Аймак

ТАМАК СИҢИРҮҮ СИСТЕМАСЫ

ТАМАК СИҢИРҮҮ СИСТЕМАСЫ

 49,456 Бардыгы /

Сабактын темасы:     Адамдын тамак синируу системасы.

Сабактын максаты:

  • Адамдын тамак сиңирүү органдары жана анын түзүлүшү жөнүндө кеӊири маалыматка ээ болушат.
  • Адамдын тамак сиңирүү органдары жана анын түзүлүшү жөнүндө алган билимдерин турмушта пайдалана  билүүгө, ден соолугуна кам көрүүгө,өздүк гигиенасын сактоого тарбияланышат.
  • Ой жүгүртүүсү жана сөз байлыгы өсөт.

Сабактын жабдылышы:        сурөттөр, интерактивдуу доска.

Сабактын усулу: аңгемелешүү жана интерактивдуу усул.

Сабактын тиби:  жаны билимдерди калыптандыруу.

Сабактын журушу:     1. Уюштуруу.

  1. уй тапшырмасын суроо.
  2. жаны теманы тушундуруу.
  3. бышыктоо.
  4. уйго тапшырма беру.
  5. баалоо.

Сабактын планы:

  1. Адамдын тамак синируу органдары жана анын тузулушу.
  2. Ден соолука кам кору жана оздук гигиенаны сактоо.

Тамак сиңирүү системасы – тамак-ашты майдалап, химиялык жана ферменттик жактан ажыратып, алардын маңызын соруп сиңирүүчү жана сиңгенден калган тамак-аш калдыктарын сыртка бөлүп чыгаруучу атайын органдар.

 

Тамак сиңирүү системасынын органдары түзүлүшү боюнча бири-бирине байланыштуу, бирок анын ар бири өзүнө тийиштүү милдетти аткарат. Анын узундугу 8-10 м келип, кишинин тулкусунун башынан аягына чейин созулган ичи көңдөй түтүктөн турат. Ирети менен алганда тамак сиңирүү системасы ооз көңдөйүнөн башталат. Андан кийин кулкун, кызыл өңгөч, карын, ичке жана жоон ичегиге өтүп, арткы тешиги менен аяктайт.

Ичеги-карынга алардын былжырлуу катмарында жайгашкан майда без клеткаларынын жана тамакты эритип, сиңирүүчү ири бездердин (шилекей бездеринин, боордун жана уйку безинин) зилдери куят тамак сиңирүү системасысын түзүүчү ичеги-карын түтүкчөсүнүн керегеси үч катмардан турат. Алардын эң сырткы катмарын туташтырма ткань, ортоңкусун жылмакай булчуң тканы, ал эми эң ички катмарын былжырлуу кабыкча түзөт.

 

Тамактануу гигиенасынын изилдөөлөрү адамдын эң жагымдуу тамактануу иретин, мүнөзүн иштеп чыгууга, тамак-ашта тигил же бул заттын жетишсиздигинен же тамак-аш менен оору чакыруучу микроорганизмдердин, уулардын, түрдүү химиялык заттардын организмге киришинен болуучу оорулардын алдын алууга багытталган. Дени сак адамдын тамактануусун изилдөөдө анын жашы, кесиби, тиричилик шарты, улуттук, климаттык-географиялык өзгөчөлүктөрү жана башкалар эске алынат. Тамактануу гигиенасысы тамактануунун нормаларын, авитаминоз жана гиповитаминозду алдын алуу чараларын (Витамин жетишсиздиги) иштеп чыгат. Анын негизги маселелеринин бири түрдүү кесипте иштеген кишилердин энергияны сарптоосун жана алардын организми белокту, майды, углеводду, минералдык туздарды, витаминдерди талап кылуусун изилдөө болуп саналат.
Та
мактануу гигиенасысы коомдук тамак-аш ишканаларында, тамак-аш өнөр жайларында жана соода тармактарында азыктардын сапатын контролго алат; тамак-аштан уулануунун алдын алууга багытталган чараларды иштеп чыгат, жаңы пайда болгон тамак-аштардын химиялык составын, биологиялык баалуулугун, калориялуулугун изилдейт

Тамак сиңирүү системасынын оорулары эл арасында кеңири тараган. Бул оорулардын мүнөзү жана таралышы географиялык, социалдык шарттарга, жашоо ыңгайынын тарыхый абалына жана тамактануу өзгөчөлүгүнө, гигиеналык тарбияга, калк маданиятына, саламаттык сактоо ишинин өнүгүү деңгээлине байланыштуу болот. Оорунун себептери жана анын өөрчүшү өтө татаал жана ар түрдүү. Анын пайда болушуна маалы менен тамактанбоо, ачка болуу же ашыкча тамактануу (өзгөчө жатарда), ошондой эле тамакты өтө муздак же ысык ичүү, ыксыз семирүү, өнөкөт аракечтик, өз алдынча дарыларды (аспирин, преднизолон жана башкалар) көп ичип дарылануу жана башкалар себеп болот. Катуу кармаган ичеги инфекция оорулары тамак сиңирүү системасынын органдарын сезгентип, бузуп, түрдүү өзгөрүүлөргө алып келет. Андан оору улам күчөп, кайталанма өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн. Ичеги инфекциялары (жугуштуу оорулар) атайын мүнөз тамакты (диета), дары-дармек менен дарылоону талап кылат.

Бышыктоо: 

  1. Тиштер кандай кызмат аткарат?
  2. Туура тамактануу эмнеге пайдалуу?
  3. Тамак сиӊирүү системасын кайсы органдар түзөт?

Уйго тапшырма:   Тамак синируу  органдары  жонундо окуу.

Баалоо:        окуучулардын билимине карата бааланат.

Көӊүл бурганыӊыздар  үчүн чоӊ рахмат!

Ала-Бука району.  М.Эргешов атындагы №6 жалпы орто билим берүүчү мектебинин  биология  мугалими  Таирбеков Нурбек Абдижапарович.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17