Аймак

СҮТ ЭМҮҮЧҮЛӨР ААЛАМЫНА САЯКАТ

СҮТ ЭМҮҮЧҮЛӨР  ААЛАМЫНА САЯКАТ

 12,418 Бардыгы /

 

Сабактын  максаты:

 

1.Окуучулар сүт эмүүчүлөр жөнүндө түшүнүк  алышат.

2.Сүт эмүүчүлөр башка айбандарга салыштырмалуу өтө татаал түзүлгөндүгүн жана жаратылыштагы ар кандай чөйрөдө таралгандыгын аныкташат.

3.Сүт эмүүчүлөрдүн жаратылышта жана инсан турмушундагы маанисин, аларды коргоо  жолдорун үйрөтүү аркылуу экологикалык тарбия алышат 

 

Сабактын тиби: бышыктоо, кайталоо сабак.

 

Сабактын жабдылышы: интерактив доска, ватман, маркер, буклеттер, сүрөттөр, карточкалар.

 

Сабактын методу: интерактивдүү, көргөзмөлүү, борборлоштурулган.

 

Предметтер аркылуу  байланыш: кыргыз тили, өзбек тили, адабият, математика, тарых, сүрөт.

 

Сабактын жүрүшү.

 

Сабак башталышынан мурун класстагы окуучулор эки топко бөлүнүшөт.Сүт эмүүчүлөр тамактанышына карап алар чөп менен  азыктануучулар жана эт менен азыктанүүчүлар тобуна бөлүнүшөт. Ошондуктан биринчи топту биз ‘’ жырткычтар”, экинчи топту “туяктуулар” деп атайбыз.

 

Бүгүнкү сабагыбыздагы суроолор сыр сандыкта эмес, суунун түбүндө жайгашкан. Суроолорду тандоодо бизге суудагы балыктар жардам берет. ( Балыктар сүрөттөрү тартылган картон кагаздар даярдалып, алардын артына суроолор жазылат. Балыктарды жасалма көлдөн окуучулар кармак жардамында илип алышып суроолорго жооп беришет.)

 

Тил илимий борбору.

 

1.Сүт эмүүчүлөр-деген сөзгө фонетикалык талдоо жүргүзөт.

2.Үндүү  тыбыштар  менен башталган сүт эмүүчүлөрдү санап бергиле.

3.Үнсүз тыбыштар менен башталган сүт эмүүчүлөрдү санап бергиле.

4.А  жана К тамгалары менен башталган сүт эмүүчүлөрду атагыла.

 

Адабият илимий борбору.

 

1.Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы айбанаттардын аттарын атагыла.(Гулсарат, Акбара, Ташчайнар, Энее Бугу)

2.Кыргыз жана өзбек  эпосторундагы каармандар жана алардын минген аттарын аталышын айтип бергиле.

(Манас-Акбуура, Тоштук-Чалкуйрук, Бокмурун-мааникер, Курманбек-Койкурун, Алпамыш-Байчыбар.)

Математика борбору

1.Мышыктын оордугу 3 кг эгерде ал бир бутун көтөрүп турса канча кг чыгат (3 кг)

2.Бөлмөдо бир мышык ар бир мышыктын туурасында бирден мышык отурат баардыгы канча (3)

3.Мышык-2000, ат-3000, кара мал-5000, Эчки-6000, кой-7000, ит-12000 жогорудагы сандар эмнени билдирип жаткандыгын табыныздар да, бул көрсөткүч жолборсто канча санга барабар экендигин айтып бериниздер.

(жогоруда келтирилген сандар ал жаныбарлардын адам баласы тарабынан канча жыл илгери колго үйрөтүлгөндүгүн айтып турат. Ал эми жолборс колго үйрөтүлбөгөндүктөн бул көрсөткүч жолборсто -0 (нөльго теь)

4.Бул нерсе  итте-2, мышыкта-3, короздо-8, Ал эми уйдачи (Бул жерде алардын үндөруү эсепке алынып жатат. Ит-аф,  мышык-мяо,  короз-кукереку,  ал эми уй-му.

 

Театр борбору

 

Эки топтогу окуучулар сүт эмүүчү айбандар жөнүндө макалдары айтышат.

 

  1. Ат  Арпа  жесе, эшек кулагын салат.
  2. Ат-жигиттин канаты.
  3. Бөрү баласы ит болбойт.
  4. Жаман ит күндүз үрөт.
  5. Кой каргышы бөрүгө жетпейт.
  6. Эшектин күчү адал, сүтү-арам.

 

Сүрөт борбору

 

Интерактив доска жардамында сүт эмүүчүлөрдүн классына тийиштүү болгон иттин ички түзүлүшүнүн сүрөтү көрсөтүлөт. Окуучулар сүрөт боюнча ички органдардын аттарын интерактив доскага жазып көрсөтүшөт.

Интерактив доскада сүт эмүүчү айбандардын сүрөтү көрсөтүлөт. Эки топтун катышүүчүлөрү  кепшөөчү туяктууларды кепшебөөчүлөрдөн айырмасын  көрсөтүшөт.

Тарых борбору

 

  1. Сүт эмүүчү айбандардын келип чыгышы
  2. Кызыл китеп жөнүндө маалымат бергиле ( Дүйнөлүк Кызыл китеп 1966-жылы чыккан. Кыргызстандын Кызыл китеби 1985-жылы чыккан)
  3. Кыргызстандын кызыл китебине кирген сүт эмүүчүү жаныбарлардын  аттарын атагыла.

(Бугу марал,  илбирс , аюу,  кундуз,  жейрен , аркар-кулжа)

Жыйынтыктоо

Баалоо

Эки топтун берген жооптору геометрик фигуралар жардамында бааланып барылат жана аягында натыйжасы айтылат.

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17