Аймак

КАНЫБЕК БААТЫРОВ: “АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮН ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ӨЗҮ ДАЙЫНДАП, РОТАЦИЯЛАП ИШТЕТКЕНДЕ ГАНА УТАБЫЗ!”

 3,722 Бардыгы /

Каныбек БААТЫРОВ – Социалисттик Эмгектин Баатыры, тээ Союз маалындагы мыкты жетекчи Мариш Баатыровдун уулу. Соңку жылдарда Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүн камчы салдырбастан башкарып келатат. Маектешибиз – кесиптештеринин Айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан шайланышына караманча каршылык көрсөткөндөрдүн бири.

–         Каныбек мырза, Ылай-Талаа айыл Өкмөтү дагыле дотацияда олтурабы?

–         Ооба. Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылөкмөтүнүн бюджетинин 64 пайызы республикалык бюджеттин эсебинен гана каржыланат. Калган 36 пайызды жергиликтүү бюджет, мындайча айтканда, жер жана киреше салыктары гана толуктайт.

–         Дегиңкиси ушундай катаал шартта казынага түшүпжаткан каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу сарптаганга көндүңүздөрбү?

–         Албетте. Акыркы мезгилде Ылай-Талаада мөмө-жемиштерди жана куруттарды жайып кургатуучу кичи цехти ишке түшүрдүк. Анда жалаң гана жергиликтүү тургундар эмгектенип жатышат. Ошентип, жумуш жана маяна маселеси дагы дээрлик жолго коюлду десем жаңылышпаймын. Ал эми Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетинен жетиштүү түрдө каражат бөлдүртүп, айыл өкмөтүнүн борбордук көчөлөрүн бүт тегиз жарыктандырдык. Ал эми чет өлкөлөрлө иштеп жүрүшкөн жердештерибиз өз каражатына кыштакка эки чоң спорт зал куруп беришти. Мындай кадам жол кырсыктарын кескин түрдө азайтып, ууру-кескилердин дагы аягы кыйла эле тыйылды. Колоктоп көчө таптап жүрүшкөндөр эми спорт менен гана алектенишип, албетте, ошол эле убакта ден соолугун дагы бекем чыңдап жатышат.

–         Азыр – заманбап технологиянын заманы да. Андыктан,  мектептерди жана бала бакчаларды интернетке туруктуу туташтыруу жагы элетте кантти экен?

–         Айыл Өкмөтүнүн аймагында алты мектеп, беш бала бакчажайланышкан. Булардын арасында үч чоң мектеп, анан эки бала бакча интернет түйүнүнө дээрлик кошулду. А калгандарын жыл акырына дейре толук бойдон туташтырабыз. Албетте, мунун бардыгы жергиликтүү бюджеттин эсебинен гана каржыланып жатат. Биз деле бүгүнкү коммуникация заманында мезгил көчүнөн артта калган жерибиз жок. 

–         Каныбек мырза, Сиз көп жылдар бою жалаң ганажалаң жетекчилик кызматтарды гана аркалап келатасыз. Тажрыйбалуу аткаминер сыңары деги Айыл Өкмөт башчыларынын шайланышына кандайча карайсыз?

–          Менимче, Айыл Өкмөт башчыларын премьер-министр өзүдайындаганы оң! Анан аларды улам-улам жер котортуп, Оштон Чүйгө, Жалал-Абаддан Нарынга, Баткенден Таласка, же тескерисинче, утуру ротациялап иштетүү абзел! Ошондо гана чындап утабыз! Анан дагы тың жана иш билги кадрлардын жаңы мууну тарбияланат. Мындан тышкары жоопкерчилик деген күчөйт.

 Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17