Аймак

КЛАССТЫК СААТ САБАКТЫН ТЕМАСЫ: ДИН ДЕГЕН ЭМНЕ ? ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

КЛАССТЫК СААТ   САБАКТЫН ТЕМАСЫ: ДИН ДЕГЕН ЭМНЕ ? ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

 9 Бардыгы /

САБАКТЫН ТЕМАСЫ: ДИН ДЕГЕН ЭМНЕ ? ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

САБАКТЫН МАКСАТЫ:

а) билим берүүчүлүк

 Окуучулар дин жана диний экстремизм жөнүндө маалымат алышат.

б) өнүктүрүүчүлүк

Окуучулар диндерди жана диний экстремизмдин мамлекетке жана дүйнөгө тийгизген таасирлерин айта алышат

в) тарбия берүүчүлүк

Окуучулар Мекенин сүйүүгө тарбияланышат

Маанай түзүү:

Окуучулар Мекен жөнүндө ырлар айтышат .

Жаңы тема

Мугалим бүгүнкү сабакка анализ берип өттү.

Окуучулар бүгүнкү биздин сабагыбыз ушундай жандуу сабак катары өтөт . Сабак жандуу болушу үчүн айылыбыздын имамын,ИДН кызматкерлерин жана окуучулардын ата -энелерин  чакырганмын.

Окуучулар ” ДИН ” – деген эмне?

Дин бул – социалдык ченемдердин системасын, ролдорду белгиленген үрп- адаттарды ишенимдерди, ырым жырымдарды,жүрүм түрүмдүн стандарттарын ,Кудайдын же кудайлардын бар экендигине ишенүүгө негизделген социалдык институт . Дин дегенде дүйнөгө өзгөчө көз караш, башка дүйнөнүн бар экендигине ишенүү .

 Терроризм бул- саясый жана экономикалык максаттарга мыйзамсыз жолдор менен жетүүгө аракет жасоо .



Узак жактагы  диний экстремизм жөнүндө сүйлөбөй – Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда болгон окуядан мисал  келтирейлик .

Баткен окуясы — 1999-2000-жылдары Кыргызстандын түштүгүндө, Баткен облусунда орун алган куралдуу кагылышуулар. Бул окуялар Өзбекстан Ислам Кыймылынын (ӨИК) согушкерлери тарабынан уюштурулган. Алар Кыргызстандын аймагын пайдаланып, Өзбекстанга өтүү максатын көздөшкөн.

1999-жылдын август айында 200гө жакын куралчан согушкерлер Баткен районунун аймагына кирип келишкен. Алар жергиликтүү тургундарды барымтага алып, бир катар айылдарды басып алышкан. Кыргызстандын куралдуу күчтөрү жана коопсуздук кызматтары аларга каршы операцияларды жүргүзүшкөн.

Бул кагылышууларда расмий маалыматтар боюнча 76 адам курман болуп, анын ичинен 46 адам аскер кызматкерлери болгон. Ошондой эле, 100 дөн ашуун адам жаракат алган.

Баткен окуяларынын натыйжасында Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү корголуп, согушкерлер өлкө аймагынан сүрүлүп чыгарылган. Бул окуялардан кийин, 1999-жылы 13-октябрда, Баткен облусу түзүлгөн.

 Сахналык көрүнүш (Диний экстремизм жөнүндө)

2024-жылы Баткен окуясынын 25 жылдыгы белгиленип, курман болгондор эскерилди.

Бышыктоо:

       Сабак дагы кызыктуу болушу үчүн келген дин кызматкерлери менен ИДНдерге окуучулар тарабынан суроолор берилди.

        1. Дин дегенде сиз эмнелерди айта аласыз ? (Дин  кызматкерине берилген суроо)

          2. Эгерде бизге экстрамисттер тарабынан рухий басым жасалса эмне кылышыбыз керек ? (ИДН кызматкерлерине берилген суроо )

Дагы ушундай сыяктуу суроолор менен сабакты бышыктап алдык.

Жыйынтыктоо:

Окуучулар карасаңар кандай тынч, эгемендүү мамлекетте жашап жатабыз . Тынч жашап жатканыбыздын шүгүрүн кылып жашайлы.! Жакшы окуп келечекте мекенибизге өз салымын кошкон уул -кыздардан болуп жетишкиле.

 Сабак аягында окуучулар (Кыргызстаным деген бийге уул балдар бийлешет.)

Саида КАДИРОВА, №12 А.Атамов атындагы жалпы  билим берүүчү орто мектебинин  тарых мугалими, Ала-Бука району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17