Аймак

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата. Сафин ГАФФАН: СОГУШ ТАЛААСЫНДА 40тай УЧАК БАШКАРДЫМ

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата. Сафин  ГАФФАН: СОГУШ ТАЛААСЫНДА 40тай УЧАК БАШКАРДЫМ

 2,601 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан азыр 95 жашта.

Жалал-Абад шаардык мэриянын маалымат кызматы маалымдагандай Сафин Гаффанал күчтөн тайбай, таң эрте туруп шаардагы Курорт аймагындагы көчөдө сейилдеп, ден соолугун чыңдоо максатында күнүмдүк көнүгүүлөрдү жасап турат. Ал узак жашаганынын сыры да аталган эрежелерди так сактагандыктан экенин айтат. Ал Ташкенттеги балдар үйүндө чоңоюп, кандуу согуш  апаатына аттанганда 17 жашта болгон. Алгач Ташкентте 8 ай даярдыктан өткөрүлүп, Учкучтар дивизиясында кызмат өтөгөн.

“Биздин муун бүгүнкү тынчтык заманды алып келүүдө эң бир оор күндөрдү башынан өткөрүп, көптөгөн жоготууларга учураган. Мен алгач Польша жергесиндеги кандуу майданда болуп, учкучтар дивизиясында кызмат өтөдүм. Бул аралыкта 40тай учакты башкардым. Ошол кезде немец жоокерлери да  бизди алсыз деп баалап,  жеңебиз деген ойдо болушкан. Бирок СССРдин согуштук армиясы жеңилген жок. Акыры согуш биздин жеңиш менен аяктады. Ал убакытка чейин мен эки жолу жараат алып, ири операцияларды баштан өткөрдүм. Ошентип бүгүнкү тынчтык заманды курууга  аракетибизди жумшадык. Азыр да көргөн кыйынчылыктарыбыз, согуш мезгили көз алдыма элестеп турат. Бирок кылган аракеттерибиз текке кетпей, тынчтык заманда жашап жатканыбызга кубанам “ – дейт Сафин Гаффан.

Ал согуш аяктаган соң 1954-жылы Жалал-Абад шаарына көчүп келген. 60 жылдан ашуун кыш заводдо эмгектенген. Жубайы экөө ошол жерде таанышып, 4 балалуу болгон. Азыркы учурда калаанын Курорт аймагында жашап келет. Согуштагы эрдиги үчүн “Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы”, “Германияны жеңүү” жана башка медалдары менен сыйланган.

Бул жылы Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагандыгынын 75 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир ардагерге 75 миң сомдон бөлүнгөн. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев ардагерлерди үйлөрүнө барып куттуктап, акча каражаты тапшырылып, жергиликтүү бийлик тарабынан азык-түлүк  баштыктары тапшырылган. Буга чейин да шаардагы согуш ардагерлери такай камкордукка алынып,  социалдык жардамдар көрсөтүлүп келет.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Жалал-Абад шаарында 5 согуш ардагери жашайт. Алардан экөө согуштун катышуучусу, экөө оруктун жана бир концлагердин туткуну.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17