып баратам. Көрдүңөр го, азыр бирөөлөрдүн жардамысыз эле ары-бери жылып жүрөм. Ден соолугумду кайра кайтарган табып Патила Мавлановага өмүр бою ыраазымын!
Ушинтип далай адамдарды куяң, кан басымы, бел, артроз, артрит, псориаз дарттарынан сакайтып, алардын алкышына арзыган Патилакан МАВЛАНОВА ушул тапта алтымыш жашта. Бишкек шаарындагы В. В. Маяковский кыз-келиндер пединститутун (азыркы И. Арабаев атындагы гуманитардык университетин) 1992-жылы бүтүргөндөн бери педагог-психолог кесибин үзгүлтүксүз аркалап келатат. Соңку мезгилде буга укалоо, ийне саюу, сыныкчылык өнөрлөрү дагы кошулду.
– Үч уул, бир кызымды үйлөп-жайлап, турмушка узатып, көңүлүм эбак тынчыган. Ошондуктан, моминтип эл жүгүн үзгүлтүксүз аркалап, кырсыктагандарга жана капысынан ооруга чалдыккандарга медициналык жардамымды өз үйүмдө эле көрсөтүп келатам, – дейт Патилакан Мавланова. – Мээнетимдин акыбети кайтып, менин колумдан кайрылгандар шыпаа табышса, ушул мен үчүн чоң бакыт жана ийгилик!
Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы элдик табып жана дарыгер Патилакан Мавланованын үйүнө агылгандардын саны дагыле тыйылчудай эмес. Ошентсе да, кыштактан узап баратып, булардын баарынын тезирээк сакайып, катарыбызга эртерээк кошулушун тиледим.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Кара-Суу району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17