Аймак

КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР

 114,035 Бардыгы /

Сабактын темасы: Карысы бардын ырысы бар
Сабактын максаты: а) Жаңы теманы терең түшүнүшөт.
б)Окуучулар турмуштагы оң-терс жагдайларга карата баамчылдык сезимдерин, көз караштарын
өнүктүрүшөт, өз алдынча ой жүгүртүүгө багыт алышат.
в) Окуучулар ата-энеге кайрымдуу болууга, аларды терең урматтоого жана сыйлоого тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар , түстүү сүрөттөр, комуз
Сабактын жүрүшү:1) Уюштуруу
2) Үй тапшырманы суроо
3)Бышыктоо
Жаңы тема:
Мугалим: Жок болсо да ак сарайым алтыным,
Бүт ааламдан бүт дүйнөдөн мен баймын.
Менин дүйнөм, менин мүлкүм байлыгым,
Ата, апа, сиздердин тирүүлүктө барлыгың.
Ата-дөөлөт, эне- таалай бала үчүн,
Кадырлоого жумша андыктан бар күчүң.
Кылбасаң да чеке тердеп алп мээнет,
Ошол болсун коомго кошкон үлүшүң.
Ата менен эне тирүү барында ,
Эң башкы ишиң жан дилиңден кадырла.
Каза тапса арзыбайт бир тыйынга ,
Сен короткон алтының да, ыйың да.
Мактай албайм үйдөй алтын жыйнасам,
Мага десең академик , аалым бол!
Ата-энеңди терең урмат кылбасаң,
Адам деген асыл наамың болот кор.
Саламатсыздарбы! Урматтуу коноктор жана окуучулар “Ата- аскалуу тоо,эне-анын боорундагы булак, бала -экөөнө тең жанып турган шам чырак ” бул ар бир инсандын жүрөгүнөн түнөк тапкан нарктуу нуска.Окуучум! ,бул нуска сенин да жүрөгүңдөн түнөк табышын каалайм.Силердин бул жарык дүйнөгө келишиңерге себепкер болгон , тарбиялап өстүргөн ата-энеңердин сүт акысын актагы.Аларга болгон урматтооңорду ширин тил менен таза эмгегиңер менен көрсөткүлө.Өмүр боюу аларга ак кызмат кылып, алардын ыраазылыгын алгыла.
“Кулактууга бир сөз” дейт элибизде. /йдөн ата-эне айтса, мектептен биз мугалимдер айтсак эстүүсү илип кетээр.
Ата-эненин балага болгон мээрими чексиз, көргөн камкордугу , келечегинен күткөн үмүтү чоң. Анда эмесе көрүнүшкө көңүл буралы
Баласы: – Ата, сиз мени чын эле жакшы көрөсүңбү?
Атасы: – Балам, менин сени канчалык деңгээлде жакшы көрөөрүмдү өзүң балалуу болгондон кийин гана данаарак түшүнөсүң!
Ошондон бери : “Балам балалуу болгондо билерсиң ” деген лакап калыптыр.
1)“Ким көрсөтсө ата-энеге урмат-сый
Эрте-кечпи ал өзүнө кайтаттыр”. деген темада көрүнүш аткарышат.
Көрүнүштө Бир үй –бүлөнүн тамактанып жаткан учуру: чоң энеси,ата-энеси жана кичинекей небере. Чоң эне тамактанып жатып идишин сындырып алат. Аны көргөн келини каарданып карганып урушуп кирет.Апасы энесине каарданып урушуп жатканда уулуна тамак ичүүгө чакырат да ,уулунун жыгач оюп жатканын көрөт. Баласынын эмне кылып жатканын сурайт.Ошондо уулу: – “Эртең силер да картайганда идиш сындырып , жаңжал чыкпасын деп силерге жыгачтан идиш жасап жатам” –деп жооп берди.
Көрүнүш боюнча талкуу жүргүзүлөт.Келген конок карыяларга да сөз берилет.
2)Окуучулар ата-эне жөнүндө макалдарды айтышат.
1.Ата-эне сыйлаган абийир табат,
Энени сыйлаган элине жагат.
2.Алты күн ачка калсаң да, атаңды сыңла.
3.Атасы үчүн баласын айыпка жыкпайт,
Баласы үчүн атасы эмнени гана укпайт.
4.Уул – тукум, жакшыбы, жаманбы- ысым чакыртат,
Кыз- кыйкым,жакшысы кадыр артырса, жөнү кепке калтыртат.
5. Ата көргөн ок жонот,
Эне көргөн тон бычат.
6.Карынын сөзүн капка сакта.
3) Турмушта ар түрдүү жагдайлар, тагдырлар кездешет.Ата-энесин бакпай карылар үйүнө жеткиргендерди ата-энесине муздак мамиле жасап жаткандарын сын алгыдан, чыгармалардан окуп, көрүп, күбө болуп жүрөсүңөр. Анда эмесе акын Болуш Керимбаевдин “Таш боорлор кандай немесиң?” деген чыгармасын 2 окуучу көркөм окуп беришет.
Ээндеп айдап кемесин,
Элимдин укпай жемесин.
Каарыптар кайрым жайына,
Жеткирди кызы энесин!
Алкаган ыйман батасын,
Агарткан кирсиз жакасын.
Карыптар кайрым жайына,
Жеткирди жигит атасын .
Бышыктоо: Окуучулар сүрөт боюнча иштешет.Өз ойлорун сүрөт боюнча айтып беришет.
Сен билесиңби? деген оюну ойнотулат. Мында окуучулар биринен экинчисине улам гүл узатышып, ата-эненин ыйыктыгын даңазалаган сөздөрдү айтышат. Мисалы:
1)Ата-энең ыйык жана ардактуу билесиңби?
2)Ал сенин эң жакын адамың, билесиңби?
3)Сен орой, ичкич, жолу болбогон адам болсоң да, сени бүт дити менен коргоп, сен үчүн сыздап өтөт, билесиңби?
4)Сен канчалык оорукчан, түрү суук, майып болсоң да , сени эч кимге алмаштырбайт, билесиңби?
5)Сенин кыйынчылыгынды мойну менен көтөрүп, кайгы касиретиңе жүрөгү канап азап чегет, билесиңби?
6)Өзүңдө болбогон кымбат буюмду сенде болсун дейт , билесинби?

/йгө тапшырма: “Карысы бардын ырысы бар” деген темада дил
баяндарды жазуу

Дарыякан СТАМБЕКОВА, Ала-бука районунун №28 Нурмолдо негизги мектебинин биология мугалими

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17