Аймак

Өмүркан НУРКАМИЛОВА, Чикагодо системалык администратор: “СТУДЕНТ КЕЗДЕ АНГЛИЯ, АКШга БАРЫП ИШТЕП КЕЛЧҮМ”

Өмүркан НУРКАМИЛОВА, Чикагодо системалык администратор: “СТУДЕНТ КЕЗДЕ АНГЛИЯ, АКШга БАРЫП ИШТЕП КЕЛЧҮМ”

 4,566 Бардыгы /

Океандын ары жагында үзүрлүү эмгектенип, ийгилик жаратып келе жаткан жаштарыбыз бир топ. Алардын бири, бүгүнкү биздин коногубуз Өмүркан айым. Ал кыргыздын салтын бекем сактап, улуттун улуугун туу туткан алдыңкы, сыймыктуу кыздарыбыздан. Улууга урмат менен кайрылып, кичүүгө сыпайы мамиле күткөн бул айым менен маегибизди сизге сунабыз. Демек, Жалал-Абаддын бир кызы – Америкада.


КААРМАН ТУУРАЛУУ
* 1980-жылдын, 21- январында туулган;
* 2007-жылы Стамбул Университетин аяктаган;
* Эртең менен 6 да туруп чай коюп, балдарын мектепке даярдайт;
* Лагманды келтире созуп, мантыны мыкты жасайт;
* Акыркы жолу Оскар Уайлддин “Дориян Грейдин портретин” окуган;
* Жети токоч бышырып, жыт чыгарууну жактырат;
* Спорт менен алектенип, йога зумбага катышат.

БИР ТУУГАНДАР ДОСТОРДОЙ ӨСТҮК
Жалал-Абад шаарында бир үйдүн улуусу болуп жөнөкөй үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келдим. Атам Абдыганы инженер технолог болсо, апам Зумрат эт комбинаттын кызматкери эле. Эки иним бар. Балалыкты эстегенде бүгүнкү күнгө чейин көз алдыман кетпегени апамдын жумушкан келаткан учуру. Анткени күнүгө куурчактын түрүн белек кылчу. Апам ыраматылык сайма сайып, шырдак шырып, чеберлик жагы бар эле. Убагында үйрөнүп калбаныма өкүнөм. Анын баардык тамактары даамдуу эле. Беш бармак, гүлчөтай, жупка,тандырга жапкан нандары, салган бозо, жармалары, дегеле бардык тамактары оозумдан кетпейт. Апам аябай акылдуу, берешен, колу ачык жана боорукер жан эле. Атам да боорукер, акылман адам. Биздин келечегибизге көп ойлонуп көп камкор көрөөр эле. Апам өтүп кеткенден кийин жети жыл жалгыз жашап күтүлбөгөн жерден доктурлардын кетирген катасынан көз жумду. Апам менен атам дагы деле тирүүдөй сезиле берет. Анткени алар бул дүйнө менен кош айтышып атканда мен жанында болбой калгам. Эгер алар тирүү болгондо мен аларды аябай ыраазы кылаар элем… Менин жетишкендиктериме күбө болушканда абдан да бактылуу болоор беле.
Гулзавера деген жакын курбу кызым бар эле. Ал менин парталашым, уялашым десем да болот. Анткени биз бир мектепте он бир жыл чогуу окуп бүтүргөнбүз. Дайыма кыялдарыбыз бир эле. Окууну бүтсөк врач болобуз деп эңсей берчү элек. Насип эмес экен курбум азыр Жалал-Абадда таанымал, чоң врач болду. Мен канчалык аракет кылсам да дарыгер болуу кыялым ишке ашпады. Ал тургай Туркияда экономика бөлүмүн окуп бүтүргөндөн кийин да медицина тармагына окууга аракет кылдым. Бирок үй-бүлө, убакыт тардыгынан ишке ашпады.
Эки иним бар дебедимби, алар менен удаа болгондуктан бир туугандай эмес, достордой чоңойдук десем болот. Эртеден кечке оюн ойноп убакыт өткөрчүбүз. Ал кезде компьютер, интернет деген жок болгондуктан короодо суу ойноп, кышында көк муштум болуп жылгаяк тээп оюндун планын толтурчубуз. Инилерим көп суу ойной бергендигинен бир жолу аларды коркутканы аракет кылдым. Анткени менин тамашам дайыма ишке ашчу. Бала да, мага аябай ишенишээр эле. Бир жолу эшикте шланга менен бири бирине муздак суу чачып ойноп жатышкан. Оюма бир пикир келди, чуркап барып “шландын аркы башынан башкача бир көз көрдүм” десем коркуп суу ойнобой калышкан.
Биринчи жолу кесме жасагам, окшошпой калса да өзүмө жаккан. Анткени аябай даамдуу болгон эле. Кайра-кайра үйдөгүлөргө жегизип чыккам. Кийинчерээк тамак жасоо жоопкерчилиги мага өттү. Ал эми үй жыйнаганда инилерим жардам бергени аракет кылып турушчу. Чет элге кеткенде да инилеримди көпкө сагынып кыжаалат боло берчүм. Өзүм окуп жүрсөм да иштеп, топтогон акчаларымды ата-энеме айтпай аларга салып турчумун.

Өмүркан НУРКАМИЛОВА, Чикагодо системалык администратор: “СТУДЕНТ КЕЗДЕ АНГЛИЯ, АКШга БАРЫП ИШТЕП КЕЛЧҮМ”

ЖЫЛДЫЗДАРДАН ТИЛЕНЭЭР ЭЛЕМ
Жалал-Абаддагы №9-орто мектебин бүтүргөм. Аттестаттык колго алганыма быйыл туура 20 жыл болот экен. Мектепте жалаң беш деген баага окудум. Айрыкча кыргыз тили, адабият сабактарын жакшы көрчүм. Ошондон улам го дил баян жазууда, көркөм айтууда, монолог окуганда майын чыгарчу элем. Ал эми химия, биология сабактарында ар кандай лабораториялык изилдөө процесстерин жүргүзөт эмеспи, аларды ошон үчүн жактырчумун. Сүрөт тартууда да өнөрүм бар эле. Музыкадан ырдап, дене тарбия сабагынан да активдүү болдум. Өспүрүм куракта өткөөл учур мен үчүн өтө кызыктуу өттү. Ал кезде көп кыялданаар элем. Анда дайыма алыс жактарга уча берчүм. Бийик-бийик имараттары бар, өнүккөн мамлекетте жашоону эңсейт элем. Кыялыма жетсем деп жылдыздарды карап тилей берчүм. Кудайга шүгүр, азыр ошондогу тилеген максаттарымдын баары эле ишке ашып жатат деп ойлойм.

Өмүркан НУРКАМИЛОВА, Чикагодо системалык администратор: “СТУДЕНТ КЕЗДЕ АНГЛИЯ, АКШга БАРЫП ИШТЕП КЕЛЧҮМ”

ТУРКИЯГА ОЙДО ЖОК ЖЕРДЕН КЕТТИМ
Алгач Жалал-Абаддагы коммерциялык институтуна окууга тапшырдым. Ал күндөрү Стамбулга окууга барам деп такыр ойлогон эмесмин. Анда аны башынан айтып берсем. Институтта бир жыл бою түрк тилин окутат эмеспи. Экзамендерден эң жакшы бааларды алып жаттым. Ошентип тилди өздөштүргөн соң түрк тилинде башка предметтерди алып окуп баштадым. Канчалык тырышып окусам да саясат, экономика сабактарын түркчө окуу оңойго турбады. Ошончо даярдансам да жакшы баа ала албай турганыма көзүм жетти. Өмүрүмдө биринчи жолу кагазга жазып алып, аны көчүрүүгө аракет кылдым. Бирок ишке ашпады. Агайыма кармалып калдым. Анда шпаргалка менен кармалгандарды аты жөнүн жазып дубалга илип, уят кылчу. Мен ошону элестеттим. Намыстандым. Агайым колумдагы көчүрмөнү канчалык алганы аракет кылса да бербедим. Анан ага сабакты аракет кылып окусам да түшүнбөй жатканымды жана айласыз ушул жолго барганымы айттым. Ал мени туура түшүндү. Кошумча сабак алууну сунуштады. Ошентип ар күнү сабактан кийин калып суукта олтуруп окуп жаткан тырышчаактыгымды байкаган агайым мени Туркияда окууга үндөдү. Мен да кызыгып, баруу жолдорун изилдей баштадым. Ошто ар жылы студенттерди экзамен аркылуу тандоо жүргүзөөрүн билип мен да өз күчүмдү сынап көрүүнү чечтим. Бешенеме жазылган экен, өтүп калып Стамбулду көздөй сапар алдым.

ЖАМГЫРДА КУЛПУНАЙ ТЕРИП…
Ошентип 1998-жылы Стамбулга барганда аэропортто жоголуп кетчүдөй корктум. Анан ар жак бер жакты карап имараттын кооздугуна, тазалыгына жана чоңдугуна таң калдым. Бул менин алгачкы чет өлкөгө чыгуу тажрыйбам эле. Тоолуу, сулуу кыргыз жеринен адырлуу, жолдору түз эмес жерге түшүп калганыма алгач көнө албай кыйналдым. Ал жерде тааныбаган адамдар менен жашап, алардын тамагын жеп, маданиятын үйрөнүү мен үчүн абдан эле кыйын болду. Жарым жыл үйдү сагынып кетким келип жүрдүм. Эстеген сайын көзүмөн жаш агып кетчү. Күндөр өтө берди, мен алардын каада салтын, тамактарын үйрөндүм. Дос-тааныш күттүм. Алардын өзгөчө эртең мененки тамактануусу мени абдан таасирлентти. Кичи пейилдүүлүк, жароокерлик, жада калса курбуңа деле жаным деп кайрылуу сыяктуу жаңы адаттар менде да калыптанды. Арадан канча жыл өтүп Туркия биздин экинчи мекенибиздей болуп, Кыргызстанга барганда тескерисинче ал жакты сагына берчү болдум.
Студент кезимде “Euro tech” экспорт компаниясында менеджер болуп иштеп эмгек жолумду баштадым. Алгачкы алган маянамды тамак ашка жана окуума короттум. Кийинчерээк эс алуу айларында 2001-жылдан Англияга, 2003-жылдан тарта Америкага барып иштеп келчү болдум. Жамгырда кулпунай терип катуу суу болгон күндөр эске түшө берет. Чарчаганымдан жумуш учурунда тыныгууга кетип калып сөз угуп калчум. Ошентип Стамбул университетинин экономика адистигин аяктап, кайра эле аспирантурага тапшырып Туркияда калдым. Америкада компьютер, технология жаатында көбүрөөк жумуш болгондуктан мен да линукс программасын үйрөнүп, бүгүнкү күндө систем администратору болуп эмгектенип жатам.

Өмүркан НУРКАМИЛОВА, Чикагодо системалык администратор: “СТУДЕНТ КЕЗДЕ АНГЛИЯ, АКШга БАРЫП ИШТЕП КЕЛЧҮМ”

БАЛДАРЫМ МЭЭРИМДҮҮ БОЛООРУНА ИШЕНЕМ
“Турмушка чыгуу убактысы келди” деп атам айта берчү болду. Негизи жаш кезде сөз айткан жигиттер көп болгон. Арасынан жолдошум Тимурду тандадым. Анын жөнөкөйлүгүн, боорукерлигин, ак көңүлдүгүн жактыргам. Ишенчээктиги менен колу ачыктыктыгын азыркыга чейин оңдой албай келем. Экөөбүз 2006 -жылы 14- февраль күнү Туркиядан Кыргызстанга баратканда учакта таанышып калдык. Чогуу отуруп калыптырбыз. Кыз-жигит болуп жүргөндө романтикалуу күндөр көп болду. Ал кездерде түйшүк жок да. 2007-жылдын 14-февралында Кара-Көл шаарынын келини болдум. Ошондо биринчи жолу жолдошумдун үйүнө барганда “Карагулова” атындагы көлгө, ак мөңгүлүү тоолоруна ашык болуп балкондон чыкканда эле көз албай карай берчүм. Кыз-жигит кезде өзүбүз үчүн жашаган болсок азыр балдарыбызды ойлоп, алардын келечеги жаркын болуусу үчүн колдон келген аракетибизди жумшап келебиз. “Балалуу болгондо сүйүү бүтүп калат же балдарга өтүп кетет” дегенге мен такыр ишенбейм. Анткени биздин бири бирибизге болгон мамилебиз дагы да күчөп, сүйүүбүз өчпөй жашап келет.
Уулум Алихан Туркияда төрөлдү, сегиз жашта. Чикагодогу Белл мектебинде окуйт. Азамат жана Роберт деген жакын достору да бар. Алар менен эртеден кечке бирге болсо да такыр оюнга тойбойт. Кызым Айбийке 2 жашта. Периштебиз түрдүү кылыктары менен жашообузду көрккө бөлөп турган чагы. Ага кыргызча үйрөтүп, кыргызча сүйлөөсүнө канча аракет кылсак да бизге англисче сөздөрдү айтып келип тан калтырып, күлдүрүп турат. Демейде кыргызча сүйлөй бербеген кызым чүчкүрсөң “Ак чүч!” деп койгону боорду эзет. Акеси сабакка жөнөп атса мен да барам деп сумкаларын артынып, ээрчий берет. Балдарыбызды кичи пейилдүүлүккө, сылык болууга, сабактарын жакшы окууга жана өздөрүн спорт жана искусство тармагынан өнүктүрүүгө тарбиялап келебиз. Дем алыш күндөрү калтырбай кыргыз тил ийримине барышат. Андан сырткары кыргыз бийин да үйрөнүшөт. Кыргызстанда ар жылы балдар жайкы эс алууга чыкканда барып турабыз.

Өмүркан НУРКАМИЛОВА, Чикагодо системалык администратор: “СТУДЕНТ КЕЗДЕ АНГЛИЯ, АКШга БАРЫП ИШТЕП КЕЛЧҮМ”

АМЕРИКАДА КЫРГЫЗ АЙЫЛЫ КУРУЛАТ
АКШга жашыл карта утуп алып барып калдык. Бул жакка келгенибизге жакында сегиз жыл болот. Америкада ар улут өзүнүн салтын карманат. Жада калса айыл айыл болуп бир уруу бир жерде чогуу жашайт. Мисалы Чикагодо Девон деген көчө бар. Ал жерди көбүнчө Индиялыктар ээлеп алган үчүн Индиялыктардын айылы деп аталып калган. Ал көчөдө жалаң гана индиялыктардын кийим кечеси, тамак ашы жана колдонгон буюмдарын саткан дүкөндөр бар. Кыргыздар да кем калышпай өзүбүзгө айылды курабыз дешип кол топтоодо. Кыргыздардын саны жылдан жылга өсүүдө. Биз жаңы келген учурда беш жүзгө жакын эле кыргыз болуп бири бирибизди жакшы тааныйт элек. Азыр болсо беш миңдей эл болуп кээде жолдон же автобустан көрүп калсак саламдашпай эле өтүп кетчү да болдук. Ата салтын улантып Америкада жашасак да чогулуп алып жылкы союп, чучук жасап, максым, бозо суусундуктарынан бери өзүбүз жасап ичебиз. Ал эми кээ бир жаштардын ата-энелери болсо балдарына жардам болсун деп үйдө бекер отурбай бозо салып сатып же болбосо бала карап оокат кылып келишет.
Учурда жолдошум экөөбүз тең технология тармагында иштеп жатабыз. Менимче, ар бир жаш сөзсүз бир жолу болсо да чет өлкөгө барып келиши керек. Себеби, ата-эне баркын алыска чыкканда билесиң дейт эмеспи. Ошондой эле окуп билим алып, иштеп, эл – жер көрүп ата- энесине кайтып келүү керек деп ойлойм.

Өмүркан НУРКАМИЛОВА, Чикагодо системалык администратор: “СТУДЕНТ КЕЗДЕ АНГЛИЯ, АКШга БАРЫП ИШТЕП КЕЛЧҮМ”

 

 

 

 

 

 

 

Гулмайрам САБИРБЕКОВА

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17