Аймак

ӨМҮРҮН МЕКЕНДИ КОРГООГО АРНАГАН ИНСАНДАР

ӨМҮРҮН МЕКЕНДИ КОРГООГО АРНАГАН ИНСАНДАР

 3 Бардыгы /

Быйыл Улуу Ата Мекендик согушта Совет элинин фашисттик Германияны жеңгендигинин 80 жылдыгы белгиленет.

Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын катары жылдан жылга суюлуп баратат. Быйылкы жылда Жалал-Абад облусунан 3 гана согуш ардагери калган. Алардын бири Сузак районунун 101 жаштагы тургуну Мамасалы Джумаев, Базар-Коргон районунун 100 жаштагы тургуну Мурза Далиев жана Ноокен районунун 99 жаштагы тургуну Ормон Дадажанов. Мындан сырткары Жалал-Абад шаарында бир концлагердин туткуну, Аксы районунда 1, Базар-Коргон районунда 3, Ноокен районунда 1 оруктун ардагерлери жашап келет.

Бул инсандар бүгүнкү бейпил жашоону замандаштарыбызга тартуулоого опол тоодой салымын кошушкан. Бүгүнкү күндө согуш ардагерлерин мамлекетибиз камкордукка алып келет. Аты аталган ардагер аталардын өрнөктүү өмүрлөрүнө токтоло кетүүнү туура көрдүк.

Ардагер, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Мамасалы ДЖУМАЕВ – 1926-жылдын 20-сентябрында Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган. Ал үй-бүлөдө жети бир туугандын үчүнчүсү болгон. 1932-жылы өз айылындагы мектеп босогосун аттап, 1940-жылы ийгиликтүү аяктаган. Мамасалы ата 14 жашында анын атасы Жума оорудан каза болот. Атасынын ордуна бир туугандарына баш-көз болуп, кыйынчылыкта жашоо кечирген. Анткени ошол жылдары ачарчылык каптап, кыйынчылык көп болгон. Мамасалы ата 16-17 жашынан колхоздо эсепчи бригадир болуп иштеген. Себеби жаш болсо да ишти так аткарган, жоопкерчиликтүү мыкты кызматкер болгон. 1944-жылы 18 жашында Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, Воронеж шаарында №1154 аткычтар полкунда кызмат өтөгөн.

Андан соң Хабаровский, Владивосток, Волгоград шаарларын душмандардан бошотууга катышкан. 1945-жылдагы жеңишти ошол шаарда тоскон. Ошол жылы май айында Ыраакы Чыгыш Япон согушуна жөнөтүлгөн. 3 айда жеңишке жетишишип, кайра Владивостокко келген. Согуштан кийин кыйраган шаарларды кайра курууда иштеп 5 жыл аскердик кызматты өтөп, 1950-жылы жазында мекенине кайтып келген. Советтик Армияда 6 жыл кызматта болгон.

Мамасалы Джумаев согуштан кийин жеңиштин юбилейлик бир канча медалдар  менен сыйланган.1951-жылы 25 жашында үйлөнгөн. Кийин Сузак мамлекеттик камсыздандыруу мекемесинде, салык кызматында, коопсуздук бөлүмүндө, Винсовхоздогу винозаводдо бригадир болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Ардактуу эс алуу мезгилинде да чарчадым-чаалыктым дебей Дружба совхозунда зоотехник, балдар үйүндө чарба бөлүм башчысы болуп эмгектенген.

Ардагер Мамасалы ата 5 уул, 4 кыздын ардактуу атасы. Учурда 34 небере, 80 чебере, 2 кыбырасы бар. Уул-кыздарынын урмат сыйына бөлөнүп ардактуу карылыкта жашоо кечирип жатат. Мамасалы атанын уулдары былтыр 21-декабрда атасын ажылык сапарга алып чыгып, атасын мусулманчылыктагы 5 парздын бири болгон ажылык милдетин өтөтүп келишкен.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардагер Мурза ДАЛИЕВ –Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбап айылында 1925-жылдын 1-январында токойчунун үй-бүлөсүндө туулган. Ал өз айылындагы мектептен 5-класска чейин окуп билим алган. Ата-энесинен эрте ажыраган Мурза ата турмуштун оор сыноолоруна кабылып, туугандары менен бирге жашаган. 1945-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Беларусиянын 12-аткычтар полкунда аткыч болуп кызмат өтөгөн. 1945-жылдагы жеңиш күнүн Польша мамлекети менен Германия мамлекетинин чек арасында белгилеген. 1946-1947-жылдары 38-аткычтар полкунда кавалерист болуп кызмат аткарган.

Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик баскынчылардан Сталинград, Польша, Минск шаарларын коргогон жана бошотууга катышкан.

Мурза ата мекендик согуштагы каармандыгы үчүн СССРдин Коргоо министрлигинин бир нече орден, медалдарына, алкыш баракчаларына ээ болгон.

1950-жылы 29-апрелде Советтик Армиянын катарынан бошотулуп, өзү туулуп өскөн Арстанбап айылына келген. 1951-жылы Киров токой чарбасынын аарычылык бригадасында аарычы болуп 25 жыл эмгектенген. Анын турмушта 3 уул, 3 кызы бар. Учурда 60 небере, чеберелердин ардактуу чоң атасы.

Мурза Далиев Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жалал-Абад облусунун ыйгарм укуктуу өкүлүнүн жана Арстанбап айыл өкмөтүнүн жеңиш майрамына карата берилген бардык материалдык жардамдарын жана акчалай сыйлыктарын алып келет.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардагер Ормон ДАДАЖАНОВ – 1926-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында туулган. Бала кезинде мектептен билим алууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Апасы Айымтилла “Болшевик” колхозунда катардагы колхозчу болуп иштеген. Асан, Үсөн аттуу эгиз инилерин багуу үчүн Ормон ата жаштайынан бирөөлөргө жалданып иштеген. Согуш башталгандан кийин бул үй-бүлөнүн жашоосу кыйындап кеткен.

Ормон ата 1945-жылы Советтик Армиянын катарына чакыртылып, Владивостоктогу Угловая темиржол станциясында жайгашкан №1249 аскердик бөлүккө барып түшөт. Батышта Германия жеңилгенден кийин чыгышта Германиянын шериктеши болгон Японияны да биротоло талкалоо үчүн согуш башталган. Кыска мөөнөттүн ичинде Япон армиясынын үстүнөн жеңишке жетишишкен. Туткунга түшкөн Япон жоокерлери кыйраган шаарларды калыбына келтирүү иштерине тартылган. Ошол мезгилде Ормон Дадажанов конвойдо кызмат өтөгөн.

1950-жылы Ормон Дадажанов төшүнө “Японияны жеңгендиги үчүн” медалын тагынып, аскерден бошотулуп, айылына мекенге кайтып келген. Ал 1950-1980-жылдар аралыгында Масы айылындагы МТСте ширетүүчү болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин да бекер жүрбөй 1991-2012-жылдары айылындагы музейде кароол кызматында иштеген. Анын 1 уул 6 кызы, 28 небереси, 37 чебереси бар. Атанын баардык урпактары Масы айылында жашап, иштеп жатышат.

Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17