Аймак

САБАКТЫН ТЕМАСЫ: СОЗУЛМА “АА”ТЫБЫШЫ ЖАНА ТАМГАСЫ

САБАКТЫН ТЕМАСЫ: СОЗУЛМА “АА”ТЫБЫШЫ ЖАНА ТАМГАСЫ

 12 Бардыгы /

Сабактын  тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын  формасы: Жупта,топто иштөө

Колдонулуучу  ыкмалар: Аңгемелешүү,көрсөтмөлүү,түшүндүрүү

Керектелүүчү окуу жабдыктар: Окуу китеби,кырдаалды тушүндүрүүчү сүрөттөр,туура сүйлөөнү үйрөтүүчү  үлгүлөр,ноутбук,сыналгы

Предмет аралык байланыш: Математика,мекен таануу,адеп

Сабактын максаттары:

1.Билим берүүчүлүк:Окуучулар  созулма аа тыбышы менен таанышат,созулма  аа тыбышы катышкан  сөздөрдү  табышат,туура окууга көнүгүшөт.”Тоо балы” текстин туура,көркөм окууга үйрөнүшөт

2.Өнүктүрүүчүлүк:Берилген тапшырмалар аркылуу бири-бири менен пикир алмашып, ой жүгүртүү  жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт

3.Тарбия берүүчүлүк:Кыргыз жеринин кооздугун баалоого,аны сактоого,кыргыз жаратылышынын ыйыктыгын сезе билүүгө тарбияланышат.

Сабактын жүрүшү: Окуучуларды топторго бөлүү

1-топ:ак гүлдөр

2-топ:Көк гүлдөр

3-топ:Кызыл гүлдөр

Саламдашуу:Арбагыла  балдарым,

                         Амандашып  алайын.

                         Күнүбүзгө береке,

                        Ассаломдон  баштайын.

Окуучулар:Бар болуңуз эжеке,

                     Өмүрүңүзгө береке,

                     Чоңойгондо буюрса,

                     Биз жарайбыз керекке.

Мугалим:Оомийин,оомийин кыргыз элинин керегине жараган инсандардан болгула!

Алтын эреже:Бири-бирибиздин оюбузду угабыз,кол көтөрүп жооп беребиз,аарыга окшоп ызылдабайбыз,оюбузду эркин айтабыз

Үй тапшырманы суроо: Ч тыбышы кандай тыбыш экен?Ч тыбышынан башталган сөздөрдү кайталайбыз.

Жагымдуу маанай:Ак  гүлдөр,көк гүлдөр ыры(обону менен музыканын коштоосунда ырдашат)

Кичине эмесмин,

Гүлзарга теңештим.

Гул багы ар түркүн,

Гүл менен тең өстүм.

Кайырма:Ак гүлдөр,көк гүлдөр,

Асырап көп күндөр,

Карачы татына,

Кааласаң көркүн көр.

Суу куям маалында,

Сындырбайм шагын да,

Апакем сүйүнөт,

Ал болсо  жанымда

Кайырма:

Мугалим:Балдар бүгүн сабакта 3 топко бөлүнүп мелдешебиз.Кайсы топ суроолорго туура,так жооп берсе жемиштерди жана жашылчаларды алышат.Сабактын аягында упайларды санап,орундарды аныктайбыз.

Жаңы тема: Созулма “аа”тыбышы

     -Балдар силер тиш врачка барганда эмне деп айтат?Силер тиш врачка барган белеңер?Тишиңер ооруган учурлар болду беле?Келгиле мен тиш врач болоюн,силер тишиңер ооруп келген балдар болгула!Тиш врач эмне дейт экен?

Азаматсыңар!Оозуңдү чоң ач,аа дечи деп айтат.Эмнени түшүндүңөр?Балли,биз бүгүн созулма аа тыбышы менен таанышабыз.

-Аа тыбышы созулма жоон үндүү.Созулма аа тыбышы сөздүн ортосунда,башында,аягында да кездешет.Созулма аа тыбышы катышкан сөздөрдү созуп айтабыз.

Мисалы:Бул эмне?

“Жаа”деген сөздө созулма аа тыбышы сөздүн аягында кездешти.

         Жаа

“Жаа”деген сөздө 3тамга,2 тыбыш,анткени созулма үндүүлөр бир тыбышты берет.

Бул эмне?

Ооба,бул саат.Созулма  аа тыбышы сөздүн ортосунда катышты.

Саат

“Саат” деген сөздө 4 тамга,3 тыбыш болот.

Бул эмне?

Ооба ,бул аары.Созулма аа тыбышы сөздүн башында кездешет.

Аары

“Аары”деген сөздө,4 тамга,3 тыбыш болот.

Балдар силер созулма аа тыбышы сөздүн ортосунда,башында,аягында кездешерин билип алдыңар!Кайсы учурда тыбыштардын саны азайып калат экен?

Эс алуу минутасы:

Абдан бийик үй көрдүк,

Тепкичинен жөнөдүк.

Бир,эки,үч,төрт,беш

Тыкылдатып көрөлүк.

Тык,тык,тык.

Эс алып алган соң”Тоо балы “деген текстти чынжырча аркылуу окуйбуз.

Мугалим:Текстте эмнелер жөнүндө айтылды?Тоо балынын ден-соолукка кандай пайдасы бар экен?Аалы тоо балынан ата-энесине чайга кошуп бердиби?Силер да чайга бал кошуп ичесиңерби?

Окуучулар:Суроолорго жооп беришет.

-Азаматсыңар!

Сабакты бышыктоо: Окуучулар доскага илинген сүрөттөр аркылуу тыбыштык талдоо жүргүзүшөт.

Сабакты жыйынтыктоо: Бүгүн кайсы тыбыш менен тааныштык?Созулма аа тыбышы катышкан сөздөрдү билип алдыкпы?Аа тыбышы катышкан сөздөрдү туура окуй алабызбы?

-Келгиле топтогон упайларды санайбыз.

Ак гүлдөр:10 упай

Көк гүлдөр:11 упай

Кызыл гүлдөр:7 упай

Мугалим:Ак гүлдөр тобу кызыл гүлдөргө караганда канчага көп упай топтодуңар?Кызыл гүлдөр тобу көк гүлдөр тобуна караганда канчага аз упай топтодуңар?

Үйгө тапшырма: ”Тоо балы” текстин туура,так,көркөм окуп келүү.

Мугалим:Бүгүнкү сабакты үч сыйкырдуу сөз менен аяктайбыз.

1)Мен силерге ишенем!

2)Силер акылдуусуңар!

3)Силердин колуңардан бардык жакшы нерселер келет,силер күчтүүсүңөр!

Чинара ДООРАНОВА,  Ала-Бука районунун №20 ”Ажек” жалпы орто билим берүүчү мектебинин башталгыч класс мугалими (1-вклассы)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17