Аймак

АДАМДЫН ТАМЫРЫ – АТА-БАБАСЫ

 8,934 Бардыгы /

АДАМДЫН ТАМЫРЫ – АТА-БАБАСЫЭми ошол пайда болгон терс энергиядан кантип тазаланса болот деген суроо жаралат. Албетте тазаланса болот. Тазалануунун да ар кандай ыкмалары бар. Бирок кандай ыкма менен тазаланбасын, тазаланууну тамырдан башташ керек.
Ооба, тазалануу тамырдан башталат. Мисалы, эгерде дарактын болобу, өсүмдүктүн болобу тамырына доо кеткен болсо, жалбырагы соолуп, бутагы куурай баштайт эмеспи. Соолуп бара жаткан жалбырактарды көрүп, дарактын тамырын айыктырып же аны сугаргандын ордуна жалбырагына суу чачып коюп тирилип кетет деп үмүт кылгандан пайда чыкпаган сыяктуу, адам өзүнүн тамырын тазалабай туруп күндө ар кандай жол менен өзүн тазалагандан убактылуу пайда чыкса чыгаар, бирок толук тазаланбайт. Адамдын тамыры – ата-бабалар. Эгерде ата-бабаларыбыз болбосо биз болот белек? Албетте “жок” деп айтаарыңар бышык. Ар бир адамдын атасы жана апасы бар. Атабыздын да атасы -апасы бар сыяктуу апабыздын да атасы-апасы болгон. Ошентип тамырыбыз тереңге кете берет. Эгерде ошол тамырдын бирөөнө эле доо кеткен болсо, ал бардык тамырга (тукумга), сөңгөккө (өзүңөргө) бутактарга (балдарыңарга) жалбырактарга (небере-чөбөрөлөргө) залакасы тийет. Ошондуктан тазаланууну тамырыбыз болгон 7 чоң-ата, чоң энебизден, 7 тайата-тайэнебизден жана 7 кайын журт ата-энебизден (кайын журт ата-эне балдарыбыздын тамыры) баштайбыз. Тамырларды узун түтүктөр деп элестетип, ошол түтүктөр аркылуу Кудай ден-соолук, күч –кубат, ырыскы, байлык, бакыт жана башка адамзатка керектүүнүн баарын берип турат дейли. Бирок кээ бир түтүктөр акыр-чикирге толуп кеткендиктен түтүк аркылуу силерге Кудайдын берип жаткандары жетпей жатат деп элестетип көргүлө. Мисалы, 5- атаңыз же 7- энеңиз жерде жашаганда билип –билбей кетирген күнөөсү үчүн терс энергия топтоп дүйнөдөн өткөндүктөн, алар тазаланбай ошол түтүктөргө “тыгылып” калганын элестетип көрүңүз. Кудайдын ырыскысын толук алуу үчүн албетте биринчи кезекте “түтүктөрдү”, башкача айтканда жети ата- бабабызды тазалашыбыз керек. Ал эми дүйнөдөн эчак өткөн бабаларыбызды кантип тазалайбыз деген суроо ар бириңиздерде жаралганын түшүнүп турам. Бабаларды тазалоо үчүн Кудайдан тиленип, алардын билип-билбей жасаган күнөөлөрү үчүн күндө жараткандан кечирим сурап, алардын жандарына жаннаттан орун беришин суранып ибадат кылуу, бабаларга багыштап куран окуу жолу менен тазалайбыз. Канчалык бабаларга багышталып куран окулган сайын алар тазаланып, алардын энергиясы жогорку сапатка өткөн сайын ошончолук өзүңөрдүн тилегиңер аткарылып, өзүңөр жеңилдик ала баштайсыңар. Ата-бабалардын рухтары тазаланмайынча тирүү адамдардын иши жүрбөсүн билген бабаларыбыз, “Арбак даңкталмайын, тирүү баркталбайт” –деген бир сүйлөм макал менен түшүндүрүп коюшкан.
Кечирбесең кеч каласың
Жети ата-бабаларыбыз тазаланыш үчүн Кудайдан алардын жерде жашаганда билип-билбей кетирген күнөөлөрү үчүн тиленгенден кийин, эми өзүбүздүн билип-билбей мурунку жашоолорубузда же азыркы жашообузда кетирген күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурайбыз. Ошондой эле билип-билбей кимдерди таарынткан же кимге жамандык кылган болсок ошол адамдан кечирим сурашыбыз керек. Ал адамдын алдына барып кечирим сураганга мүмкүнчүлүк болбосо, ошол адамды элестетип, кечиримди тил менен эмес жүрөк менен сурануу абзел. Адам жерге бир эле жолу адам болуп жаралбастан бир нече жолу жаралаарын окумуштуулар тастыктаган фактылар өтө көп. Ошондуктан адам мурунку жашоолорунда кетирген күнөөлөрү үчүн да кечирим сураш керек. Себеби, мурунку жашоолорунда адам ким болгонун, кандай катачылык кетиргенин билбегени менен ошол күнөө үчүн азыркы жашоосунда да жоопкерчиликтүү болот. Андан кийин өзүнө кимдер жаманчылык кылды, кимдер таарынтты, эми ошол адамдарды чын дили менен кечирип, жамандык жасаган адамдарга жакшылык каалаш керек. Кечирбесең Кудайдын бере турган жакшылыктарынан кеч каласыңар. Эмне себептен жамандык кылган адамды кечирүү керек? Ал жамандык жасап, мага зыян келтирсе анан мен аны кечиришим керекпи? –деп таң калып сурай турганыңарды билем. Ооба, болгондо да бардык жакшылыктарды ошол адамга каалап, жүрөк менен кечириш жаратканыбыздын шарты. Албетте, эгерде ошол жакшылыктарды өзүңөр алгыңар келсе жана тазалангыңар келсе. Эгерде “жок, мен аны эч качан кечире албайм” десеңер да ал силердин иш. Демек, кудай тараптан берилген сынакты кабыл алганга жана өзүңөрдү тазалап, бир тепкичке көтөрүлүп, Кудайга жакындаганга аң-сезимиңер жете элек, демек, төмөнкү катмардын адамысыңар.
Душман – сенин устатың
Негизи душман деген жок. Душман – сенин устатың. Эгерде адамга бир адам жакпаса, же ал адам ага ар кандай жамандыктарды жасаса, демек Кудай ошол жамандык жасаган адам аркылуу силерди бир нерсеге үйрөтүш үчүн сынакка алганы. Же бул жашоодо аткара турган миссияңарды эсиңерге салып жатканы. Ошондуктан жамандык жасаган адамды чын дилден кечирип эле тим койбостон, ага ыраазычылык билдирип, бардык жакшылыктарды каалаш керек. Балким ушул тексти окуп жатып жиниңер же күлкүңөр келип жаткандыр. Себеби, кимге эмне кааласаң ошону өзүң гана аласың. Бул карманын мыйзамы. “Эмне эксең ошону аласың” дегендей эле. Ал эми душманга эмне себептен ыраазы болуш керек деген суроо туулбай койбойт.
Мисалы, мурунку жашоодо бир адам ууру болуп, балким бирөөнүн акыркы нанын уурдап алгандыктан ал адам ачкачылыктан өлдү дейли. Эми ошол ууру адам убактысы келгенде өзү тиги дүйнөгө кетип, Кудайдын астына барганда ошол кылган уурулук үчүн ачкадан өлгөн адам кандай жаны кыйналган болсо, уурунун жаны андан бетер кыйналып жазасын алат. Эми ошол жаны кыйналган кезде жанталашып жаратканга жалынып, ошол туура эмес кылган иштерин оңдоп келүү үчүн кайрадан жерге адам болуп жаралуусун суранат. Тиги дүйнө деп аталган жука дүйнөдө миңдеген жылдар бою кезек күтүп, убактысы келгенде кайрадан адам баласы болуп жерге төрөлөт. Төрөлгөнгө чейин эмнеге төрөлүп жатат, эмне иш аткарыш керек, кандай сапаттарга үйрөнүш керек же кандай терс сапаттардан арылыш керек, баарын билип турат. Эненин курсагынан чыгып жарык дүйнөгө келээри менен мурунку жашоонун баары аң-сезимден өчүп калат. Бирок мурунку жашоолордун баары дээрдин түпкүрүндө архив болуп сакталып калгандыктан, адам баласы бул жашоодо эмне кылыш керек экенин, мурунку жашоодогу терс сапаттарын оңдошу керек экенин ички туюму менен сезип билет. Ошондуктан мурунку жашоодогу ууру, ичи тар, терс сапаттуу адам бул жашоодо берешен, бирөөгө жардам берген, ак көңүл, адамкерчиликтүү жакшы адам болгонго аракет кылат. Бирок эмнегедир оң сапаттуу жакшы адам экенине карабай турмушта ар кандай тоскоолдуктарга туш болуп, иши жүрбөй, тапканы жукпай, эптеп чогулткан оокатын ууруга уурдатып кыйынчылык башынан кетпей көп жоготууга туш болуп, айтор туш-туштан бардык жамандыктар тооруй берет. Бирөөгө карыз берсе, бергени кайтып келбей, ыраазычылык билдиргендин оордуна кайра өзүн жаманатты кылып алдап кеткендер көп болот. Мына ушулардын баары мурунку жашоодо кетирген катачылыктар үчүн бул жашоодо силерге берилген сынак. Ошондой эле мурунку жашооңордо жасаган терс ишиңер үчүн кечирим суроо керек жана сынакты кабыл алуу керек деген кудайдын эскертүүсү. Ошондуктан силерди алдап, силерге жамандык кылып же силердин оокатыңарды уурдаган ууруларга, башкача айтканда, душмандарга аткара турган миссияңарды эске салгандыгы үчүн аларды кечирип, ыраазычылык билдирип жакшылык каалашыңар керек. Себеби, душман деген жок. Душмандар силердин устатыңар. Өмүрүбүздө жолуккан “душмандар” биздин устатыбыз. Андай эске сала турган “душмандар” болбогондо бул жашоодо кайсы сапатыбызды оңдош керек экенин билбей өтүп кетмекпиз. Анда миссиябыз аткарылмак эмес. Жашообузда кездешкен баардык сынактарды туура түшүнүү менен кабыл алганда жана душмандарды кечиргенде гана мурунку жашоодогу кетирген күнөөңөр кечирилип, сынактан бошотуласыңар жана душманга кандай жакшылык кааласаңар ошонун баарын Кудай өзүңөргө берет.
Адам эч качан жашоосунда болуп жаткан терс окуялар, терс тагдыр үчүн күнөөнү жакындардан, башкадан, жашап аткан коомдон, мамлекеттен издебеш керек.
Эгерде адам үй жайы жок аракечтин үйүндө төрөлүп, ичкенге тамагы, кийгенге кийими жок болсо демек, ага ата-энеси да, коом да күнөөлүү эмес. Ага мурунку жашоосунда кетирген туура эмес иштери үчүн жана аны оңдоо үчүн, ошондой тагдыр менен төрөлүүгө макул болгон өзү гана күнөөлүү. Бирок көпчүлүк учурда тагдырды оңдоонун ордуна ого бетер сазга баткандар аз эмес. Тескерисинче, аракечтин үйүндө төрөлүп, бирок акыл-эстүү чоңоюп, ал эмес жогорку кызматка чейин жетип, ата-энесин, бир-туугандарын оң жолго салып баккандар бар. Алар өз миссиясын так аткаргандар. Муну бабаларыбыз “Жамандан жаан (жакшы, кыйын), жакшыдан мөөн (начар) туулат” деп коюшкан.
Лариса Асанбекова, академик, парапсихолог.

Булак: Асман плюс

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17