Аймак

Асылбек Өзүбеков: “ЭНЕРГИЯМДЫ ТӨГҮП ТУРЧУ КЕЗИМ, ОЛТУРУП КАЛЧУ УЧУР ДА КЕЛЭЭР”

Асылбек Өзүбеков: “ЭНЕРГИЯМДЫ ТӨГҮП ТУРЧУ КЕЗИМ, ОЛТУРУП КАЛЧУ УЧУР ДА КЕЛЭЭР”

 3,016 Бардыгы /

Кер мурут актёр, ырчы, обончу, тамада жана “Боз Салкындагы” Асеманын атасы. Бул ким? Албетте ал “муңдуу ырлардын рыцары” атка конгон Асылбек Өзүбеков. Анын “Мен өрттөнүп барам”, “Фаридам”, “Кош жылдыз”, “Ышкырык”, “Эски достор” жана башка өлбөс өчпөс улуу чыгармалары элдин көкүрөгүнөн түнөк тапкан. Мындай көп кырдуу таланттын Жалал-Абадка чыгармачылык сапар менен келип калганынан пайдаланып, кепке тарттык.

Туулган жылы, күнү – 1958-жыл, 1-март
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Тору-Айгыр айылы
Жалпысынан – 35ке жакын обон жараткан.
Бүгүнкүгө чейин – 20га чукул тасмага тартылган.
Театрда жараткан ролдору – «Мен күндү көрүп турам», «Күттүргөн жаз да келер», «Биздин үйдүн Карлсону» жана башкалар.

ЭЖЕМ ЭКӨӨБҮЗ ЖУЛМАЛАШЫП ӨСТҮК
Балалыгым айылда өттү. Жылаңайлак, көчөнүн чаңын сапырып, ызы-чуу түшкөн. Оюнга канбай, ботала-шатала болуп жүргөн күндөр көз алдыма келип турат азыр. “Жашынмак” ойноп, “так-так” деп жыгач мылтык менен атышып, “чики” чаап, “чүкө” аткан күндөй ай!
Айылда чоңойгондор жакшы түшүнөт, удаа өскөн бир туугандардын кандай “ынтымактуу” болорун. Жулмалашып мушташып, кайра табышып. Бири жок болсо экинчиси издеп, бат эле сагынышып. Биз да Жеңишгүл эжем экөөбүз удаа өстүк. Менден үч жаш улуу, дүңкүлдөгөн, толугунан келген кыз болчу. Мен илмийген арык бала элем. Анан баягы улуулук кылып карап коёюн десе керек. Бир күнү “ай колуңдун кирин карачы. Келе тырмагың да өсүп кетиптир, алып бере коёюнчу” деди. Анан бир убакты тыз эле дей түштү. Карасам тырмагымдын жарымын, аны менен кошо астындагы этин кесип салыптыр. Өкүрүп бакырып, тепкилешип эле кырылышып жатып калдык. Анан дагы бир күн “ай чачың өсүп калыптыр, кел кыркайын” деди. Ал убакты төбөбүзгө чүпчүк деп койчубуз, ошону коюп туруп анан калган тегерегинин баарын кесип койчу. Ошол чокчойгон чачыбызды кайрып жүрчүбүз. Бир кезде “бүттү” деди. Күзгүнү алып карасам катыгүн ай, баягы чүпчүк кыйгачынан кесилип турат. Бул эмне кылганың деп бакырсам “ай сен колуң менен кайрып жүрбөйсүң, сени убара болуп жүрбөсүн деп кыйгачынан кесип койдум” дейт. Дагы тытыштык.

МЕКТЕПТЕН КАЧАМ ДЕП

4-класска барганда апам “Келечегине бир пайдасы тиер, балам билим алсын, окусун. Эли-жерди, шаарды көрсүн” деп ойлосо керек Фрунзедеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак-мектепке алып келди. Мени ырдатып, үнүмдү текшерип, талантымды байкап «комуз бөлүмүнө алабыз» дешти. Мен болсо аккордеон бөлүмүнө окугум келет. Анан бирдеме болуп таптакыр башка эле “Кларнет” деген үйлөмө аспапта окуп калдым.
Баламын, айылды сагынам. Кетким келет. Качып кетсемби дейм. Апам болбой “окуйсуң!” деп коёт. Негизи эле турмуш жолумдун түптөлүшүнө ал киши туура багыт берген. Тагдырымдын ушул жакка бурулушуна өзгөчө салым кошуп, эң туура кылган экен. Ошентип мектепте орто окудум. Адабият, тарых, кол эмгекти жакшы көрчүм. Бирок тиги математика, физика, химия сабактарын такыр түшүнчү эмесмин, чын айтайын.
Анан 8-классты бүтүп айылга барып калдым. Жыргал экен. Классташтарым жүрөт, кыздардын баары бой жеткен. 15-16 жашка келип көөп калган кезибиз. Арткы партада отуруп алып, Сүйүн деген кыздын чачынан тартып тийишер элем. Биздин учурда азыркыдай телефон деген түшүнүк жок болчу. Биз кыздарды кат жазуу менен кайырмакка илип алчубуз.
Бирок, биз оюнду эле эмес, эмгекти да билип өстүк. Колхозго жардам беребиз деп түзүлгөн өндүрүштүк бригадабыз бар болчу. Кой кыркымга барчубуз, чөптү чөмөлө кылып, пресстечүбүз. Жайлоого барып козуларга дары беребиз. Ошентип айына 30-40 рублдей акча таап койчу элек. Кийин жакшы иштегенибиз үчүн колхоз бизди Алма-Атага экскурсияга алып барган. Эң эле жакын досторуң да мектептеги классташтарың болот экен. Аларды баёо, таза сезим менен тааныйсың ошол кирсиз бойдон калат тура.

СТУДЕНТТИК КҮНДӨР УКМУШТАЙ КЫЗЫК ӨТТҮ

10-класста окууну бүтүп аттестаты алдым. Анан алыс кетпей баягы классташым Сүйүн менен кол кармаштым. Карачы, мен 10-классты бүткөн жылы Ташкенттеги театралдык окуу жайына өнөрлүү студенттерди издеп жатышкан экен. Бешенеме жазылган турбайбы экзамен тапшырып, окууга өтүп кеттим. Келинчегим Кыргызстанда калды.
Жыйырмадай кыргыз бир тайпабыз, абдан тентек элек. Жок жерден бир нерсе ойлоп таап курсак тойгуза калчубуз. 30 мүнөттүк танаписте староста журнал менен калем сап алып, аны биз коштоп ар бир тайпадан акча чогултабыз. Кабакты бүркөп алып «Вьетнамга жардам бериш керек, согуштан кийин алар кыйналып жатышат, ким канча бере алат?» деп ар бир аудиторияга кирип чыкчубуз. Анан алар «майли, ака» дешип чөнтөктөрүнөн акча чыгарышат. Биз зерикпей аларды ишендириш үчүн журналга фамилияларын, канча акча бергенин жазып, кол койдуруп алабыз.
Сабак бүткөндөн кийин чайканага барып лагман жеп, сыра ичип курсакты кампайтар элек.
Студент кезде Өзбекстандын пахтасын өкүртө тердик го, чиркин. Колдорубуз чор болуп кетчү. Кыргыздар жалкоолонуп анын да жолун табабыз. Түндө баары уктап жатканда даяр терилген пахталарды талаага алып барып катабыз. Эртеӊ менен бизди мугалимдер талаага алып барышат. Биз иштебей, катып койгон пахтабыздын үстүндө уктайбыз. Анан кечинде уурдаган пахтаны план деп өткөрүп койчубуз.

БАЗАР ЭКОНОМИКАСЫ СООДАГЕР КЫЛДЫ

Актёрлук кесипти жакшы эле окуп келдим. Кыргыз-улуттук драма театрга кабыл алындым. Ал жакта он жылдай өңчөй залкарлар менен иштедим. Алардан укмуштай таалим тарбия алып чыккам. Көп нерсе үйрөндүм десем болот. Менин тушоомдун кесилишине, чыгармачылыгымдын түптөлүшү ушул кыргыз драма театрындагы залкарлардын орду чоң. Аларын ар бири жөнүндө айта берсем жомок.
Анан 1990-жылы андан дагы катуу иштегибиз келип Жамал Сейдакматова эже менен пикирлештер чогулуп “Тунгуч” театрын түптөдүк. Аны эл жакшы билет. Көп өтпөй Союз тарады. Алгачкы жылдары Кыргызстан үчүн, анын ичинде чыгармачыл инсандар үчүн чоң кризис башталды. Биз өнөр адамдары аябай кыйналып калдык. Анткени базар экономикасына даяр эмес болчубуз. Шалдырап олтуруп калдык. Эмне кылып болсо да үй-бүлөнү багыш керек болду. Ошондо бир Москвичим бар эле. Аны менен түндөп такси кылам. Айылдан эт ташып саткан күндөр болду. Мен жумуртка алып келинчегиме жеткирем, ал базарда олтуруп соода кылат. Деги койчу бөтөлкө чогулткан, нан саткан… Баарын жасап көрдүк. Базар экономикасы калчап койду, бизде андай соодага жөндөм да жок экен.
1994-жылдан тартып кайра Тунгучтагылар чогулуп өзүбүз чоң концерттик программалар чыга баштадык. Фестивалдарга катышып, «Туӊгуч» дүӊ деп эле жатып калды. «Келгилечи, күлөлү», «8-шар», «Күлкүлятор» өӊдүү телевизиондук долбоорлорду жасадык. Спектакль, концерт коюп Германияга, Мисирге, Колумбияга чейин бардык.
Эптеп жан талашып телчигип жүрүп, буйруса чой деңгээлге чыгып алдык. 1995-жылдан бери көк бөрү оюнунун баяндоочусу болуп келем. Көк бөрү мен үчүн эрендердин эр оюну. Кыргызстанда көп жакшы жылкылар бар, мисалы мага Марадонна деген ат өллө жакчу.

МЕНИН БАЙЛЫГЫМ…
Мен эми профессионал актёрмун. Кино, сахна, ТВ, концерттер бул биздин дайыма иштеп тура турган жумушубуз. Наам алууга кызыкпаймын. Ансыз деле эл мени бура бастырбайт. Эмгегим менен элимдин жүрөгүнөн түнөк тапкам. Ал эми наам эмне бул бир кошумча эле келе жаткан бир нерсе. Сени эл таанып, эл колдоп турса, элдин берген наамынан өткөн наам жок.
Кудайга шүгүр, 1985-жылдан баштап тикемден тике туруп той башкарам. Элимдин жакшылыгына кызмат кылып, ушул Жалал-Абадка чейин келип тамадалык кылган учурлар болот.
Бала кезден эле энергиям ашып ташып турчу. Анын үстүнө биздин кесип чыгармачылык болгондон кийин, ушундай да. Олтуруп калган учур да келет.
Ал эми байлыгым деп жакындарымдын амандыгын, элимдеги тынччылыкты, эң негизгиси ички дүйнөмдү айта алам. Төрт балам бар, алар менин теңдешсиз байлыгым. Дээрибизден чыгармачыл адамдардын 90 пайызы байлыкка умтулбайт. Бизде жан дүйнөбүздүн байлыгы басымдуулук кылат.
Мен өмүр жолумдун 59-чакырымына жеттим. Бул жолдо мен жыгылдым, тайгаландым, сыйгаландым, кайра турдум. Ушул жолдо чуркадым, безилдедим, жаңылдым-жаздым. Жакшы-жаман адамдарга жолуктум, суугу да, кызыгы да, жаштыгы да, мастыгы да болду.

АТАМ ӨМҮРДӨН ЖАШ КЕТТИ
Атамдын аты Аваз, апамдыкы Роза. Ата-энем биз кичине кезибизде эле ажырашып кетишкен. Апам жалгыз төртөөбүздү тарбиялап өстүрдү, «атаӊарга баргыла» деп айта берчү. Экөө бир айылдан болчу. Өзүм ата болгондо атанын кадырын түшүнүп, келинчегим экөөбүз барып катышып калдык. Ал башка аялы менен жашачу. Бирок балдары жок эле. «Биринчи балаӊарды берсеӊер мен багып алайын» дегенинен макул болдум. Ага жетпей, 51 жашында каза болуп калды. Анда атам мага картаӊ чалдай сезилчү. Азыр ал кишинин толуп турган кезинде каза болгонун түшүнөм. Апам болсо 2014-жылы 78 жаш кезинде өтүп кетти. Апабыз канатына калкалап багып окутуп, бүт баарыбызды ушул эрезеге жеткирди. Биз төрт бир тууганбыз. Эжем Жеңишгүл акын, драматург. Менден кийинки иним Аманбек коргоо министрлигинде эмгектенип полковникке жетип эс алууга чыккан. Иним Анарбек ата журтту карап, айылда үйдө оокатын кылып жатат.
Апамдын баардык нерсесин сагынам, бул кусалыкты сагынычты эстегенде жүрөгүм зырп этет. Тамакты укмуш жасачу, ыраматылык. Апам өзү мыкты ырдачу, күчтүү кошокчу, тамашакөй жан эле. Мага чыгармачылык апамдан өткөн.

Гулмайрам Сабирбекова, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17