Өлкө аймактары менен кубаттуу
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
10,144 Бардыгы / Тарых жана маданият жылына карата “ӨЗ ТАРЫХЫҢДЫ МЫКТЫ БИЛСЕҢ, КЕЛЕЧЕГИҢЕ КЕҢ ЖОЛ АЧЫЛАТ” деген темада тематикалык акыл ордо билим таймашы.Максаты:а)Окуучулардын тарых сабагынан билим деңгээлин текшерүү б )Окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү менен билим деңгээлин жогорулатуу в) Окуучуларды өз мекенин сүйүүгө тарбиялооПрограммасы:1) “Тарыхты тактайлы” деген темада 20-суроо 2) “Тарых жана маданият” деген сөздөрдүн баш тамгаларына […]
10,145 Бардыгы / Тарых жана маданият жылына карата “ӨЗ ТАРЫХЫҢДЫ МЫКТЫ БИЛСЕҢ, КЕЛЕЧЕГИҢЕ КЕҢ ЖОЛ АЧЫЛАТ” деген темада тематикалык акыл ордо билим таймашы.Максаты:а)Окуучулардын тарых сабагынан билим деңгээлин текшерүү б )Окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү менен билим деңгээлин жогорулатуу в) Окуучуларды өз мекенин сүйүүгө тарбиялооПрограммасы:1) “Тарыхты тактайлы” деген темада 20-суроо 2) “Тарых жана маданият” деген сөздөрдүн баш тамгаларына […]
“ӨЗ ТАРЫХЫҢДЫ МЫКТЫ БИЛСЕҢ, КЕЛЕЧЕГИҢЕ КЕҢ ЖОЛ АЧЫЛАТ”
19.04.2017 / Автор orozalieva10,146 Бардыгы /
Тарых жана маданият жылына карата “ӨЗ ТАРЫХЫҢДЫ МЫКТЫ БИЛСЕҢ, КЕЛЕЧЕГИҢЕ КЕҢ ЖОЛ АЧЫЛАТ” деген темада тематикалык акыл ордо билим таймашы.
Максаты:а)Окуучулардын тарых сабагынан билим деңгээлин
текшерүү
б )Окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү менен билим
деңгээлин жогорулатуу
в) Окуучуларды өз мекенин сүйүүгө тарбиялоо
Программасы:
1) “Тарыхты тактайлы” деген темада 20-суроо
2) “Тарых жана маданият” деген сөздөрдүн баш тамгаларына сөз табуу
3) Кыргыздын көөнөрбөс макалдарын улап айтуу
1-тапшырма 9-класс
1)”Үркүн” деген ат менен белгилүү болгон кайгылуу окуя качан болгон?
2)Үрккөн эл кайсы жылы кайра мекенине кайтып келген?
3) Абдыкерим Сыдыковдун жетекчилиги астында качан жана кандай аталыштагы партия түзүлгөн?
4)Кыргызстанда Совет бийлигинин орношу биринчи болуп кайсы жерде, качан болгон?
5)Түркстан Республикасынын курамындагы Кыргыз Тоолуу облусун түзүү жөнүндөгү чечими качан чыккан?
6)Россия Федерациясынын курамына кирген өз алдынча Кара –Кыргыз Автономиялуу облусу болуп качан түзүлгөн?
7)Кыргыз Автономиялуу облусун Россиянын курамындагы автономиялуу республикага кайра түзүү боюнча токтом качан кабыл алынган?
8)”Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суверендүүлүгү жөнүндөгү Декларация” качан кабыл алынган?
9)”Жоогазын” революциясы качан болгон?
10) Манас эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо качан болгон?
8-класс
1)Ирдана бий Өзгөн жана Ош шаарларына качан жортуул уюштурган?
2)Кыргыздардын өз алдынча өкүмдары катарында Мухаммед Кыргыздын ысымын тарыхый булактарда канчанчы жылы аталган?
3)Атаке бий Орусияга элчилерин качан жөнөткөн?
4)Алымбек Датка мансабын канчанчы жылы алган?
5)Кыргыз жери Юань империясынын курамына канчанчы жылы өткөн?
6)Чыңгызхан канчанчы жылы Орто Азияны каратып алган?
7)Алайлык жана Ош аймагындагы кыргыздардын Кокон бийлигине каршы көтөрүлүшү качан болгон?
8)Куманжанга Датка наамын канчанчы жылы ыйгарышкан?
9) Бишкек чеби канчанчы жылы негизделген?
10) Байтик баатыр Кокондуктарга каршы канчанчы жылы көтөрүлүшкө чыккан?
2-тапшырма “Т” тамгасы
1)Адамзаттын ата – бабаларыбыздын өткөндөгүсү эмне деп аталат?
2)Астында жана үстүндө катуу сөөктүү чопкуту бар жаныбар ?
3)Адам организимин сырты чөйрөнү зыяндуу микроб бактерияларынан коргогон бөлүгү?
4)Эмне кылычтан өткүр?
5)Кыргызстан кандай өлкө?
6)Алысты жакын кылган кыз,тамакты таттуу кылган эмне?
7)Өркөчтүү жаныбардын аты?
8)Өсүмдүктү топуракка бекитип бекем кармаган орган?
9)Душман сүйдүрүп айтат, ким күйдүрүп айтат?
10) Эмнең барда таш чайна, эмнең жокто аш кайда?
“М” тамгасы
1)Кыргыздын эң көлөмдүү үч илтикке бөлүнгөн эпосу кандай аталат?
2) “Түрк тилдеринин сөздүгү”деген зор чыгармасын жазган философ ,тилчи,тарыхчы адам………..бул ким?
3)Ар дайым ар бир дасторкондун жагымдуу жана сыйлуу ичимдиги ?
4)Кайсы жаныбар этке жетпей сасык дейт?
5)Күн караманын курамында эмне көп?
6)Бир уйдун эмнеси сынса, миң уйдун эмнеси зыркырайт?
7)Эмнең катуу болсо, тапканың таттуу болот?
8)Үстүбүздөгү жыл чыгыш гороскобу боюнча кандай аталат?
9)Курулуш иштерине колдонулган металлдан жасалган буюм?
10)Адамдын дем алуу органы?
3-тапшырма Макалдарды улоо
1) Издеген табат ,……………..
2) Ийне көзүнөн сынат, …………………………..
3) Илим окуу булагы, ……………………………….
4) Акылдуу ишине ишенет, …………………………
5) Акыл көпкө жеткирет,…………………………………..
6) Ата жакшы,уул жакшы, ………………………………….
7) Ата көргөн ок жонот,……………………………..
8) Баатыр болмок маңдайдан, ………………………….
9) Баш кесмек бар, …………………………………………
10) Дүйнөдө бал таттуу эмес, …………………………….
Жыйынтыктоо:Окуучулардын акылмандыгына, сөз тапкычтыгына көңүл буруп орундарды ыйгаруу.
Дарыякан СТАМБЕКОВА, Ала-Бука районунун №28 Нурмолдо негизги мектебинин биология мугалими
Автор orozalieva
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
-
13.08.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДАГЫ АҢДАР ОҢДОЛУП-ТҮЗӨЛҮҮДӨ
-
19.08.2024 / Автор anarkan_kg ЫСЫК-КӨЛ: СЕЛДЕН УЛАМ ӨКМ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПКЕ ӨТТҮ
-
23.08.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН ТООЛУУ РАЙОНДОРУНДА СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.