Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,968 Бардыгы / Алыскы Алай районуна соңку тапта кар жаап таштады. Демек, бул кебетесинде тоолуу өрөөөнгө кыш жылдагыдан эрте түшчүдөй түрү бар. Ошентсе да, энергетиктер элет калкын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун камын эмитен эле жеп жатышат. Бул туурасында Алай райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси Туратбек БОРОНОВ кабарчыбыз менен маегинде моюндады.Туратбек мырза, бул кебетесинде Алай […]
1,969 Бардыгы / Алыскы Алай районуна соңку тапта кар жаап таштады. Демек, бул кебетесинде тоолуу өрөөөнгө кыш жылдагыдан эрте түшчүдөй түрү бар. Ошентсе да, энергетиктер элет калкын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун камын эмитен эле жеп жатышат. Бул туурасында Алай райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси Туратбек БОРОНОВ кабарчыбыз менен маегинде моюндады.Туратбек мырза, бул кебетесинде Алай […]
ТУРАТБЕК БОРОНОВ: “АЛАЙДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ЖЫЛДА ЭЛЕ КЫШТА КӨБүРӨӨК ЖАГЫШАТ”
10.10.2016 / Автор anarkan_kg1,970 Бардыгы /
Туратбек мырза, бул кебетесинде Алай жергесинде кыш узакка созулчудай. Андыктан, алдыдагы ызгаарга камылгаңыздар кантти экен?
-Даярдыгыбыз дээрлик токсон сегиз пайыз деп ишеничтүү айта алам. Октябрь айынын онуна карата ремонт иштерин толук бойдон бүткөрдүк. Анан Гүлчө кыштагына бир, Корул айылына бир жапжаңы трансоформатор орноттук. Ал эми Кабылан-Көл айылындагы электр мамылары бүт бойдон жаңыланды. Жакынкы арада Маданият кыштагына дагы жыйырма электр мамысын орнотобуз.
-Бийик толуу аймакта мурдагы жылдарга салыштырганда электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны азайдыбы, же, тескерисинче, көбөйдүбү?
-Ушул тапта районубуз боюнча 12 524 жеке керектөөчүлөрүбүз бар. Мындан тышкары алтымыш мекеме дагы биздин кызматыбыздан туруктуу пайдаланат. Жыл өткөн сайын керектөөчүлөрүбүздүн катары улам калыңдап баратат. Мунун эң башкы эле себеби: биздин тейлөөбүз абдан жакшырды. Буга улай калк арасында түшүндүрүү жараянын дагы ого бетер күчөттүк. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгына таянсак, энергияны керектөөчүлөрдүн карызы эки миллион беш жүз миң сомдон ашты. Бул мурдагы жылдарга салыштырганда, кыйла эле аз. Демек, убагында төлөбөсө, туум кошулаарын элибиз абдан жакшы түшүнүп калышты. Андыктан, жаккан энергиясынын акысын убагында гана төлөгөнгө бекем ыкташты.
-Ошентсе да, “Кой аксагы менен – жүз” дегендей, ток уурдап жаккандар элетте дагыле бардыр?
-Мурда, танып не, мындай шылуундар абдан эле арбын болчу. Алар биздин көзөмөлдөөчүлөрүбүз менен жең ичине соодалашып, мындай мыйзамсыз аракеттерге кесиптештерибиз дагы көз жуум коюшчу экен. А соңку жылдарда мындайда эки тарап тең убагында тиешелүү түрдө катуу жазалангандыктан, ушундай жосунсуз жоруктар акыркы маалда таптакыр кайталанбай калды. Дээрлик жокко эсе, тыйылды десем дагы жаңылышпаймын.
-Туратбек мырза, бийик тоолуу шартта таптакыр эскилиги жеткен жана чириген мамыларды, электр чубалгыларын жана трансорматорлорду жаңылоо аракети кантти? Дегеле бул өңүттө Кыргыз Өкмөтү жетиштүү каражат бөлүп жатабы?
– Биздин ишканабыз түздөн-түз “ОшЭлектро” ачык акционердик коомуна карайт. Ошондуктан, “ОшЭлектро” тиешелүү каражаттарды өз убагында жана эч жалдыраспастан бөлүп турат. Ошондуктан, буюрса, быйылкы кышта дагы эч кыйналбайбыз!
Учурдан пайдаланып айта кетээрим: мурда жаштарыбыз мектепти бүткөндө эле жалаң юрист жана банкир адистигине көбүрөөк тапшырышчу. А акыркы жылдарда энергетик, монтер, ширеткич, куруучу, кыш кынагыч адистигине бат үйрөнгөндөр көбөйдү. Демек, заман талабын илгиртпей түшүнгөндөр азыр баарынан утуп жатышат.
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ: Туратбек БОРОНОВ быйыл акын Алыкул Осмонов таамай сүрөттөгөн ак боз ат минген отуз жашта. ОшМУнун бизнес жана менедмент факультетин бүтүргөн. Ушул тапта ОшТУнун энергетика факультетинде окуп жатат. 2004-жылдан бери энергетика тармагында эмгектенет. Адегенде Алай райондук электр тармактары ишканасында оператор, ага көзөмөлдөөчү сыңары иштеген. Эки жыл жетекчинин орун басары кызматын дагы абийирдүү аркалады. А азыр моминтип Алай райондук электр тармагы ишканасынын толук кандуу жетектеп жаткан чагы.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
-
-
27.06.2023 / Автор anarkan_kg ИМАНКУЛОВ “ВАГНЕРДИН” ОРУСИЯДАГЫ КОЗГОЛОҢУ ТУУРАЛУУ ПИКИРИН АЙТТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.