Аймак

Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”

Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”

 6 Бардыгы /

Ош облусунун бардык район-шаарларында ушул тапта узаган жылдын жыйынтыктары толук чыгарылып, андан ары үстүбүздөгү жылга жаңы план-максаттар дадилмерчемделип жаткан маалы. Биз дагы бул өңүттө Араван районунун акиминин биринчи орун басары Аскарбек АХМАТОВду кенен-чонон кепке тарттык.

  • Аскарбек мырза, Араван району Ош облусундагы гана

эмес Кыргызстандагы эң чоң Аймактарлдын бири. Деги узаган 2024-жылды кандайча жыйынтыктадыңыздар экен?

  • Узаган жылдын 12 айында районузбуздун социалдык-

экономикалык өнүгүүсүн  толук кандуу камсыз кылуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме-уюмдар жана чарба жүргүзүүчү субьекттер менен бир топ иш-аракеттер жүргүзүлдү. Мунун натыйжасында 2024-жылдын январь-декабрь  айларында райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй тейде жүрдү. 2024-жылы12 ай аралыгында өнөр жайыыбызда 6 миллиард 84 миллион 693,5  миң сомдук продукциялар иштеп чыгылып, өндүрүү көлөмү 2023-жылдын 12 айына  салыштырганда 839 миллион 606,3 миң сомго көбөйдү. Ошентип, өсүү темпи дээрлик 116,0 пайызды чапчыды. Натыйжада өткөн жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн, жумуштардын жана тейлөөлөрдүн физикалык көлөмүнүн индекси 102 пайызды түзүп олтурат.

көбөйгөндүр?

  • . 2024-жылдын  12 айында  жалпысынан районубузда 273

жаңы ишкана пайдаланууга тапшырылып, кошумча 551 жумуш орун түзүлдү. Бул 2023-жылга  салыштырмалуу  83  жумушчу  орунга көптүк кылат. Булардын арасынан өнөр жай багытында ачылган 59 ишканада – 202, жеңил өнөр жайынын 10 ишканасында – 37, соода-сатык  багытындагы 124 ишканада – 169, калкка кызмат көрсөтүү багытындагы 73 ишканада – 122 жумуш орундары түзүлдү.

жолундадыр?

  • Араван районунда жалпысынан 18921 гектар айдоо

аянты. А булардын арасынан 15679 гектары – сугат, 3242 гектары – кайракы жер.А бул өңүттө раонубузда 12837 дыйкан жана фермер чарбалар иш жүргүзүп келатышат. Өткөн жылы 4420 гектарга – кылкандуу дан эгиндери, 1702,0гектарга – картошка, 2287 гектарга – жүгөрү, 3181 гектарга – пахта,1368 гектарга – бахча өсүмдүктөрү, 50 гектарга – тамеки  эгилген. Натыйжада районубузда 11092 тонна  дан жыйнап, орточо  түшүмдүүлүк 25,1 центнерди түздү. Жүгөрүнүн ар гектарынан 75,3 центнерден түшүм алынды. Мындан тышкары 27117 тонна картошка дагы жыйнадык. 2032 гектар пахтадан 8152 тонна “ак алтын” жыйнадык. Ошондо орточо түшүмдүүлүк ар гектарынан 37,6 центнерди түздү.  57 гектар күрүчтөн 1350 тонна түшүм дагы алдынды. Ал эми 1368 гектар бахчадан  26261 тонна дүн түшүм  жыйналды. Мындан тышкары 14009 тонна мөмө-жемишжыйналды.

Ошентип, жалпы районубуз боюнча  айыл чарбасында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 2023-жылга салыштырганда дээрлик 8 миллиард 887,3 миллион сомго арбын. Ал эми 2024-жылдын  12  айында             9 миллиард 306 миллион сом таптык. Демек, өсүү темпи 104,7 пайызды  түзүп олтурат.

Мал чарбасы деле жаман эмес. Андан өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 2023-жылдын 12 айында 2 миллиард 978,3 миллион сомду чапчыса, ал эми 2024-жылдын 12 айында  3 миллиард 53 миллион сомго жеткирилди. Демек, өсүү темпи   102,5  пайызды чапчыды. Иши кылып жыл өткөн сайын Араван оожалып гана баратат!

  • Дыйкандарга жана фермерлерге насыялар жетиштүү эле

таратылгандыр?

  • Биздин маалыматыбызга караганда, “Айыл чарбасынын

каржылоо-12” долбоорунун негизинде  жеңилдетилген насыялар боюнча жалпысынан өткөн жыл аралыгында 120 миллион сом пландалып, бирок, иш жүзүндө 64 адамга67 миллион 450 мин сом гана таратылды. Булардын арасынан мал чарбасын  өнүктүрүүгө  – 63 миллион 300 мин сом, дыйканчылыкка – 4 миллион 150 мин  сом энчиленди.

Мындан тышкары районубуздун аймагында 2024-жылда 100 күнөскана (теплица) уюшулуп, ушул таптабулардын баары тең ийгиликтүү гана иштеп жатат. Ал эми тамчылатып сугаруу системасырайонубузда жалпысынан 228,9 гектараянты ээлеп,  2023-жылга салыштырганда   107,5 пайызга өстү. Буга улай Чек-Абад айыл өкмөтүндө “Алтын-Үрөн”,  С.Юсупова айыл өкмөтүндө “Бирлик” жана  “С.Юсупова” үрөнчүлүк чарбалары уюшулуп, ушул тапта абдан  ийгиликтүү иштеп атышат.

  • Заман талабына жараша соода логистикалык борборлор

иштеп жатышабы?

  • Районубузда жалпысынан беш соода логистикалык борбору

(муздаткычтар) бар. Булардын үчөө С.Юсупова айыл өкмөтүндө, ал эми бирөө Чек-Абад жана дагы бирөө Дөбө-Коргон айыл өкөмтүндө. Мындай заманбап логистикалык борборлорду мындан ары дагы ырааттуу жайылтып, калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатында, азыркы күндөрдө  аракеттер абдан кызуу улантылууда.

  • Кыргыз этсиз тамактанбайт да. Аларга жеткидей эт

камдалгандыр?

Мал чарбасындаөткөн жылдын 31-декабрына карата 6626 тонна эт өндүрүлдү. Бул 2023-жылга салыштырганда  өсүү темпи  102 пайызды түздү дегенди туюндурат. Ал эми 2024-жылда  37805 тонна сүт өндүрүлүп,  2023-жылга салыштырмалуу 103,2га өстү. Жумуртка 2024-жылда 14114,0 миң даана өндүрүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102,1 пайызды чапчыды. Ошондой эле жыл ичинде 124,7 тонна жүн өндүрүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу 100,3 пайызы өсүү байкалды.

  • Араванда деле таза сууга зарыккандар бар. Бул өңүттө

канттиңиздер?

Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен  камсыз  кылуу максатында  2024-жылы 8 миллион 701 мин  сомдук жумуш аткарылды. Натыйжада Керкидандагы “Акбосого”, Сырт-Жаштык  жана Ак-Шар айылдары таза суу менин камсыз этилди. Дөбө-Коргон  айыл  өкмөтү тарабынан 3 миллион 405 мин сом жана жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом ажыратылып, Жаны-Абад айылындагы таза суу скважинасы толук кандуу ремонттолду. Уйгур-Абад айылынын 2500 метрине, Кесов айылынын 3500 метрине, Арап айылынын 1300 метрине, Жар-кыштак айылынын 2000 метрине БУУнун ДАТПсы тарабынан таза суу түтүктөрү 1 миллион 180 мин  сомго тартылды. Ошондой эле Достук айыл өкмөтүнө караштуу Араван  айылынын Хошимов көчөсүнө айыл өкмөт тарабынан 5 миллион 100 мин сом  акча каражаты жумшалып, скважина чыгарылып, эскилиги жеткен суу линиялары толук ремонттолду.Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кочубаев айылынын Толкун көчөсүнө таза суу линиясын тартуу жана суу башнясын куруу үчүн  республикалык бюджеттен 1 миллион 500 миң сом акча каражаты сарпталып, ремонттолду. С.Юсупова  айыл  өкмөтү тарабынан калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында 7 миллион 900 мин сомдук  жумуш аткарылды. Алар Араван  айылынын Б.Айдаров, М.Султанов көчөлөрү  жана Каррак участкасы таза суу скважинасы  чыгарылып суу линиялары тартылды. Каражат райондук өнүктүрүү фонду  тарабынан каржыланды, ага   БУУнун ДАТПсы тарабынан  дагы көмөк көрсөтүлдү. Ошентип, жалпысынан районубуз боюнча 2024-жылда 26  миллион604 мин сомдук иш аткарылып, калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча мыкты иштер жүргүзүлдү.  Районду калкын таза суу менен  камсыз кылуу ушул тапта 86,3 пайызды түзүп олтурат.

Араван деле Жер мунапысына кабылыгандардан куру эместир?

Районубуз боюнча Жер мунапысы боюнча 2493 арыз кабыл алынды. Булардын арасынан – 1789у атайын комиссия тарабынан каралып, коомдук маалымдоого алып чыгылды. Ал эми 559 даттануу тиешелүү ыйгарым укукту органдардын терс корутундусунун негизинде ээлерине кайтарылды. 2024-жылдын 12 айына карата 1483 жаранга жер мунапысы боюнча жер тилкелерине Мамлекеттик Акт ыроолонду. Комиссия тарабынан Нурабад айыл өкөмтүнөн 12 гектар жер которулуп, буга 207 Мамлекеттик акт берилди. 21-мыйзамдын 8-беренесинин негизинде 155 жаранга дагы Мамлекеттик акт берилди. Жалпысынан жер мунапысын алкагында 2024-жылдын 12 ай аралыгынла Мамлекеттик акт берилген жарандардын саны 1845ти түзүп олтурат. Ушул тапта Жер мунапысы боюнча план дээрлик 95 пайызга аткарылды десем эч жаңылышпаймын.

        – Аймактагы мыйзамсыз жана ээнбаштык менен салынган обьектилерди канттиңиздер?

– 2024-жылдын ичинде   жалпысынан 309 обьект буздурулду. Маселен, Араван-Сайынын суу коргоо зонасында жайгашкан С.Юсупова айыл өкмөтүнөн – 32 обьект, Достук айыл өкмөтүнөн – 52 обьект аныкталып, баары тең мыйзамга ылайык буздурулду. Ушул тапта жеке менчикке берилип калган укук күбөлөндүрүүчү жана укук аныктоочу документтерди жараксыз деп таап жокко чыгаруу максатында Араван райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан Араван райондук сотуна, Ош облустук административдик сотуна доо арыз жазылды. Ал эми өз кезинде укук аныктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди мыйзамсыз жасаган кызмат адамдарынын кыймыл аракетине юридикалык баа беруу үчүн Араван райондук прокуратурасына, УКМКсына, Ички иштер бөлүмүнө дагы Кайрылуу жолдонду.

     Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17