Аймак

БИР КЛЕТКАЛУУ ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ ЖАНЫБАРЛАР

 28,135 Бардыгы /

Сабактын темасы: Бир клеткалуу эң жөнөкөй жаныбарлар
Сабактын максаты:а) Жаңы теманы окуучулар терең түшүнүүгө
аракеттенишет.
Б)Алган түшүнүктөрүн бири- бири менен талкуулашып,
сүрөттөрүн тартуу менен өркүндөтүшөт.
В)Ынтымактуу,адептүү болууга тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Колдо тартылган түстүү
сүрөттөр,китеп,микроскоп,усулдук колдонмолор.
Сабактын усулу: интерактивдүү усул Сабактын жүрүшү: 1) Уюштуруу учуру
Мээге чабуул оюунун ойноо
1.1989-жыл 23-сентябрь бул күн эмнени айтып берет?
2.Көчмөндөр оюунунда кимдин куржунуна көп алтын күмүш түштү?
3.1-октябрь күнү кимдердин майрамы?
4.Кыргыз тил жөнүндө 4 сап ыр айтып бергиле?
2) /йгө берилген тапшырмаларды суроо

Окуучулар жупташып карточкалар менен иштешет. 1.Жаныбарлар жана адамдар ортосундагы байланышты айтып бергиле? 2.Эмне үчүн жаныбарлар жаратылыштын санитарлары деп аталышат?
3.Жаныбарлардын адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирген жактарын билесиңерби?
4.Азык чынжырчасын айтып бергиле?
5.Жыйынтыктоо
Жаңы тема: Балдар жаңы теманы мен доскага жазбаймын, силер сүрөттөргө карап өзүңөр теманын атын тапкыла
Бул жаныбарлар микроскоп менен гана көрүнүүчү эң майда , көзгө илешпеген жаныбарлар. Алардын денеси бир клеткадан турат. Денесин негизинен цитоплазма жана бир же бир нече ядролор түзүшөт.Дененин формасы ар түрдүү: узун, ийик жана шар сымал. Кыймылдоо, азыктануу,дем алуу , бөлүп чыгаруу, көбөйүү өңдүү тиричилик кызматтарын денесинин өзгөчө бөлүктөрү аткарат.Алар жер бетинде жана суудагы ар кандай чөйрөлөрдө: деңизде, тузсуз сууларда, көлмөдө, нымдуу топуракта, өсүмдүктөрдүн,жаныбарлардын, адамдын организминде жашашат.
Бир клеткалуу жаныбарларды 1676-жылы Антон Левенгук ачкан.Азыркы убакта эң жөнөкөйлөрдүн 3миңдей түрү белгилүү.
Бир клеткалуулардын денесинин ич жагын цитоплазма ээлейт.Ал эки катмардан турат: 1-жукараак тунук желатин сымал сырткары катмар-эндоплазма.Цитоплазмада бир же эки, же андан да көбүрөөк ядролор, ошондой эле ар түрдүү органчалар: азык эритүүчү, бөлүп чыгаруучу вакуолдор, ашыкча заттар, азыктар болот.
Жөнөкөй организмдердин негизги тайпалары:
. Инфузориялар
.Амебалар
. шапалактуулар
. Эвглена
Дем алуусу Эң жөнөкөй жаныбарлар башка көп клеткалуу жаныбарлар сыяктуу эле кычкылтек менен дем алышат. Аларга керектүү болгон кычкылтек дене каптоолору аркылуу ичине кирип, цитоплазмага өтөт да, татаал органикалык заттардын кычкылдандырып сууга, көмүр газынын жана башкам заттарга айландырылат.Бул учурда бир клеткалуу жаныбарлардын жашоосуна керек энергия бөлүп чыгат.
Көбөйүшү Эң жөнөкөйлөрдүн көбөйүшү ар кандай жолдор менен жүрөт.Көбүнчө эң жөнөкөйлөрдө бөлүнүп көбөйүү жана жыныстык жолдору менен да көбөйүшөт.
Бышыктоо: Окуучуларды төрт топко бөлүп, жөнөкөй организмдердин негизги тайпалары боюнча суроолор берилет. Мугалим 1-топко инфузориянын, 2-топко амебалардын,3-топко шапалактуулардын, 4-топко эвгленалардын сүрөттөрүн таркатып, алардын жашоо чөйрөсү жөнүндө айтып берүүнү сунуштайт.
Баалоо: Билим деңгээлине карай ,беш баллдык системада
Үйгө тапшырма: Окуп, сүрөтүн тартып келүү.


Дарыякан СТАМБЕКОВА, Ала-Бука районунун №28 Нурмолдо негизги мектебинин биология мугалими

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17