Аймак

ОШ ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ ОРУС КОНСУЛУ МЕНЕН АР ТАРАПТУУ ӨҢҮТТӨ МАСИЛЕТТЕШТИ

ОШ ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ ОРУС КОНСУЛУ МЕНЕН АР ТАРАПТУУ ӨҢҮТТӨ МАСИЛЕТТЕШТИ

 1,533 total views

ОШ. Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Орусиянын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы консулу Роман Свистин менен эки өлкөнүн ортосундагы саясий- экономикалык алакалар, инвестиция үчүн жагымдуу климат жана коопсуздук жаатында кенен-чонон сүйлөштү.

Адегенде Жарасул Абдураимов Орусияга пандемилялык кырдаалдагы, ага чейин дагы экономикалык жактан колдоосу үчүн терең ыраазычылгын билдирди. Ошондой эле өзү дагы Орусияда билим алгандыгын, азыр деле ошол электрондук механизмдерди чыгаруу жаатындагы кесиптештери менен тыгыз байланышта экендигин кошумчалап, ар жылы Орусиянын техникалык-инженердик багытта ондон кем эмес мектеп бүтүрүүчүсүн жогорку окууга тапшыртып, каржылай тургандыгын жар салды.

Ал эми Башкы консул Роман Свистин: – Жарасул Осмоналиевич, Орусия Сиздин электрондук механизмдерди чыгаруу тармагындагы Кыргызстанда чыгаан адис экендигиңизди баалайт жана мындан ары дагы Кыргызстанда өндүрүштү өркүндөтүү жана инвесторлорду тартууда алгылыктуу иш алып барат деп бекем ишенет, – деп агынан жарылды.

                Жолугушуу соңунда Ош облусунан кургатылган жемиштерди экспорттоо, энергетика тармагын өнүктүрүү, чакан ГЭСтерди куруу жаатында Орусиядан инвестор тартуу туурасында дагы макулдашылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17