Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
1 Бардыгы / Улуу Жениш майрамы жыл сайын белгиленген учурда кыргыз элинин даңазалуу уулдарынын бири, майдангер жоокер, эки “Данк“, ондогон башка дагы орден медалдардын ээси – атам Турумбетов Райымалыны сыймыктануу менен эскерем. Мекен, эл, жер деп канын төгүп, миллиондогон жоокерлердин ичинде эрдиги, мекенчилдиги менен өзгөчөлөнүп, улуу даражалуу сыйлыктарга жетишкен адам менин атам болуп калганы мен үчүн […]
2 Бардыгы / Улуу Жениш майрамы жыл сайын белгиленген учурда кыргыз элинин даңазалуу уулдарынын бири, майдангер жоокер, эки “Данк“, ондогон башка дагы орден медалдардын ээси – атам Турумбетов Райымалыны сыймыктануу менен эскерем. Мекен, эл, жер деп канын төгүп, миллиондогон жоокерлердин ичинде эрдиги, мекенчилдиги менен өзгөчөлөнүп, улуу даражалуу сыйлыктарга жетишкен адам менин атам болуп калганы мен үчүн […]
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата МЕНИН АТАМ
06.05.2025 / Автор anarkan_kg

3 Бардыгы /
Улуу Жениш майрамы жыл сайын белгиленген учурда кыргыз элинин даңазалуу уулдарынын бири, майдангер жоокер, эки “Данк“, ондогон башка дагы орден медалдардын ээси – атам Турумбетов Райымалыны сыймыктануу менен эскерем. Мекен, эл, жер деп канын төгүп, миллиондогон жоокерлердин ичинде эрдиги, мекенчилдиги менен өзгөчөлөнүп, улуу даражалуу сыйлыктарга жетишкен адам менин атам болуп калганы мен үчүн улуу үлгү.
Атам 1904-жылы Ала-Бука районундагы Өрүктү айылында жарык дүйнөгө келген экен. Анын нурдуу элеси жердештеринин көз алдында Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгы үчүн алган ордендери, медалдары көкүрөгүндө жаркылдап, мактаныч дегенди билбеген, ойчул мүнөзү, айкөлдүгү, кадыр-сыйлуу туруш-турпаты менен сакталып калган. Учурда анын ысымы районубуздагы Жой-Белент айылындагы чоң көчөгө коюлуп, улуу-кичүү жердештери, урпактары жергебизден чыккан белгилүү инсандардын катарында урмат-сый менен эскерип жүрүшкөнү мага зор канагат тартуулайт. Районубуздагы ардак тактада атамдын сүрөтү да илинип турганы да сыймык.
Атам 1941-жылы февраль айында Советтик Армиянын катарына чакырылат. Согуш жылдарында бир туугандары – учкуч Мадраим, танкист – Жолчу кан майданда баатырларча курман болушат. Өзү 1- Белорус фронтунун 503 – аткычтар полкүнүн 62-батальонунда кызмат өтөп, Курскидеги тарыхый согушка катышкан. Харьков, Киев шаарларын бошотууда эрдик көрсөткөн. Андан соң Румынияны, Польшаны фашисттик баскынчылардан тазалоого катышкан. 1945 – жылдын апрель айында советтик каарман жоокерлердин катарында фашисттик Германиянын борбор калаасы Берлинди алууга да катышып, Рейхстагга Жеңиштин туусу сайылганын өз көзү менен көргөн.
Андан соң Улуу Жеңиштин деми менен Советтик Аскер жетекчилигинин командачылыгынын буйругуна ылайык, Эльба дарыясынын боюна барып, союздаш америкалык, англиялык, француздук каарман жоокерлер менен жолугушкан.
Атам 1945- жылдын сентябрь айында өз жерине Улуу Жеңиштин шаңы менен кайтып келген. Чыныгы жоокер гана элим, жерим деп согуштун башынан аягына дейре алоолонгон өртүндө, ок учкан ордосунда болот эмеспи. Атам сыяктуу эр жүрөк Манастын урпактары кутман элибизди, жербизди душмандардан сактап, бизди ушул жаркын тынчтык күнгө алып келди. Атам жолугушууларда өзү эмес, майдандаш достору тууралуу көп айтчу экен. Анын эрдигине чыныгы мекенчил жоокер катары улуулар тургай, жаш балага дейре урматтап кадырлашчу.
Атам согуштан кийин эл чарбасын калыбына келтирүүгө да активдүү катышып, элдин турмушу оңолсо деп күйүп-жангандын бири эле. Атамдын эбак көзү өтүп кетсе да азырга дейре сыймык менен эскерип жүргөн айылдаштарына ичим жылыйт.
Майдангер аталардын кан майдандагы улуу эрдиги кийинки урпактарга орноктуу үлгү, чоң сабак болот деп ойлойм. Аттиң, арман ай, убакыт зуулап учуп, Улуу Жеңишке мына быйыл 80 жыл толуп отурат. Убакыт өткөн сайын кан майдандын катышуучуларынын катары суюлуп, арабызда азайып баратканына ичим ачышат.
Улуу Ата Мекендик согуштан кийин атам “Кызыл – Байчечекей” колхозунда башкарманын орун басары, 75 жашынан 80 жашка чейин бригадир болуп эмгектенип, анан ардактуу эс алууга чыккан. Мурдагы СССР деген улуу мамлекеттин 270 улутунун тарых-таржымалын чагылдырган “Дүйнө элдери” энциклопедиясынын “Кыргыз Республикасы” аттуу бөлүмүнөн атамдын көкүрөгү орден, медалга толгон бажырайган сүрөтүн да көрүүгө болот.
Менин атам ойчул, акылгөй, кыйчалыштан жол тапкан көрөсөн инсан эле, сөздү кынабына келтирип, анан кереметин чыгарып сүйлөчү эле, элдик дастандарды, санжыраларды өтө жакшы билчү.
Атам Улуу Жеңиш күнү – 9-майды зор кубаныч менен тосуп, күтөр эле. Эх, арман, өзү да 85 жаш курагында, 1987 жылдын 8-майында райондук жыйында, трибунада сүйлөп жатып инфаркт алып, 9-май күнү таң алдында бул жарык дүйнө менен кош айтышканы да таң калыштуу окуя. Ошондон улам ушул күнгө дейре айылдаштары атамдын Жеңиш күнүн абдан урматтап сыйлаганын эл арасында аныз кылып айтып жүрүшөт.
АТАМДЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ
Аталардын бейитине гүл өнүп,
Атак-даңкка бөлөнүштү түбөлүк.
Эл, жер үчүн алар курман болушкан,
Элестерин биз эскерип жүрөлүк.
Жеңиш күнү жергебизге кеч келип,
Арбактары турат бизге сес берип.
Тынчтык үчүн жанын кыйган эрлерге,
Ырдан курам түбөлүккө эстелик.
Каардуу согуш, сага каргыш айтамын,
Жанын алдың эч бей күнөө канчанын.
Ошондогу бүткүл элдик кайгыны,
Көз алдыма элес кылып тартамын!
Ата, дайым күтөр элең келишин,
Келди мына 80 жылдык Жеңишиң.
Кыргызстаның өнүп-өсүп сен сүйгөн,
Эрдигиңер берип келет жемишин!
Василя ТУРУМБЕТОВА, Ала-Бука району,
“2021-жылдын мыкты акыны” ардак наамынын ээси
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата МЕНИН АТАМ
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg ӨМҮРҮН МЕКЕНДИ КОРГООГО АРНАГАН ИНСАНДАР
-
-
14.08.2024 / Автор anarkan_kg АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛГЕН ГАЛМАМАТ АНАПИЯЕВ ҮЙ КАМАГЫНА КОТОРУЛДУ
-
20.08.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫК 4 ТАСМА КАЗАКСТАНДАГЫ КИНОФЕСТИВАЛДА КӨРСӨТҮЛӨТ
-
28.08.2024 / Автор anarkan_kg СУЗАК ОКРУГУ БОЮНЧА КР ЖК ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО АЯКТАДЫ
Маек
Жакып МАМАЖАНОВ: “КЕҢИРИ ФОРМАТТАГЫ ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ АКТИВДЕШТИРДИК!”
Араван райондук маданият үйүндө “ЖАҢЫ МУУН – ЖАРКЫН БОЛОЧОК! ТАЗА…
-
18.03.2025 / Автор anarkan_kg Абдылбакы ААЛИЕВ: “ЭЛДИН ТАКАЙ ЖАРДАМЫНА МУКТАЖБЫЗ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.